Пайдалуу заттардын сиңиримдүүлүк деңгээли алардын организмдеги жетишсидиги менен аныкталат: жетишсиздик канчалык көп болсо, сиңиримдүүлүк ошончолук жакшы болот. Витаминдер минералдардын сиңирилишине тосколдук жаратпайт, тескерисинче жардам берет. Алардын айрымдары алардын сиңирилишин камсыз кыла турган ичке ичегинин рецепторлору үчүн атаандаш болуп чыгышат, бирок ичеги-карын системасынын абсорбциясынын деңгээли ушунчалык жогору болгондуктан, бул«атаандаштык (конкуренция) » жалпы натыйжага (эффектке) эч таасирин тийгизбейт. Адамдарда ичегилердин өнөкөт оорулары менен болгон (мисалы, жоон ичегинин дүүлүктүрүү системасы, ичеги-карын системасынын сезгентүүчү оорулары) абсорбциянын деңгээли төмөндөгөн, ошондуктан витамин-минералдык комплекстерин кошумча ичүү өзгөчө көрсөтүлгөн.
Ал эми С витамин боюнча айтсак, ал органикалык эмес темирдин сиңүүсүн жогорулатат, ал эми кальцийдин жогорку деңгээли аны басат. « Мультивитаминдерде жана минералдарда» С витамини да, кальций да бар, ошондуктан темирдин абсорбциясына алар таасирин тийгизбейт. Бул эмне үчүн көпчүлүк витамин-минералдык комплекстеринде бир эле убакта темир, кальций жана С витамини да бар экендигин түшүндүрөт. Кальций жана темирдин жогорку дозасын камтыган каражаттар (мисалы, остеопороздун алдын алуу же анемияны дарылоо үчүн) аларды бирге ичүүгө болбойт.