КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕТ
Орифлэймдин кайрымдуулук программалары жыл сайын дүйнөдөгү эң аялуу адамдарга жардам берет. Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз: сиздердин боорукер жүрөктөрүңүздөр жана иштериңиздер бизди ушуну менен эле токтоп калбоого шыктандырат.
Биздин боорукердик банкыбызда ар бир салым бааланат. Каталогтун кийинки беттеринен керектүү өнүмдөрдү сатып алуу менен, сиз азыр жардамга өтө муктаж болгондордун жашоосун жакшырта аласыз. Анткени, кичинекей кадамдар чоң максатка жетелейт!
Учурда сөз, адам жана – Орифлэйм продуктусу. Жакшылык менен бөлүшүңүз: көбөйүп, ар бир жүрөктү козгойт жана сизге кайтып келип, көпкө чейин сакталат.
СОЦИАЛДЫК ЖООПКЕРЧИЛИК
Орифлэйм - бул мүмкүнчүлүктөрдүн компаниясы. Биздин негизги максатыбыз – ар бир адам өз кыялын орундатышы үчүн элдин жашоо деңгээлин көтөрүү! Биз кайрымдуулукта да ушундай принципти жетекчиликке алабыз. Мындан тышкары, Oriflame экологиялык жана туруктуулук маселелерине чоң көңүл бурат. Шилтеме аркылуу биздин экологиялык демилгелер тууралуу көбүрөөк биле аласыз.