Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Шаардын атмосферасы

Кейптаун — эң кыймылдуу мегаполис, анда бардык жерде музыка чыгып турат. Сенин даамдоо сезимиң кандай экени маанилүү эмес — жергиликтүү маданият сценасы сенин жүрөгүңдү багынтат. Түштүк Африканын көчө искусствосу өткөн кылымдын 80-жылдары жаралган, анда граффити кара теридеги түштүк африкалыктарды  дискриминациялоо жана репрессивдүү мыйзамдары менен өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирүүгө элге мүмкүнчүлүк берген. Бүгүнкү күндө шаардын көпчүлүк райондору африкалык, ошондой эле чет өлкөлүк сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыктары менен кооздолгон.

Кейптаун чыгармачылыкты баалоочулардын арасында абдан белгилүү, себеби бул жерде Цайца деген африканын заманбап искусствосу дүйнөдөгү ири музей болгондуктан ал ушул жерде жайгашкан. Ал Виктория жана Альберт жээгиндеги эски буудай сактоочу жайда жайгашкан, ал өзү  80 рестораны, 450 дүкөнү, музейлери жана пляждагы оюн-зооктору менен туристтик белгилүү кооз жай болуп саналат.