Почтанын регионалдык бөлүмдөрүнөн заказдарды алуу үчүн сиз пункттардын бирин: тандап алышыңыз керек:
3222 |
Почта-Чүй |
3262 |
Почта-Бишкек |
3263 |
Почта-Ош шаары |
3264 |
Почта-Талас |
3265 |
Почта-Ысык-Көл |
3266 |
Почта-Нарын |
3267 |
Почта-Ош облусу |
3268 |
Почта-Жалалабад |
3269 |
Почта-Баткен |
- Заказдарды жайгаштыруу учурунда ЗАРЫЛ ШАРТ болуп жеткирүү үчүн керектүү маалыматтарды туура көрсөтүү болуп саналат:
|
Эгер, милдеттүү түрдө толтуруу керек болгон кайсы бир пункт толтурулбаса, сиздин заказ жокко чыгарылат.
Маалыматтарды түзөтүүнү (корректировка) сайттан өз алдынча жүргүзүүгө болот «Жекече профилдин настройкаларынан»
Ошондой эле, сиз телефон боюнча байланыш-борборунун кызматчыларына кайрылсаңыз да болот: 0800 900 0000
- Акы төлөөнүн шарттары: 100% алдын ала төлөө заказды тариздеген мезгилден тартып 48 сааттын ичинде, ал өзүнө заказдын наркын жана жеткирүүнүн наркын камтыйт. МААНИЛҮҮ: акы төлөөдөн кийин ушул сервис тарабынан таризделген сиздин заказга төлөм келип түшкөнүн көрүп ишеним алыңыз.
- Бир заказ үчүн консультант үчүн жеткирүүнүн акысы 175 сомду түзөт.
- Заказды топтоп түзүү, алдын ала 100% төлөнгөн акы компаниянын эсебине келип түшкөндөн кийинки күнү жүргүзүлөт.
- «Жеткирүүнүн ордуна продукт» опциясын тандап алуу менен Сиз акысыз жеткирүүнү ала аласыз«
- Жеткирүүнүн ушул ыкмасы каталогдун акыркы шаршембисине чейин жеткиликтүү болот. Маанилүү: Каталог жабылуучу акыркы жуманын үч күнүнүн ичинде жайгаштырылган бардык заказдар, Кыргыз почта бөлүмдөрүнөн алуучу жана үйүңүзгө жеткирилүүчү заказдар каталог жабылганга чейин толугу менен төлөнүшү керек (каталогдун акыркы ишембисинде саат 20:00 чейин). Каталог жабылгандан кийин тутумда төлөнбөгөн заказдар автоматтык түрдө жокко чыгарылат.
Кыргызпочтанын аймактык бөлүмүнөн заказды алуу учурунда таңгактын бүтүндүгүн текшерүү керек, таңгактын бүтүндүгү бузулган учур болсо, таңгакты ачуу керек жана Кыргызпочтанын кызматкери менен бирге посылканын ичиндегилерди текшерүү керек. Продукция бузулуп кеткен болсо, тийиштүү Актыга (Актыны сизге почтанын бөлүмүнөн беришет) кол коюу жолу менен Сиз заказдан же заказдын кайсы бир бөлүгүн кабыл алуудан баш тартууга укугуңуз бар.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!
Сиз заказды ал почта бөлүмүнө келип түшкөндөн кийин 5 күндүн ичинде алышыңыз керек.
Продукцияны кайра кайтаруу:
Заказга туура келбеген брак продукцияны же продукцияны Сиз компанияга акысыз кайра жөнөтүүнү колдоно аласыз.
Кайра кайтарууну жайгаштыруу үчүн:
- Онлайн дооматты компаниянын сайтында http://kg.oriflame.com каттоо керек
- Кабыл алуу-өткөрүү Актысын толтуруп, аны посылкага салуу керек
Бланкты басып чыгаруу үчүн шилтеме боюнча өт
- Кайра кайтарууну өткөрүүнү Кыргызпочтасынын бөлүмдөрүнөн жүргүзүү керек
- Консультант посылканы өз алдынча жайгаштыруусу зарыл
- Кыргызпочтасынын бөлүмдөрүнө Кайра кайтарууну өткөрүү учурунда посылкаларды: таңгактын (коробканын) катуулугун, коробканын ичиндеги товардын ары-бери жылып жүрүшү болбогондой болушу үчүн (кагаз/толтуруучу атайы буюмдар менен толтуруу керек), коробканын тигиштерин скотч менен чаптоо керек. Жөнөтүүчүнүн дарегин жана Жеке күбөлүгүнүн маалыматтарын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө тилке толтурулат.
Бардык суроолор боюнча Байланыш Борборуна 0800 900 0000 кайрылуу керек
Дооматтарды тариздөө жол-жобосу боюнча кененирээк маалыматты Сиз өтүү аркылуу көрө аласыз.
Жеткирүүнүн мөөнөттөрү:
Эсиңизде болсун: контролдоо мөөнөтүнө жөнөтүлгөндөр кабыл алынган, майрам жана дем алыш күндөрү кирбейт. Мөөнөт, заказдын акысы 100% төлөнгөн күндөн тартып эсептелет .
|
Алыскы областтардын райондоруна жеткирүүдө дагы 1 күн кошулат.