Ах, жаз, сен ушунчалык коозсуң! Кышкы кийимдерди катып, жүзүбүздө жылуу күн нурларын сезип, кайрадан жанданып жаткан жаратылыштын көрүнүштөрүнөн жана үндөрүнөн ырахат алууга убакыт келди. Бирок териң буга даярбы? Ромашканыкындай сергектикти камсыздоо үчүн эмне кылуу керектигин билүү үчүн окууну улант.
1.Териңизди пилингдин жардамы менен тазалаңыз
Эски менен кош айтышып, жаңыны тосуп ал! Жаз дал ушуну билдирет жана териге да ушундай мамиле кылса болот. Сиз мүмкүн байкагандай эле кыштын катаал аба ырайы териңизге терс таасирин тийгизип, аны кургатып, түлөтүп, күңүрт түс бериши мүмкүн. Бирок эгер сиз мезгил арасында аптасына эки жолу пилинг жасап турсаңыз, бул күндөр артта калат!Биз буларды сунуштайбыз: Novage Skin Renewing Peel.
2.Териңизди нымдандырыңыз
Жылдын бул мезгилинде териңиз кошумча нымдандырууну талап кылышы мүмкүн болгондуктан, теиңизге кам көрүүңүз жогорку деңгээлде экенине ынанууңуз маанилүү. Бул тазалоочу каражат, көзгө арналган крем жана сывороткадан тышкары сиз күн ичинде териңиздин нымданып туруусун сактоо үчүн сапаттуу күндүзгү кремин жана уйку учурунда териңизди калыбына келтирүү үчүн, түнкү кремди колдонууңуз керек экенин билдирет. Ошондой эле күн ичинде жетиштүү суу ичүү менен териңизди ичинен нымдандырып турууну унутпаңыз.
Биз буларды сунуштайбыз: Waunt Super Recover Whipped Day Cream жана Optimals Hydra Radiance Night Cream.
3.Териңизди коргоңуз
Зыяндуу УФ нурларынан коргонуу үчүн аба ырайына карабастан жыл бою күндөн коргоочу кремди колдонуу сунушталат. Бирок эгер сиз акыркы убакта мынчалык ыкластуу болбосоңуз, анда ал кремди косметика салгычыңыздан алып чыгууга убакыт келди. Жазгы күн айлар бою күндүн чектелген таасиринен кийин организм үчүн шок жаратышы мүмкүн болгондуктан, күн сайын үйдөн чыгардан мурда жогорку SPFи бар күндөн коргоочу кремди колдонуп жатканыңызга ынаныңыз. Ошондой эле кыш мезгили аяктагыча күндөн коргоочу кремиңиздин жарамдуулук мөөнөтү аяктабагандыгын текшерип коюңуз! Биз буларды сунуштайбыз: Novage Day Shield SPF50 UVA/PA++++ Advanced Skin Protector.
4. Рационуңузду жакшыртыңыз
Узакка созулган кышкы уйку апталарынан кийин классикалык диета капкандарына түшүү оңой, бирок жаз — баарын өзгөртүү убактысы. Кабатыр болбоңуз, күн сайын салат жеп баштооңуздун кереги жок! Болгону баланстуу тамактанууну сактоого аракет кылып, кара моюл, авокадо жана күңүрт түстүү жалбырактуу жер-жемиштер сыяктуу антиоксиданттарга бай азыктарды рационуңузга кошуу менен териңизге жардам бериңиз. Эркин радикалдардын ашыкча болушу териңизге зыян келтириши мүмкүн, ал эми антиоксиданттар — алардын терс таасирин нейтралдаштырып, териңиздин сергек болуп, жаркырап көрүнүшүнө жардам берет.
Биз муну сунуштайбыз: Wellosophy Astaxanthin & Bilberry Extract.
5. Бет маскасын колдонуңуз
Ар кимдин териси ар башкача жана анын абалы мезгилден мезгилге өткөн сайын бир кыйла өзгөрүшү мүмкүн. Эгер мурдагы көйгөйүңүз теринин кургоосу болсо, күндүн жылышы менекн териңиз майлуу болуп бара жкатканын сезишиңиз мүмкүн. Кандай болсо да, бул күтүлбөгөн өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүнүн мыкты ыкмасы сиздин конкреттүү көйгөйлөрүңүздү чече турган бетке арналган кам көрүүчү масканы колдонуу болуп саналат. Адатынча алар жогорку концентрациялуу ингредиенттерге толгон жана териңиз мыкты көрүнүшү үчүн мыкты каражат болот.
Биз буларды сунуштайбыз: Novage ProCeuticals Niacinamide & Cica Bio-Cellulose Sheet Mask и Optimals Moisture Quenching Face Mask.
Биз буларды сунуштайбыз: Novage ProCeuticals Niacinamide & Cica Bio-Cellulose Sheet Mask и Optimals Moisture Quenching Face Mask.
Өнүмдөрдү сатып алуу