Берүү пунктуна чейин жеткирүү
Буйрутмаларды берүү пунктуна (ББП) чейин жеткирүү Кыргызстандын иштеп жаткан берүү пункттары бар белгилүү бир шаарлары боюнча жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө берүү пункттары катары төмөнкү компаниялар колдонулат: PonyExpress, Партнер Нефть май куюучу станциялары.
Буйрутмаларды берүү пункттарынын тизмеси бул жерде жеткиликтүү.
*Көӊүл буруӊуз, сиз буйрутмаңызды жайгаштыруу учурунда "Жеткирүү" бөлүмүндө пункттардын актуалдуу тизмесин таба аласыз.
Буйрутмаңыз жайгаштырылгандан кийин 72 сааттын ичинде толугу менен төлөнүшү керек, болбосо ал автоматтык түрдө жокко чыгарылат. Буйрутмалар 100% төлөгөндөн кийин гана чогултулуп, жөнөтүлөт.
Уюлдук телефонуңуздун номеринин актуалдуулугун "Профилдин ырастамалары" бөлүмүндө, "Телефон" салмасынан текшериңиз. Бул телефон номери аркылуу сизге буйрутмаӊызды алуу зарылдыгы жөнүндө кабарлана тургандыктан бул зарыл нерсе болуп саналат.
1. Жеткирүүнүн баасы
● Oriflame өнөктөшүнүн кеӊсеси - 170 сом
● Үйгө жеткирүү – 185 сом
● Кыргыз Почтасы байланыш бөлүмүнө чейин жеткирүү – 170 сом
● Буйрутмаларды берүү пункту (ББП) - 170 сом
*Кеӊеш: акысыз жеткирүүнү колдон. Ал үчүн буйрутманы жайгаштырууда «Жеткирүү» кадамында жеткирүү акысынын ордуна популярдуу өнүмдү тандап ал. Өнүмдүӊ өзүн жана ал өнүм үчүн бонус баллдарын ал.
2. Жеткирүү мөөнөттөрү
Жеткирүү ББП иштөө графигине ылайык жүргүзүлөт.
Буйрутма чогултулушу үчүн анын акысы чогултуу күнү саат 00:00гө чейин төлөнүшү керек.
Эгер буйрутманын акысы ал жайгаштырылгандан кийин 72 сааттан кийин, бирок чогултуу күнү 00:00дөн кийин төлөнсө, ал транспорттук компанияга график боюнча кийинки чогултуу күнү чогултулуп, берилет.
Эгер буйрутманын акысы 72 сааттын ичинде төлөнбөсө, ал автоматтык түрдө жокко чыгарылат.
Калктуу конуш / Аймак |
Бишкекке келген күнү |
Жеткирүү мөөнөтү |
Баткен обл. |
Шаршемби, Ишемби |
5 күн |
Бишкек |
Шаршемби, Ишемби |
3 күн |
Жалал-Абад обл. |
Шаршемби, Ишемби |
5 күн |
Ысык-Көл обл. |
Шаршемби, Ишемби |
5 күн |
Нарын обл. |
Шаршемби, Ишемби |
5 күн |
Ош обл. |
Шаршемби, Ишемби |
5 күн |
Талас обл. |
Шаршемби, Ишемби |
5 күн |
Чүй обл. |
Шаршемби, Ишемби |
4 күн |
3. Буйрутманы жайгаштыруу
Өнөктөштөр үчүн бөлүмгө кирип, өзүӊүздү кызыктырган өнүмдөрдү тандап, аларды себетке салыңыз;
Керектүү жеткирүү түрүн тандаӊыз - Берүү пунктунан кабыл алуу;
Интерактивдүү картада сизге эң жакын берүү пунктун тандаңыз. Керектүү калктуу конушту тандоо үчүн издөөнү колдонуңуз же ББП номерин жазыӊыз. Жеткиликтүү берүү пункттарынын тизмеси бул жерде.
Буйрутманы жайгаштырууну аяктаӊыз.
4. Буйрутманын акысын кантип төлөө керек?
Буйрутмалардын акысын кантип төлөө керек экенин «Буйрутмалардын акысын төлөө» бөлүмүнөн билип алыӊыз
5. Буйрутмаларды алуу
Берүү пунктунун кызматкери буйрутма келип түшкөн учурда байланыш телефону боюнча сизге кабарлайт.
Буйрутмалар коштомо кагазда көрсөтүлгөн алуучуга, өздүгүн тастыктоочу документ көрсөтүлгөн болсо же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөнн ишеним каты бар башка адамга берилет.
Буйрутмаңызды алгандан кийин сизге төмөнкүлөрдү аткарууӊуз керек:
Таңгактын бүтүндүгүн жана тышкы бузулуулардын жоктугун текшериңиз;
Эгерде таңгакта бузулуу белгилери болсо, таңгакты ачып, ичиндегилерди коштомо кагаз менен текшерүү керек. Эгерде доо-талаптар жок болсо, буйрутманы алууну тастыктаган коштомо кагазга кол коюу керек;
Эгерде буйрутманы алуу жөнүндө кол коюуга кошумча дал келбестиктер/бузуулар болсо, коштоочу документтерге белги коюу же 2 нускада Дал келбөө жөнүндө акт түзүү зарыл. Акт же коштоочу документтердеги белгилер таңгактын бузулушунун мүнөзүн жана салынбай калган өнүмдөрдүӊ тизмесин камтууга тийиш.
Берүү пунктунун кызматкери сиздин Актыӊыздын/коштоочу документтериӊиздин нускасына кол койгонун текшериңиз;
Бузулган/жараксыз кутуну, андагы буюмдарды жана коштомо документтерди сүрөткө тартыӊыз;
Куту жана документтердин сүрөттөрү электрондук почта аркылуу Орифлэйм компаниясынын info@oriflame.kg дарегине жөнөтүлүшү керек.
Орифлэймдин сайтында онлайн доо-талабыӊызды жазыңыз.
6. ББПга жеткирүү суроолору боюнча кимге кайрылуу керек?
Берүү пункттарынын тизмесинде көрсөтүлгөн телефон боюнча буйрутмаларды берүү пунктуна кайрылуу зарыл.