Жайкы кɵз макияжы

 

Көк тенди Бир аз акцент жасоо үчүн кирпиктердин сызыгын бойлото колдонсо болот. Кечки макияжда алар алтын түстөгү кайал карандаш менен жакшы айкалышат: ички бурчтарын алтын түстөгү тень менен бөлүп көрсөтсɵңүз көзүңүз тендин контрастында жаркырап турат.


Эгерде сиз негизги түс катары алтын түстөгү тенди колдонсоңуз, анда көк кайал карандашы менен кɵздүн былжыр челин боёсоңуз укмуштуудай көрүнөт. Макияждын экстраваганттуу варианты үчүн, алтын тендин үстүнө жашыл жебе тартсаңыз болот.

 


Кызгылт тень менен үстүнкү кабакты гана боёп, ошондой эле кара же күрөң карандаш менен былжыр челди жакшылап боёп, кирпиктердин калың боёп койсоңуз, кызгылт түс ыйлагандай же чарчагандай эффект жаратпайт. Алдыңкы кабакка кызгылт көлөкөлөрдү колдонбостон, жылуураак түс менен алмаштыруу жакшы.

 

Шабдалы түстүү тень баарына ылайыктуу, бирок алар көздүн муздак түстөрүндө (боз, көк) эң жакшы көрүнөт.

 


 

Күмүш түс классикалык жалтырабаган боз менен айкалышкан кече үчүн идеалдуу болот. Кийим-кече же аксессуарлар дагы муздак боз түскө ээ болушу маанилүү. Ошондо бүтүн образ гармониялуу көрүнөт.


Күңүрт түстөрдү терең жайгашкан көздөрдө этияттык менен колдонуу керек, ал эми көзүңүз бадырайып турса жана кара түскө ээ болсо, кыймылдуу кабакка бардык кара өңдөрдү колдоно берсе болот. Алдыңкы кабакка ɵтɵ кɵп кара түстɵрдү колдонбогонуңуз жакшы.