Skip to main content Skip to main menu Skip to search

NovAge комплекстүү кароо

NovAge күнүмкү кароо системасынын ар бир кадамы мурункусун идеалдуу толтуруп турат, атайын иштелип чыккан каражаттардын бири биринин эффективдүүлүгүн жогорулатып турат.
Комплекстүү кароо теринин баардык муктаждыктарын толугу менен канааттандырат, аны тазалык, нымдоо жана кароо менен камсыздап, жана кыска убакыттын ичинде мыкты жыйынтыктарга жетишүү үчүн жардам берет. Бир күндө эки минутадан эки жолу — териге кам көрүү үчүн ошол эле керек.

1-Кадам. ТАЗАЛОО
Кылдат тазалоо жалпы теринин абалын жакшыртып жана кремдин курамындагы активдүү заттарга жана сывороткага терең сиңирүүгө, эффективдүү иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Эми бул процедураларга бир эле каражат жетиштүү болот. Клиникалык жактан далилденген: тазалоочу гель-тоник NovAge жуунуу үчүн (33984) ошондой эле эффективдүү, тазалоочу гель жана тоник NovAge алардын чогу колдонуусунан.
• Бетиңди жана мойнуңду суула. Гелдин бираз санын гана (диспенсерди бир эле жолу басуу) колуңдун алаканына сыгып ал.
• Массаж түрүндө манжалардын учтары менен гелди бетке жана моюнга колдон. Көздүн аймактарынан абайла.
• Кылдаттык менен каражаттарды жылуу суу менен жууп сал жана акырын жумшак сүлгү менен терини сүрт. Зарылчылык болсо процедураны кайра кайталаса болот.

2-Кадам. КӨЗ АЙМАКТАРЫНЫН ТЕРИСИНЕ КАМКОРДУК КӨРҮҮ
Көз аймактарынын териси үчүн кремдин текстурасы жеңилирээк, анын жыты жок жана тактап айтканда бул аймактын муктаждыгын канааттандыруу үчүн атайын иштелип чыккан.
• Кремди аты жок манжанын учу менен орбиталык сөөк контуру боюнча сыйпап колдон. Ар бир көзгө каражаттын күрүчтүн, буудайдын көлөмүндөй эле кичинекей порция гана жетиштүү. Көздүн ичине кирип кетишинен абайлаңыз.
• Кремди териге назиктик менен жана акырын чапкылоо менен толук сиңип кеткенге чейин киргизүү керек.

3-Кадам. АКТИВАТОР
Бет жана моюндун териси үчүн сывороткалар көбөйтүлгөн концентратта активдүү заттарды камтыйт жана жеңил текстурасына байланыштуу терең кирет, күндүзгү жана түнкү кремдердин эффективдүүлүгүн жогорулатат.
• Колдун үстүнө сыворотканы бир аз өлчөмдө сыгып ал (дозаторду бир жолу басуу менен).
• Продуктту мажалардын учтары менен алып бетке бир калыпта бөлүштүрүп, көздүн аймактарынан айбайлап пайдалан.
• Назиктик менен жана акырын чаап же жылмалап анын толук сиңирилишине сүйкө.

4-Кадам. НЕГИЗГИ КАМКОРДУК КӨРҮҮ
Кремдер териге керектүү нымдуулукту берет жана карылык белгилерине каршы күрөшүүнү камсыздайт. Күндүзгү крем агрессивдүү экологиялык таасирлерден коргойт, ал эми түнкү крем терини уктап жаткан учурда интенсивдүү калыбына келтирет.
• Бурчактын өлчөмүндө болгон кремди беттин беш жерине колдон: чекеге, ээкке, мурунга жана эки бетке.
• Назиктик менен жана акырын чаап же жылмалап анын толук сиңирилишине чейин сүйкө.