Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Патенттер, изилдөөлөр жана инновациялар

Биздин илимий жетишкендиктер менен биз сыймыктанабыз— патенттелген технологиялар жана инновациялардан тартып глобалдуу изилдөө долбоорлоруна чейин илимий жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз. Бүткүл дүйнө жүзүнүн элдеринин бьюти-көйгөйлөрүн чечүү жана сенин сүйүктүү продуктуларыңды түзүү үчүн биз сулуулук илимин туруктуу өнүктүрүп турабыз.
Илимий жетишкендиктер жана инновациялар— биздин чыгарган башкы бьюти-продуктуларыбыз тууралуу төмөндө айтып беребиз!

 

Патенттелген технологиялар жана бьюти-инновациялар


Aspartolift менен чың, тартылган, сулуу тери

AspartoLift — теринин карылык белгилерине каршы күрөшкөн биздин акыркы патенттелген технологиялардын бири. Жети жылдык изилдөө ишинин жыйынтыгы болуп калган AspartoLift, NovAge Ultimate Lift каражаттарынын линиясында колдонулат. Технология эч кандай терс таасирсиз ретиноев кислотасынын таасирин туурайт, теринин ийкемдүүлүгүн жана бекемдигин 70% га жогорулатат.

Трипептид-технологиясы: бырыштар менен күрөшөт жана терини коллаген менен каныктырат

Жаш өткөн сайын териде коллагендин деңгээли төмөндөйт жана бырыштар көбүрөөк байкала баштайт. Коллагендин иштелип чыгышын стимулдоочу жана бырыштарды 33% азайтуучу, биздин патенттелген трипептид-технологиясы ушул көйгөйдү жакшы чечет— бул клиникалык жактан далилденген.

Lingon 50:50 уникалдуу технологиясы менен эркин радикалдардан коргоо.

Эң популярдуу швед жемиштеринин бири— брусниканын антиоксиданттык касиеттерин изилдөөнүн жүрүшүндө— биз патенттелген Lingon 50:50 технологиясын иштеп чыктык™ Брусника жемиштеринин экстракты— бул өзү күчтүү антиоксидант, бирок ага жемиштердин жалбырактарынын экстрактын кошуп койсо, натыйжасы бир нече эсеге жогорулайт. Биз так ушунун өзүн жасадык! Бул технология Optimals каражаттарында биринчи жолу колдонулду. Lingon 50:50™ клеткалык ДНКны коргойт, эркин радикалдардын терс таасирин нейтралдаштырат жана кургак, сезгич жана майлуу теринин тең салмактуулугун сактоого жардам берет.

Жогорку натыйжалуу камкордук көрүүчү-тоналдык негиз

Патенттелген SkinRenew комплекси терини жаңыртат жана жандандырат, ошондой эле клеткалык алмашуусун тездете турганы жана клеткалык ДНКны коргой турганы илимий жактан далилденген. Биз бул комплексти The ONE EverLasting Foundationдо колдонобуз, ал тонду гана тегиздебестен, беттин териси үчүн да камкордук көрөт.

Multi-Bright&trade технологиясы менен беттин түсү тегиз, нурланып жанган, ачык болот

Биздин Multi-Bright технологиясынын негизинде; эки өсүмдүк чөптөрдүн ингредиенти: щавелдин экстракты жана олива майынан алынган каныктырылбаган май кислоталарынын негизинде түзүлгөн адипин кислотасынын экстракты жатат. Алар биргелешип, меланинди өндүрүүнүн бардык негизги этаптарына таасир этет. Технология пигментацияга каршы SPF 20 менен NovAge Bright Sublime күндүзгү кремде колдонулат.

Орифлэймдин† комплекстүү камкордук көрүүсү менен тери 7 эсеге сулуу болуп калат;

Биздин NovAge сыйлык камкордук көрүүнү колдонуу менен, сен 7 эсе көп жакшы натыйжаларга жетише аласың! Кадимки камкордук көрүүгө караганда Орифлэймдин комплекстүү камкордук көрүүсү теринин абалын 7 эсеге натыйжалуу жакшырта турганын көп ирет жүргүзүлгөн клиникалык тесттер далилдеди.

†Кадимки камкордук көрүүгө же таптакыр камкордук көрүлбөгөнгө салыштырмалуу NovAge True Perfection, Time Restore, Ecollagen, Ultimate Lift, Wrinkle Power комплекстүү камкордук көрүүнү колдонуу менен клиникалык тесттердин жыйынтыктары боюнча.

Мурдагыдан да коюу жана сулуу кирпиктер

Бардыгы коюу сулуу кирпиктердин болушу тууралуу кыялданышат! Ал эми биз 24-эсе чоң көлөмдү берген дүйнөдөгү биринчи тушту кошуу менен жогорку натыйжалуу туштарды түзүүдө өзгөчө жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз.
Мындан тышкары, биз дүйнөдө биринчилерден болуп, биздин тушь биздин көз карашыбызды 30% чоңураак ача турганын клиникалык жактан далилдешти.

Туруктуу өнүгүү боюнча демилгелер

Биз окумуштуулар менен биргеликте биздин продуктулардын өндүрүшүнүн бардык этаптарында ийгиликтүү өнүгүү боюнча демилгелерди ишке ашырып жатабыз. Этикалык жана экологиялык жоопкерчилик принциптерин колдонууга алуу менен биз териге камкордук көрүү боюнча сертификаттарды алган каражаттардын биринчи линиясын түздүк.

Ecocert®, Fairtrade® и FSC™.

Жуула турган продуктулардын айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирин азайтуу үчүн биз жакында биологиялык жактан ажырай турган формулалары менен Love Nature каражаттарынын жаңы линиясын ишке киргиздик. Келечекте биздин башка продуктуларды да биологиялык жактан ажырай тургандай кылып түзүүнү пландап жатабыз.

 

Изилдөөчү долбоор Age Reflect™


Oriflame — эл аралык компания болуп саналат, ошондуктан, биздин продуктулар дүйнө жүзүндөгү бардык керектөөчүлөргө бирдей жакшы жардам берүүсү абдан маанилүү. Анын ишенимдүүлүгүнө ишенүү үчүн биз Age Reflect долбоорун ишке киргиздик, ал ар түрдүү маданияттардын жана этностордун элдери кантип карып жатышканын изилдейт. Биз карылыктын белгилерин элдер кандай кабыл алышаарын, жаш курак жана жашоо образы тышкы келбетке кандай таасирин тийгизээрин изилдейбиз. Так ушунун жардамы менен биз «акылдуу» продуктуларды тузөбүз, алар бүт дүйнө жүзүндөгү бардык керектөөчүлөрдүн терилеринин ар түрдүү типтерине иштешет.