Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Шаардын фаунасы

Кейптаунда көптөгөн жаныбарлар, анын ичинде  фламинго, деңиз котиктери, маймылдар жана башка экзотикалык түрлөрү менен  бирге 5 миллион адам жашайт. Шаардын деңиз сууларында бүкүр жана түштүк киттер жашашат, жергиликтүү тургундар алардын жашоосуна байкоо жүргүзүуну  абдан жакшы көрүшөт. Түштүк Африкада озүнүн улуттук жаныбары да бар – грациялуу  антилопа спрингбок.

Мынакей Кейптаундун фаунасынын айрым өкүлдөрү ушулар:  

Болдерс Пляжындагы пингвиндер —африкалык пингвиндер колониясы

Кейп-Пойнт жана Саймон Таун шаарчасынын оротосунда жайгашкан, Болдер пляжында, сейрек кездешүүчү африкалык пингвиндер жашайт, алардын жашаган табигый чөйрөсүндө жакын жерден байкоо жүргүзүүгө болот.

Каап деңиз котиктери

Каап деңиз котиктери Кейптаун тегерегиндеги сууларда ойноп сүзүүнү жакшы көрүшөт, жана алар канчалык жакшынакай жана дос болуп көрүнсө дагы, булар абдан күчтүү жаныбарлар экенин эстен чыгарбоо керек; ошентип өзүнчө деңиз котиктердин эркектери 300 кг салмагына чейин жетиши мүмкүн. Алар балыктар, кальмарлар жана крабдар менен тамактанышат, жана акула жана касатка сыяктуу чоң жырткычтардан жашынып жүрүшөт. Деңиз котиктери Калк жана Хоут деңиз булуңдарында жана Виктория жана Альберта жолдорунунун жээгинен кездештирүүгө болот. Эгерде, сен аларды жакындан көргүң келсе, атайын экскурсияга жөнөсөң болот.

Фламинго үйүрү

Кейптаунда ири түрдөгү 130-160 см чейин узундуктагы фламинголор жашашат. Алар өлкөнүн түндүк жагында көбөйүшүп жана жакшы аба-ырайына жетүү үчүн түштүккө, учуп келишет, кадимки эле адамдар сыяктуу. Бул мурун сейрек түрдө кездешүүчү кооз чымчыктар болгон, бирок бүгүнкү күндө алар көбүнчө Кейптаундун жол жээгиндеги бөлүгүндө жашап келишет. Фламинголорду Пайлендс, Мильнертон жана Комметджи райондорунда көрүүгө абдан ыңгайлуу.