Жаңы форматтагы тоналдык негиз менен тааныштырабыз.
Giordani Gold кушон жеңил текстурасы бар жалтырабаган мыкты тери үчүн.
Кушон - англис тилинен cushion (жаздыкча). Мындай тоналдык каражаттардын бул формада чыгарылышы, баштыкчадагы майдаланган пудраны элестеткен, жаздыкчага сиңирилген тоналдык негиз-кушон жайгашкан. Комплектиде ар дайым спонж болот, анын жардамы менен териңизге тон коюңуз.
Giordani Gold жаңы тоналдык негиз - кушон жалтырабаган табигый жабууну камсыз кылат, үстү үстүнөн катмар койсо болот, теринин өңүн заматта жакшыртат. Каражат, жаш теринин таасирин берүү үчүн гиалурондук кислотасын жана деңиз суусу менен өрүктүн экстракттары, жашыл чай менен ашкабактын азыктандыруучу SkinCherish комплексин камтыйт.