Гликоль кислотасы
Glycolic acid
Гликоль кислотасы күндүн нурунан жабыркаган теринин куткаруучусу жана теринин түсүн агартып, тегиздɵɵчү алмашкыс ингредиент. Тез жана эффективдүү химиялык кабырчыктандыруучу каражат катары ал клеткалардын алмашуусуна ɵбɵлгɵ түзɵт, өлгөн тери клеткаларынын ортосундагы байланыштарды начарлатып, алардын астындагы жаңы терини ачуу үчүн бир калыпта кабырчыктанат. Гликоль кислотасы сүт жана алма кислоталары менен бирге кабырчыктандыруучу АНА кислоталарынын (альфа-гидроксикислоталары) түркүмүнɵ кирет. Бардык AHA кислоталардын эң кичинекей молекуласы болгондуктан, териге оңой кирип, тез иштей баштайт.
Сулуулук жана пайдалары
Таасирдүү кабырчыктандыруу: жаңы, тирүү тери клеткалардын ɵйдɵ чыгышына түрткү берет. Бул жаңы клеткалар жарыкты бир калыпта чагылдырып, териге сонун жаркыроо тартуулайт. Теринин бетинде чогулган эски клеткаларды кетирип, терини тегиздеп, агартып, пигментациянын пайда болушунун алдын алууга жардам берет.
Терини мыкты агартуу: гликоль кислотасы теридеги меланиндин (тери пигментинин) бөлүштүрүлүшүн тегиздеп, анын иштелип чыгышын токтотот, укмуштуудай жаркыроо жана бир ɵңчɵй түс берүүнү ɵбɵлгɵлɵйт.
Коллагендин өндүрүлүшүн жогорулатуу: Коллагендин өндүрүлүшүн күчөтөт кɵрсɵтүлгɵндɵй эле, ECMди (клеткадан тышкаркы матрикс) кайра түзөт. Коллагендин көлөмүн көбөйтүү менен тери жылмакай, серпилгич жана жаш болуп калат.