Skip to main content Skip to main menu Skip to search
  1. Башкы
  2. Жаңылыктар жана пресса
  3. Компаниянын жаңылыктары
  4. Сиздин жеке берилмелериңиз жөнүндө маанилүү маалымат

Сиздин жеке берилмелериңиз жөнүндө маанилүү маалымат

Урматтуу Бренддин Өнөктөшү!

Биз сиздин жеке берилмелериңиз жана маалыматтарыңызга тиешелүү болушу мүмкүн болгон инцидент жөнүндө билдирүү үчүн жазып жатабыз.

Сиздин жекелигиңизди урматтоо, биздин Орифлэйм коомдоштугубузду жана сиздин жеке берилмелериңизди коргоо биз үчүн негизги артыкчылык болуп саналат. Биз Орифлэймден кылмыштуу ниет менен жасалган жана биздин маалыматтык тутумдарыбызга уруксатсыз кирүүгө алып келген киберчабуулдардын сериясына кабылгандыгыбызды өкүнүч менен билдиребиз.

Чабуулдар 2021-жылдын 31-июлунда жана 1-августта болуп, кылмышкерлер кээ бир Бренддин өнөктөштөрүнүн өздүк күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү сыяктуу жеке берилмелерине мыйзамсыз жеткилик алышкан. Банктык эсебиңиздин номери, телефон номерлери жана сыр сөздөр сыяктуу берилмелерге бул чабуул тийген эмес. Коммерциялык операциялар дагы жабыркаган жок.

Биз бул чабуулдан жабыр тарткан Бренддин бардык өнөктөштөрүн аныктоо жана ошондой эле ар бир конкреттүү учурда кандай маалымат компроматталганыгын билүү үчүн колубуздан келгенин жасап жатабыз. Азыркы учурда бул инцидентке негизинен КМШ өлкөлөрүндөгү жана Азиядагы Бренддин өнөктөштөрү кабылгандыгын тастыктай алабыз. Биз жеке берилмелерине чабуул тийгендердин бардыгы менен түздөн-түз байланышып, 2021-жылдын 19-августуна чейин кошумча маалымат беребиз.

Биздин тутумдарга уруксатсыз жеткилик алынгандан кийин, биз бул тууралуу дароо тийиштүү органдарга жана ошондой эле Киберкоопсуздук боюнча Улуттук Швейцария Борборуна маалымдадык. Биз учурдагы киберкоопсуздук боюнча көргөн чараларыбызды күчөтүп, бул инцидентти тышкы өнөктөштөр жана укук коргоочу органдар менен бирге тергөө жүргүзүп жатабыз.

Учурда бул берилмелер инсандыкты бурмалоо үчүн колдонулган деп божомолдоого негиздерибиз жок болсо дагы, биз сиздерди төмөнкү сактык чараларын сактоого чакырабыз:

  • Эгерде сиз алдамчылыктан, жеке маалыматтарды уурдоодон жабыркасаңыз, дароо бул тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдарына билдириңиз.
  • Бейтааныш уюмдар же адамдар сиз менен байланышууга аракет жасаса, сак болуңуз.
  • Эгерде сиз өзүңүздүн жеке берилмелериңиз менен байланышкан сыр сөздөрдү колдонсоңуз, биз аларды жаңыртууну сунуштайбыз.
  • Сиздин жеке берилмелериңиздин коопсуздугу биз үчүн биринчи орунда турат. Укук коргоочу органдар жана башка тышкы өнөктөштөр менен бирге биз өзүбүздүн Орифлэйм коомдоштугубузду коргоо үчүн, бул инцидентти толугу менен тергөөгө алып, күнөөлү адамдар өз кылмышы үчүн жазасын толук алуусу үчүн бардыгына даярбыз.

    Бул чабуулдун натыйжасында сиздин Орифлэйм жазуу каттооңуз, буюртмаларыңыз жана төлөө процесси жабыркаган жок жана сиз коммерциялык операцияларды кадимки режимде аткарууну уланта берсеңиз болот.

    Эгерде сизде кошумча суроолор пайда болсо, Орифлэймдин Сервистик Борбору менен байланышууңузду суранабыз

    Сизди урматтоо менен, Орифлейм Кыргызстандын Менеджменти