NovAge: илим тарабынан териңдин сулуулугу үчүн жаралган
Жаш кураксыз сулуулук
Биздин сыймыгыбыз
NovAge’ге ишенүүгө үч себеп
Сөңгөк клеткаларынын уникалдуулугу
Көбүрөөк билүү
Сөңгөк клеткалары – өсүмдүктөрдүн «курулуш материалы» - биз сенин териң үчүн колдонуп жаткан чоң регенерациялык потенциалга ээ. Бардык экстракттар 200 жолуга чейин текшерилген, жана клиникалык изилдөөлөр алардын ар биринин эффективдүүлүгүн далилдешкен.
Таасир берүү жана бузуу
Тышкы жана ички процесстердин – начар экологиянын, жаш курак боюнча өзгөрүүлөрдүн, кам көрүүнүн жоктугунун жана УФ-нурлануунун таасири алдында клеткалардын жана клетка аралык тери матриксинин түзүлүшү бузулуп, убакыт өткөн сайын картаюу белгилери көрүнө баштайт.
Нейтралдаштыруу жана кайра калыбына келтирүү
Башка прогрессивдүү ингредиенттер менен биригип, өсүмдүктөрдүн сөңгөк клеткалары терини коргоп, тышкы жана ички факторлордун агрессивдүү таасирин нейтарлдаштырып, картаюу процесстерин жайлатат.
Жабуу
Далилденген эффективдүүлүк
Көбүрөөк билүү
Жабуу
Коопсуздукту текшерүү үчүн бышык тесттер
Көбүрөөк билүү
Бардык NovAge өнүмдөрү эң катуу европалык сапат стандарттарына жооп берет. Бышык тесттердин жыйынтыктары боюнча биз адамдар жана алардын териси үчүн, ал эми эко-этикалык скринингдин жүрүшүндө жаратылыш үчүн коопсуздугун аныктайбыз. Каражаттардын курамында ГМО жок.
Эко-этикалык скрининг
Сапаттуу өнүм жаратуунун негизинде коопсуздук жана жоопкерчиликтүү өндүрүш турат. Биз бардык ингредиенттерди кылдат тандап, алар этикалык жана экологиялык стандарттарга ылайык алынганына ынанабыз. Андан тышкары, биз курамдарда жок болуу коркунучунда турган өсүмдүктөрдү колдонбойбуз.
Коопсуздукту текшерүү үчүн бышык тесттер
Биздин өнүмдөр коопсуз жана кычышууга алып келбээрине ынануу үчүн, биз клиникалык изилдөөлөрдү көз карандысыз лабораторияларда ыктыярчыларда жүргүзөбүз.
ГМОсуз
Биздин өнүмдөрдө генетикалык модификацияланган организмдер (ГМО) камтылбайт.
Эң катуу европалык стандарттар
Биз ЕБда тыюу салынган 1 300 ингредиентти гана эмес, биздин оюбузча зыян келтириши мүмкүн болгон дагы 60 ингредиенттерди колдонбойбуз.
Жабуу
Клиникалык жактан далилденген: NovAge комплекстүү кам көрүүсү 7 эсе эффективдүүрөөк иштейт
Өзүңдүн NovAge кам көрүүңдү танда
NovAge Skinergise Ideal Perfection (жаш тери үчүн) – заманбап жашоо образынын кесепеттерине жана картаюунун биринчи белгилерине каршы күрөшүүгө* жардам берет.
NovAge Ultimate Lift (40+) – терең бырыштарга жана беттин контурунун салбыроосуна каршы күрөшөт. 40% чоюлчаактык 4 жумада калыбына келет.
NovAge Time Restore (50+) – жетилген теринин абалын жакшыртат, терең бырыштарга, кургактыкка жана пигменттик тактарга каршы күрөшөт.
NovAge Men (бардык жаш курактар үчүн) – картаюу жана чарчоонун белгилерин жеңет, бырыштарга каршы күрөшүп, эркектердин терисинин серпилгичтигин жана тонусун жогорулатат.
Кам көрүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулат
Комплекстүү кам көрүү — бул күнүмдүк камкордук үчүн негизги каражаттар. Бирок, сен териң үчүн мындан да көп нерсе жасагың келип жатсачы? Маскалар, пилингдер, майлар, колго жана декольте аймагына арналган каражаттар — NovAge сунуштай ала турган нерселерди болушунча ал!