Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Биздин философия

Шведдик көз караш

Биз швед компаниясы болгондуктан, сулуулукка жана продуктуларды кантип түзүү керектигине карата биздин көз караш да өзгөчө. Биз шыктанууну башынан эле табияттан алабыз жана биздин продукция коопсуз, ишенимдүү жана натыйжалуу болушу үчүн илимий жетишкендиктерди колдонобуз. Так ушул ыкманын натыйжасына жараша биз рынокто өзүбүздүн кадыр-баркыбызды бекемедедик.  

Табияттан шыктануу

Биз шыктанууну Швециянын табиятынан алабыз жана ал үчүн суук жана караңгы кыштарга мүнөздүү келген катаал норд климатында жашоого көнгөн өсүмдүктөрдүн күчүнө суктанабыз. Биз дйнөдө биринчилерден болуп косметиканы табигый экстракттардын негизинде түзүп баштаганбыз— мисалы, ак кайыңдын ширесинен— муну менен бирге башка бренддерден ондогон жылдарга ашуу менен. 

Азыр, мурдагыдай эле, биз өсүмдүктөрдүн сабактарынын клеткалары болобу же табигый тазалоочу бөлүкчөлөр болбоу, биз табигый ингредиенттерди пайдалануунун потенциалын жана артыкчылыктарын көрөбүз. Биздин бардык экстракттар - табигый өндүрүүдөн алынган жана бардык ингредиенттерди биз экологиялык жана этикалык нормаларды сактоо менен тандайбыз жана алабыз. Ошентип, биз айлана-чөйрөгө зыян келтирбейбиз жана продуктулардын коопсуздугуна жана сапатына кепилдик беребиз. 

 

Илимдин күчү

Биз мында 50 жылдан ашык убакыттан бери акыркы изилдөөлөрдүн жана ачылыштарга негиздөө менен жогорку сапатта жана колдонууга жеңил продукталарды түзүп келе жатабыз. Биз ар дайым биздин продукталар мындан да натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берген мыкты формулаларды жана инновациялык ыкмаларды туруктуу түрдө издейбиз. Биздин патенттелген технологиялар жана иштелмелер клиникалык изилдөөлөрдөн өтүп жатат.

Биздин окумуштуулар жана эксперттер ар түрдүү тармактарды, алардын арасында химия, нутрициология, теринин картайышы, клиникалык изилдөөлөр жана прибор курууларды жакшы билишет. Биздин илимий-изилдөө институтттардын базасындагы бардык адистер биздин кардарлдар үчүн эң мыкты прродуктуларды түзүүгө жардам беришет. 




Сапат стандарттары

Биз жогорку стандарттарды орноттук, аларга ылайык биз коопсуз жана ишенимдүү продуктуларды түзөбүз. 




Алар жөнүндө көбүрөөк бил