Набор «Следующий каталог + пробники»
Убактылуу сатылбайт

Набор «Следующий каталог + пробники»

128450
123.00 Сом

Келечекке баш багып, кийинки каталогдо сени эмне күтүп жатканын азыр билип ал! топтомго №1 2021 каталогу жана убакыт менен текшерилген бестселлерлердин — «Мягкая корица» түсүндөгү OnColour крем эрин помадасынын, NovAge Time Restore бетке жана моюнга арналган жашартуучу сывороткасынын жана Sublime Nature Tuberose парфюм суусунун сынамактары кирет.


OnColour крем эрин помадасы

Ачык маанай жарат! Түстөрдүн кеӊ палитрасы, ачык пигменттер жана назик крем формуласы – колднуп көрүп, сериянын бардык артыкчылыктарын баала.


● Vibrant Pigment комплексинин аркасы менен эриндерге каныккан интенсивдүү түс берет.

● Тыгыз крем жабууну камсыздайт.

● Эрин терисин нымдандыруучу CreamComfort кам көрүүчү комплексин өзүнө камтыйт.


NovAge Time Restore бетке жана моюнга арналган жашартуучу сывороткасы

GenisteinSOY карылыкка каршы технологиясы жана кызыл мыя экстракты бар орто жаштагы териге арналган нымдандыруучу сыворотка теринин түсүн тегиздеп, бетке сергиген жана жаркыраган түс берет.


● Терини интенсивдүү нымдандырат*.

● Түстү тегиздейт** (81% тастыкташат).

● Теринин сырткы көрүнүшүн 1 жумадан кийин көз көрүнөө жакшыртат**.

● Табигый жаркыроо берет** (85% тастыкташат).

● Тез сиӊет.

● Түнкү жана күндүзгү кремдин таасирин күчөтөт.


*Активдүү ингредиенттин клиникалык тестирлөөсүнүн натыйжалары боюнча.

**55 жаштагы жана андан жогору жаштагы 80 аял катышкан 8 жумалык керектөөчүлүк тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча.


Sublime Nature Tuberose парфюм суусу

Түндө гүлдөгөн туберозаны «түн ханышасы» деп да аташат. Бул каныккан жагымдуу жыпар жыт таӊ алдында абдан жаркын сезилет. Парфюмердин чеберчилигинин жана Sublime CO2 табигый экстракция ыкмасынын аркасы менен ингредиенттин тыбышы Sublime Nature Tuberose жыпар жытында чагылдырылган. Негизги ингредиентти ак гелиотроптун жана франжипани гүлүнүн, сандалдын жана ванилдин ноталары толуктайт.


● Экологиялык таза табигый көмүр кычкыл газын (СО2) бөлүп алуу ыкмасы таза жана каныккан экстракттарды жаратат, алар химиялык кошулмаларды колдонбостон табигый жыпар жыттарды кайталайт. Натыйжада, жаратылыш менен биримдиктин көз ирмемин ачкан табигый кооздуктагы асыл жыпар жыт пайда болот.

● Композиция мастер-парфюмер Натали Лорсон менен бирге сейрек кездешүүчү ингредиенттин негизинде түзүлгөн, анын экстракттары этикалык принциптерге ылайык алынат.

;