Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Замбези өрөөнүндөгү аткаруучу конференция 2021

Аткаруучу конференция – бул үч өлкөдөгү укмуштуу окуя, Африканын Замбези дарыясынын жана жакын өрөөнүндө эң уникалдуу жана кооз региондорунун биринде жайгашкан. Жапайы Африкалык жаратылышынын жүрөгүнө батып, унутулгус кооздук менен каныгып жана премиалдык курортунун байлыгын баалап, аны менен ар дайым биздин Аткаруучу конференциялар атактуу болуп келген. Бул өзүңдүн жана Лидерлик ийгиликтерди белгилөөгө бай экстраординардуу жагдай, ошондой эле бул аф Йокниковдун үй бүлөөсу жана  Oriflame менеджменти менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлук.

Замбезинин жанындагы сафари үчүн эң мыкты жерлеринин биринде кол тийбеген биринчи сулуулуктагы жаратылышты өзүң үчүн ач. 2 700 км узунудктагы дарыя 6 африкалык өлкөлөр аркылуу агып жана дүйнөнүн 7 кереметинин бири - Виктория шаркыратмасынын жанынан өтөт, Замбия жана Зимбабве чегинде жайгашкан. Викториянын күч-кубатын сезип жана буйволдорду, зебраларды, жирафтарды, пилдерди, гиппопоптамдарды жана крокодилдерди алардын табигый жашоосунда байкап көр.

Өмүр бою эсте кала турган саякатка биз менен чогуу жөнө!

Зибабведеги Виктория шаркыратмасы

Жергиликтүү лози тилинде аны Mosi-oa-Tunya деп аташат, бул “дүркүрөгөн түтүн" дегенди түшүндүрөт. “Дүркүрөгөн” деген сөз туурасынан 2 км жана бийктиги 103 метр болгон бул күч-кубатуу шаркыратма эң мыкты баяндап берет. Виктория дүйнөнүн 7 кереметинин бири деген санынын эсебине кирет. Бул жерде унутулгус көрүнүш менен ырахаттануу гана эмес, ошондой эле күчүн сезүү үчүн шаркыратманын этегине түшүп, Викторияны вертолёттун терезесинен көрүп жана жакын жайгашкан Замбези дарыясынан суу менен агып кетүүгө да болот. Мындайды өмүрүңдө бир гана жолу көрүүгө болот!

Ботсванадагы Сафари

Ботсванадагы улуттук Чобе паркы – Африкадагы сафари үчүн эң мыкты жолдомолордун бири. Парк, ошондой эле “Гиганттар жери” деп аташат – бул 10 000 кв. км көптөгөн бай экосистемалар жана ар кандай пейзаждар, дүйнөдөгү ири пил популяциясынын жашоо жайы. Бул, абдан кооз Чобе дарыясынын айланасында, көптөгөн уникалдуу жаныбарлар жана куштар – арстандар, буйволдор, зебралар, гиеналар, бир нече антилопанын түрлөрү, бабуиндер, жирафтар, каман чочколор, верветка-мартышкалар жана көптөгөн башкалардын жайы болуп саналат. Африканын жапайы жаратылышын жана анын жашоочуларын жакындан көрүүгө жана алардын кол тийбес биринчи сулуулугу менен тамшанууга мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербе (колуңдан чыгарба).

Замбиядагы сыйлык курорту

Бул Mosi-oa-Tunya улуттук  паркында жайгашкан, Виктория шаркыратмасына жакын жайгашкан, бул бай курортко баруунун өзү эле уникалдуу тажрыйба. Саваннанын жана Замбези дарыясын отельдин верандасынан, гиппопотамдарды, пилдерди жана башкаларды жакындан жакшылап көрүп, панорама көрүнүшүнөн ырахат ал. Экзотика куштарынын ырын ук, чуркап бараткан зебралар менен ырахат ал жана шаркыратмадан аткан таңды тоз. Отельден болгону бир нече мүнөт баскандан кийин “Бычак лезвиеси” деген көпүрө жайгашкан, андан Викторияга башты айланткан көрүнүш ачылат.

Замбезинин маданияты жана элдери

Замбези өрөөнүндө көптөгөн элдер жашайт – тонга, шона, чева жана нсенга- дегендер фермерлик чарба менен алектенип келишет. Өзүң үчүн уникалдуу регионду ач, ал жерде адамдар жана жаңы барлар шайкеш келип турушат, ал жерде ырлар, бийлер, уламыштар жана жомоктор – күндөлүк жашоонун бир бөлүгү болуп эсептелет. Замбези өрөөндүн жашоочулары аутентикалык музыка, темирден чебер жасалгалар жана керамика – мына ушулары менен, салттуу маданияты менен белгилүү болуп келет. Элдик кол өнөрчүлүктөр менен жакыныраак таанышып жана Ливингстондон – Виктория шаркыратмасын 1850 жылы евпропалыктардын арасында биринчи болуп барган,  шотландык миссионер жана изилдөөчү Джордж Ливингстондун урматына аталган шаарчадан, өзүңө кайталангыс сувенирди тандап ал. Ошондой эле Ливингстондо сени кызыктуу колониалдык архитектура, көптөгөн музейлер жана магазиндер күтөт.