Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Даамдардын ар түрдүүлүгү

Кейптаундун тамак-ашы керемет! Табитти ачкан жаңы бышырылган балыктар, каныккан, ширелүү даамга ээ болгон жергиликтүү бышкан жашылчалар. Түштүк Африка ашканасынын ар түрдүүлүгү колонизаторлор менен байланыштуу: голландиялыктар, француздар, малайзиялыктар жана британдыктар рационго өз маданиятын алып келишкен. Африканын кайталангыс колорити менен биргеликте тамшандырган тамактар сага жаӊы даамдарды ачып берет. Сен мындай тамактарды жеп көрө элексиӊ! 

Кейптаундун шараптык терруарлары дүйнөдөгү эң көп түшүмдүү жерлердин катарына кирет. Алар маданий жана архитектуралык көз караштан алганда кызыктуу: бир нече эски шарап чыгаруучу жайлар Кейп голландиялыктарынын стилинде курулган, алар XVI кылымда Түштүк Африкада биринчи голландиялык конуштар менен бир мезгилде пайда болгон. Кейп голландиялыктарынын архитектуралык таасири бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет, бул айрыкча белгилүү жүзүмдүк аймагы болгон Батыш Кейптаунда көрүнүп турат.