Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Лабораториядан тартып баночкага чейин

Эл аралык класстагы жабдуулар жана акыркы заманбап технологиялар менен жабдылган биздин лабораторияларда окумуштуулар изилдөөлөрдү жүргүзүшөт жана аларды сен абдан жакшы көргөн сапаттуу, инновациялык продуктуларды жаратышат.

Мыкты ингредиенттерди издөө


Биздин продуктулардын жаралган өмүр жолу Терини Изилдөө Институтунан башталат, анда биз нукура табигый ингредиенттерди жана биоактивдүү өсүмдүктөрдүн экстракттарына тест жүргүзөбүз, ошондой эле инновациялык косметикалык технологияларды иштеп чыгабыз.

Биздин продуктулардын негизи — сапаттуу чийки зат. Биз өсүмдүктөрдүн стволдук клеткаларынын технологиясына өзгөчө көңүл бурабыз, анткени ал сууну жана энергияны керектөөнү төмөндөтөт жана пестициддерди колдонууну талап кылбайт. Ушунун аркасында биз жаратылышка зыян келтирбестен өсүмдүктөрдөн пайдалуу заттарды бөлүп алабыз.


Формулаларды иштеп чыгуу


Колдонууда чындап эле натыйжалуу жана жагымдуу продуктуларды түзүү — бул өтө татаал процесс, анда окумуштуулардын экспертизасысыз бизге кыйыныраак болот.

Биздин курамдарга бир эмес, а бир нече активдүү заттар кирет, аларды биргелешип иштетүү, продуктунун натыйжалуулугун жогорулатат. Мындан тышкары, биздин продуктулар биз берген убадаларды канчалык жакшы деңгээлде аткаргандыгын биз ар дайым текшерип турабыз - мисалга, териге камкордук көрүү боюнча биздин NovAge сыйлык продуктулар эң катаал клиникалык сыноолордон өткөрүлөт.


Тестирлөө жана баалоо


Тестирлөө жана баалоо — продуктунун жаралган өмүр жолунун эң маанилүү этаптарынын бири. Биздин тест жүргүзүү борборубузда биз ыктыярчылардын терисинин абалын анализдейбиз жана клиникалык жана керектөөчү тесттерди жүргүзөбүз. Алар кандайча айырмаланарын сен билесиңби?

 

КЛИНИКАЛЫК ТЕСТТЕР

Клиникалык тесттер, жыйынтыктар ишенимдүү жана объективдүү болушу үчүн алар текшерүү жүргүзүүчү эксперттердин катуу көзөмөлүнүн алдында жүргүзүлөт. Биз теринин, чачтын жана кирпиктердин ар кандай касиеттерин изилдейбиз жана биздин продуктулар бырыштарга, теринин тешиктерине, беттин өңүнө, пигментацияга жана көптөгөн башкаларга кандай таасир тийгизерин аныктайбыз. Мындан тышкары, биз клиникалык изилдөөлөрдү Европада гана эмес, Азияда да уюштурабыз, ошондуктан сенин кайда жашаганың анча маанилүү эмес — биздин продуктулар сенин териңдин тибине, жашоо образыңа жана муктаждыктарыңа карата көнүктүрүлөт.

КЕРЕКТӨӨЧҮ ТЕСТТЕР

Биздин каражаттарды бир нече күн же бир нече жума бою алар үйүнөн колдонуп көргөн ыктыярчылар тобунун арасында керектөөчү тесттерди жүргүзөбүз. Андан кийин алар суроолорго жооп беришет жана продуктулардын артыкчылыктары жана натыйжалуулугу жөнүндө субъективдүү пикирлери менен бөлүшүшөт.

 


Сенин сүйүктүү кремдериңди жараткан окумуштуулар менен таанышып ал.


 

БИЗДИН ОКУМУШТУУЛАР ТУУРАЛУУ КӨБҮРӨӨК БИЛИП АЛ