Гликемикалык индекс – бул кандагы канттын камтылышына карата таасиринин негизинде тамак аш продуктард классификациялооунун ыкмасы болуп саналат. Башкача айтканда, продукттар кандагы канттын деңгээлине кандай таасир берет, азык-түлүктү керектөөдөн кийин кант өйдө төмөн болуп жатканын ГИ көрсөтүп турат. Бат сиңген углеводдорду камтыган продукттар (мисалы, таттуу газдалган суусундуктар), негизи ГИ жогору болот, анткени ал инсулинди өндүрүүгө себеп болот, ошондой эле кандагы кант дароо эле кескин түрдө көбөйөт. Ал эми жай сиңирген углеводдорду камтыган продукттар (мисалы, жашылчалар жана бүтүн буудайлуу нан), тескеринче, аларда ГИ аз болот, анткени аларды сиңирүү үчүн көбүрөөк убакыт керек болгондуктан, кандагы глюкозанын деңгээлинин кескин өсүшү жүрбөйт. ГИ 55 аз болсо, ал төмөн болуп эсептелет.
Башында ГИ классификациясы диабет менен ооругандар үчүн, аларга туура тамактарды тандоого жардам берүү үчүн арналган. Ичкен тамагында канчалык ГИ азыраак болсо, кандагы канттын деңгэээли ошончолук туруктуурак болот. Диабет менен ооругандарга гана эмес өз ден соолугуна караган ар бир адам да муну билиши керек. «Нэчурал Баланс» Коктейлдин гликемикалык индекси Сидней университетинен тесттен өткөн, ал 28 барабар.