![https://media-cdn.oriflame.com/productImage?externalMediaId=product-management-media%2fProducts%2f34511%2fKG%2f34511_1.png&id=2024-03-11T09-50-44-875Z_MediaMigration&version=1675079106](https://media-cdn.oriflame.com/productImage?externalMediaId=product-management-media%2fProducts%2f34511%2fKG%2f34511_1.png&id=2024-03-11T09-50-44-875Z_MediaMigration&version=1675079106)
![https://media-cdn.oriflame.com/productImage?externalMediaId=product-management-media%2fProducts%2f34511%2fKG%2f34511_2.png&id=2024-03-11T09-50-41-635Z_MediaMigration&version=1675079106](https://media-cdn.oriflame.com/productImage?externalMediaId=product-management-media%2fProducts%2f34511%2fKG%2f34511_2.png&id=2024-03-11T09-50-41-635Z_MediaMigration&version=1675079106)
![https://media-cdn.oriflame.com/productImage?externalMediaId=product-management-media%2fProducts%2f34511%2fKG%2f34511_3.png&id=2024-03-11T09-50-43-278Z_MediaMigration&version=1675079106](https://media-cdn.oriflame.com/productImage?externalMediaId=product-management-media%2fProducts%2f34511%2fKG%2f34511_3.png&id=2024-03-11T09-50-43-278Z_MediaMigration&version=1675079106)
![https://media-cdn.oriflame.com/productImage?externalMediaId=product-management-media%2fProducts%2f34511%2fKG%2f34511_4.png&id=2024-03-11T09-50-44-947Z_MediaMigration&version=1675079107](https://media-cdn.oriflame.com/productImage?externalMediaId=product-management-media%2fProducts%2f34511%2fKG%2f34511_4.png&id=2024-03-11T09-50-44-947Z_MediaMigration&version=1675079107)
Дневной крем-энергетик против первых возрастных признаков SPF 30 NovAge Skinergise Ideal Perfection
2000.00 Сом
Баяндоо
SPF 30 кошулган жаш курактын биринчи белгилерине каршы бетке арналган күндүзгү крем-энергетик биринчи бырыштардан коргойт* жана 24 саатка нымдандырат**.
- Е витамини - күчтүү табигый антиоксидант - теридеги нымды сактап, табигый липиддик тоскоолду бекемдейт;
- Pollution Protect коргоо техгологиясы айлана-чөйрөнүн агрессивдүү таасирлерин азайтып, теринин бетиндеги ичке коргоочу катмарды түзөт;
- Майлуу жалтыроону жоготуучу упа ашыкча себумду сиңирип, теринин текстурасын жакшыртып, аны жибек сымал жылмакай кылат.
Натыйжалуулук клиникалык жана керектөөчүлүк изилдөөлөр менен тастыкталат. Дерматологиялык текшерүүдөн өткөн.
Максималдуу эффективдүүлүккө жетүү үчүн, ар күнү эртең менен сывороткадан кийин NovAge Skinergise Ideal Perfection (42723) комплекстүү кам көрүүнүн бир бөлүгү катары колдон.
*Стандарттык тазалоочу каражатын жана NovAge Skinergise Ideal Perfection күндүзгү крем-энергетигин 1 жолку жана 8 жума колдонуудан кийинки клиникалык тесттердин жыйынтыктары боюнча. Клиникалык изилдөөлөр ОриДерм лабораториясында 2018-жылдын 27-июнунан 29-августуна чейин 49 аялдын катышуусу менен жүргүзүлгөн.
**Эпидермистин мүйүз катмары. NovAge Skinergise Ideal Perfection күндүзгү крем-энергетигин бир колдонуудан кийинки клиникалык тесттердин жыйынтыктары боюнча. Клиникалык изилдөөлөр ОриДерм лабораториясында 2018-жылдын 27-июнунан 29-августуна чейин 49 аялдын катышуусу менен жүргүзүлгөн.
Кантип колдонуу керек
Күндүзгү крем - эртең мененки комплекстүү кам көрүүнүн акыркы этабы. Анын формуласы терини керектүү деңгээлде нымдуулук менен камсыз кылуу жана күн бою айлана-чөйрөнүн таасиринен сактоо үчүн иштелип чыккан.
- 5 кичинекей буурчактай көлөмдөгү кремди чекеӊе, беттериӊе, мурдуӊа жана ээгиӊе сүйкө.
- Манжалардын учу менен жеңил укалоо же акырын чапкылоо кыймылын колдонуп, толугу менен сиңгенче кремди жай. Көздүн айланасынан алыс бол. Праймер, тоналдык крем, кошумча күндөн коргоочу каражаттарды же башка каражаттарды колдонуудан мурун бир нече мүнөт күтө тур.
Комплекстүү кам көрүү синергия принциби боюнча курулат: ар бир өнүмдүн формуласы алардын бардыгы бири-бирин толуктап тургандай кылып ойлонулган. Сен өнүмдөрдү өз-өзүнчө ийгиликтүү колдоно аласыӊ, бирок топтом толугу менен колдонулган учурда жакшы иштейт. Максималдуу натыйжа алуу үчүн, NovAge Skinergise Ideal Perfection (42723) комплекстүү кам көрүүнүн бир бөлүгү катары колдон.
Курамы
- Таурин — табигый энергетик. Скандинавиялык балырлар менен бир дуэтте таурин түзмө-түз клеткаларды кубаттандырып, терини нымдандырып, калыбына келтирет.
- Acaи мөмөсүнүн сөӊгөк клеткасынын экстракты эркин радикалдардын таасиринен коргойт, күчтүү нымдуулукту камсыз кылат жана тауриндин энергия берүүчү таасирин толуктайт.
- Pollution Protect коргоо технологиясы жана УФ-фильтрлери терини агрессивдүү чөйрөдөн сактап, эрте картаюудан сактайт.
NovAge тууралуу кененирээк
Ой-пикирлерди
Additional Information
Oriflame India Private Limited
B-44, Phase II, Post Office - NSEZ
Gautam Budh Nagar
Uttar Pradesh, 201305 INDIA
INDIA
Жеткирүү
Жеткирүү ыкмалары, наркы жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты сиз төмөнкү бөлүктөн карап чыга аласыз Колдоо борбору.