Skip to main content Skip to main menu Skip to search
  1. Башкы
  2. Жаңылыктар жана пресса
  3. Компаниянын жаңылыктары
  4. COVID-19: Oriflame глобалдуу коомчулугуна кайрылуу

COVID-19: Oriflame глобалдуу коомчулугуна кайрылуу

Бүткүл дүйнө жүзүндөгү сулуулукту сүйгөн биздин коомчулукка

Биздин элдин кызматкерлердин, консультанттардын жана кардарлардын саламаттыгы жана коопсуздугу Oriflame үчүн эң жогорку артыкчылык болуп саналат.

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү оор күндөрдү башынан кечирип жатат. Компания катары биз дагы COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу боюнча дүйнөлүк иш-аракеттерге кошулдук. Биз өкмөттөрдүн жана саламаттыкты сактоо органдарынын бардык көрсөтмөлөрүн так аткарабыз. Ушундай түзүлгөн кырдаалда адам өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча эрежелерди жана сунуштамаларды иштеп чыктык жана алардагы жаңыртуулар  жөнүндө биздин кызматкерлерибизге ар дайым кабарлап турабыз. Орифлэймдин маданиятынын баалуулуктарын жана принциптерин биз мындан да ырааттуу колдонобуз, анткени так биздин маданият бизди күчтүү кылат жана кыйынчылыктардын алдында бизди бириктирет.

Компания катары, биз көйгөйдүн масштабына ылайык сиздердин баардыгыңардын коопсуздукта болушуңарды, вирустун жайылышынын алдын алууну, өзүңүздү жана айланаңыздагы адамдарды коргоо үчүн колуңардан келгендин бардыгын жасоо үчүн жаңы деңгээлдеги гигиенанын деңгээлин колдоп турууну каалайбыз. Дүйнө жүзүндө ушул кырдаалдын канча убакытка чейин созуларын азыр эч ким айта албайт. Биз анын өнүгүшүнүн абалына байкоо гана жүргүзүп тура алабыз.

Биздин кызматкерлер, консультанттар жана биздин продуктуну пайдалануучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар менен бөлүшкүм келет:

Биздин кеңселер

  • Биз бардык эл аралык сапарлардан баш тарттык.
  • Биз бардык эл аралык жолугушууларды жана иш-чараларды кийинкиге калтырдык же алардан баш тарттык, жана аймактарда иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү жергиликтүү өкмөттөрдүн сунуштарына баш ийдик.
  • Биздин кызматкерлердин көпчүлүгүн үйдөн иштөө режимине котордук. Биздин кеңселерге келүүчүлөрдүн келишине чектөө койдук, жана эгерде, алар алсыздыкты же грипптин же суук тийгендин симптомдорун сезишкен адамдар, жалпы эле элдин үйлөрүндө отурушун өтүндук жана өтүнөбүз. Биз профилактикалык: биздин кеңселерди дыкат тазалоо жана бардык жабдуулардын үстүлөрүн милдеттүү түрдө дезинфекциялоо боюнча иш-чараларды күчөттүк. 

Биздин продуктулар

  • Биздин Oriflameдин Global Quality team сапатты контролдоо командасы биздин даяр продукциялардын фабрикаларын текшерип чыктык жана биздин бардык продуктулардын коопсуздугуна жана алардын ички жана сапаттын эл аралык ченемдерине туура келерине кепилдик берет.
  • Oriflameдин бардык заводдору талаптагыдай өндүрүштүк практиканын (GMP) стандарттарына дал келет. Талаптагыдай өндүрүштүк практика (GMP) гигиеналык чараларды сактоо жагынан алганда өндүрүштүк чөйрөнү жана продукциялардын бардык кирдөөсүнүн же анын жайылышынын алдын алууну жөнгө салат, жана өндүрүштүк процесстерди долбоорлоонун, мониторингинин жана контролдоонун талаптагыдай тартибине кепилдик берет.
  • Мыйзамдардын талаптарына жана биздин катуу ички стандарттарга ылайык, аларга бул колдонула турган бардык продуктулар микробиологиялык тесттерден өтөт, бул алардын керектөөчүлөр үчүн коопсуз экендигин кепилдейт.
  • Жеке гигиенанын каражаттарына жана Wellness категориясынын продуктуларына карата өскөн суроо-талапты биз түшүнүү менен кабыл алабыз жана ушул суроо-талапты канааттандыруу үчүн бардык болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатабыз.

Орифлэйм компаниясынын атынан, ошондой эле Бүткүл Дүйнөлүк Түз Сатуу Ассоциациялар федерациясынын (WFDSA) төрагасы катары, мен биздин бардык консультанттарга айткым келет: ушундай оор күндөрдө Oriflame брендинин өнөктөштөрү катары сиздер өзүңөрдүн кардарларыңыздарга биздин продуктулар  жөнүндө так, негизделген жана тастыкталган маалыматтарды аша чапкандыксыз жана негизделбеген убадаларсыз берүү өтө маанилүү. Учурда түзүлгөн кризисти укуксуз пайдаланууга жол бербөө биз үчүн абдан маанилүү. Биз ушул сыяктуу фактыларга эч качан чыдамдуулук кылуу менен мамиле кылган эмеспиз, ал эми картага ушунчалык көптөгөн нерсе коюлган азыркы учурда, андан бетер чыдай албайбыз.

Биздин коомчулук

COVID-19дун жаралганына байланыштуу болгон тынчсыздануулар бизди социалдык аралыкты алыстатууга - вирустун жайылышын болтурбоого багытталган социалдык чараларды көрүүгө мажбурлайт. Тобокелдик тобуна кирген адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кабыл алынган ушул чараларга өтө олуттуу мамиле жасоо керек. Бирок социалдык аралыкты алыстатуу бизди бөлбөшү керек, тескерисинче, аны биз бири-бирибизге жакындоо үчүн колдоно алабыз!

Биз жекече жолугуша албасак дагы, бири-бирибизге пайдалуу болуунун дагы көптөгөн жолдору бар. Биз жөн гана телефон чалуу же видеочатка чогулуу аркылуу жакындарыбызга, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө жана кесиптештерибизге ишеним берүү менен шыктандырып, аларга колдоо көрсөтө алабыз. Биз онлайн-сатуулардын сырлары жана ыкмалары менен бөлүшүү менен же колубузду дыкаттык менен жууп, же өзүбүздү алсыз сезип турганда үйдө отуруп калуу аркылуу бири-бирибизге жардам бере алабыз.

Бири-бирибизге жардам берүү жана бирге иштөө менен гана биз ушул оор күндөрдөн да өтүп, илдетти жеңип чыгабыз, биздин биримдигибизди сактайбыз, ушул сыноодон  мурдагыдан да күчтүү болуп чыгабыз!

Сураныч, өзүңөрдү сактаңыздар.

Урматтоо менен,

Магнус Бреннсторм

Oriflame компаниясынын Башкы Директору жана Президенти