Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Ийгиликтүү адамдардын реалдуу тарыхтары

Орифлэйм Компаниясы – идеалдуу өнөктөш, ал сиздин жашоодогу кыялдарды иш жүзүнө ашырууга жардам берет. Бул сиздин ким экендигиңиз, кайда жашаарыңыз жана эмне тууралуу кыяланданасыз - булардын эч кандай мааниси жок - биз муну 45 жылдан бери ийгиликтүү аткарып келе жаткандыктан, сиздин кыялдардын орундалышына жардам беребиз. Орифлэймдин ийгиликтүү адамдарынын реалдуу тарыхтары менен таанышып чыгыңыз!

Маматкулова Жумагуль жана Джуманазаров Адилбек,  Бишкек ш.

 

Мен  18 жыл мектепте  жогорку категориядагы мугалим болуп иштедим, химия боюнча окуу китептерин иштеп чыккам, бир нече долбоорлордо кошумча иштегем, сүйүктүү күйөөм, балдарым, кооз сонун үйүм бар болчу. Мени ар дайым алар жаңы тажрыйба, билим алууга, өз жашооңду жана өзүңө жакын адамдардын жашоосун өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү кошумча мүмкүнчүлүктөр кызыктырып келген. Ошентип мен  Oriflame компаниясынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билдим, жана Орифлэйм - бул шанс, мен үчүн жана мага жакын адамдардын жашоосун өзгөртүүгө карата шанс экенин түшүндүм.

Менин тарыхым менин кесиптештериме каталогдорду көрсөтүүдөн  башталган, алар кубануу менен аларды кызыктырган продукцияларды тандап алып турушкан. Андан кийин мен досторумду менин командама кошулууга жана бирге ийгиликтүу бизнес курууга чакыра баштадым.  Орифлэйм менен бирге чет өлкөгө менин алгачкы сапарыма мен иштеп баштагандан алты айдан кийин бардым. Мен башка  дүйнөнү, Компаниянын иш-чараларынын масштабын көрдүм. Үйгө кайткандан кийин мен жумуштан бошонууну жана бардык убакытымды Орифлэйм менен бирге өз бизнесимди түзүүгө жумшоону чечтим. Ошондон бери Компания менен  бүт үй-бүлөм менен биргелешип кызматташып келе жатабыз, балдарым чет өлкөдөн билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындагы бардык сонун нерселер, бул Орифлэймдин  жардамы менен үй-бүлөлүк бизнести курууга карата мүмкүнчүлүктө. 

Пакырова Кулипа, г. Бишкек

 
 
 
 
  
 

 

Бир кезде Кыргызстандын Ош шаарында «Жылдын мугалими » наамын алгам; ал эми бүгүнкү күндө мен ийгиликтүү ишкер жана Орифлэйм компаниясынын өнөктөшүмүн. Мурда мугалим болуп иштеп жүргөн кездеги алган билимим жана тажрыйбам Орифлэйм менен бизнес куруу учурунда мага абдан пайдалуу болду. Мен мугалимдин кирешеси менин кыялдарымды ишке ашырууга мүмкүндүк бербей тургандыгын, толук жакшы жашоого акча жетпей тургандыгын түшүнгөндөн кийин Орифлэйм компаниясы аларды сунуш кылган мүмкүнчүлүктөргө көңүлүмдү бурдум, ошондо анда иштеп көрүүнү чечтим. Өзүмдүн досторумду жана тааныштарымды чакырдым, сунуштоо ыкмасын колдондум. Бир жылдан кийин мен Ош шаарынан жаңы 3 бөлмөлүү батир сатып алдым, бул менин ийгиликтүү боло ала турганымдын далили болду. Мен өзүмө ишендим, Oriflameге ишендим, менин натыйжам жана менин ишенимим, менин Командама үлгү болду. Орифлэйм менен бирге мен көптөгөн өлкөлөрдө жана шаарларда болдум, менин өзүмдүн жашоомду жана менин Командамдагы адамдардын жашоосун өзгөрттүм. Мен өзүмдүн жасаган ишим менен сыймыктанам жана мен бизнеске чакырган ар бир адамга ишенем. .

SEVINÇ - EVREN UYANIK – Түркиядан Аткаруучу Бриллиант Директорлор

 

NGUYEN DANG YEN – Вьетнамдан Сапфир Аткаруучу Директор