Кыргызстан Почтасынын почта бɵлүмүнɵ чейин жеткирүү
Урматтуу бренддин Ɵнɵктɵштɵрү,
Сиздер буюртманы Кыргызстан Почта бɵлүмүнɵн алсаңыздар болот.
Жеткирүү дарегинде даректи жана почта индексин туура кɵрсɵтүү маанилүү, анткени сиздер кɵрсɵткɵн дарек боюнча почта бɵлүмүнүн номери аныкталат. Ɵзүңүздɵрдн индексиңиздерди Кыргызстан почтасынын https://kyrgyzpost.kg сайтындагы маалымдамадан билип алсаңыздар болот.
Буюртманын акысын буюртма жайгаштырылган учурдан тарта 72 сааттын ичинде тɵлɵɵ зарыл, болбосо ал автоматтык түрдɵ жокко чыгарылат. Буюртмаларды чогултуу жана жүктɵп жɵнɵтүү 100% акы тɵлɵнгɵндɵн кийин гана аткарылат.
● Офис партнера Oriflame - 170 сом
● Доставка на дом – 185 сом
● Доставка в Отделения связи Кыргыз Почтасы – 170 сом
● Пункт выдачи заказов (ПВЗ) - 170 сом
*Кеңеш: акысыз жеткирүүнү колдон. Бул үчүн «Жеткирүү» кадамында жеткирүүнүн акысынын ордуна популярдуу бир ɵнүмдү тандап ал. Ɵнүмдүн ɵзүн жана бул ɵнүм үчүн бонус баллдарын ал.
2. Жеткирүү мɵɵнɵтү
Жеткирүү Дүйшɵмбүдɵн Жекшембиге чейин аткарылат.
Буюртма чогултууга жɵнɵтүлүшү үчүн анын акысы чогултуу күнү саат 00:00гɵ чейин тɵлɵнүшү керек.
Эгерде буюртманын акысы буюртма жайгаштырылгандан кийин 72 сааттын ичинде, бирок чогултуу күнү 00:00дɵн кийин тɵлɵнсɵ, анда ал график боюнча кийинки чогултуу күнү чогулуп, транспорттук компанияга берилет.
Буюртманын акысы 72 сааттын ичинде тɵлɵнбɵсɵ, ал автоматтык түрдɵ жокко чыгарылат.
Калктуу конуш / Регион |
Буюртмаларды чогултуу жана транспорттук компанияга берүү күнү |
Чогултулган күндɵн тарта жеткирүү мɵɵнɵтү |
Баткен обл. |
Шаршемби, Ишенби |
13күнгɵ чейин |
Бишкек |
Шаршемби, Ишенби |
6 күнгɵ чейин |
Жалал-Абад обл. |
Шаршемби, Ишенби |
11 күнгɵ чейин |
Ысык-Кɵл обл. |
Шаршемби, Ишенби |
10 күнгɵ чейин |
Нарын обл. |
Шаршемби, Ишенби |
11 күнгɵ чейин |
Ош обл. |
Шаршемби, Ишенби |
11 күнгɵ чейин |
Талас обл. |
Шаршемби, Ишенби |
10 күнгɵ чейин |
Чүй обл. |
Шаршемби, Ишенби |
10 күнгɵ чейин |
3. Буюртма жайгаштыруу
- Ɵнɵктɵштɵр үчүн бөлүмгө кириңиз, сизди кызыктырган өнүмдөрдү тандап, аларды себетке салыңыз;
- Жеткирүүнүн керектүү түрүн тандаңыз – Кыргызстан Почтасынын почта бɵлүмүнɵ чейин жеткирүү;
Буюртманы жайгаштырууну аяктаңыз.
4. Буюртманын акысын кантип төлөө керек?
Буюртманын акысын төлөөнү «Буюртма үчүн төлөм» бөлүмүнөн караңыз
5. Буюртманы алуу
Буюртма келип түшкөндө почта бɵлүмүнүн кызматкери сизге бул тууралуу байланыш телефону аркылуу кабарлайт.
Буюртмалар эсеп-фактурада көрсөтүлгөн алуучуга, ɵздүгүн күбɵлɵндүрүүчү документ болгондо же башка жакка мамлекеттик нотариус тарабынан берилген ишеним кат боюнча берилет.
Буюртманы алгандан кийин, сиз тɵмɵнкүлɵрдү аткарышыңыз керек:
Таңгактын бүтүндүгүн жана сырткы бузулууларын текшериңиз;
Таңгакта бузулуу белгилери бар болсо, анда таңгакты ачып, буюртманын курамын коштомо кагаз менен салыштыруу зарыл. Дооматтар жок болгон учурда, буюртманы алуу үчүн эсеп-фактурага кол коюңуз;
Эгерде буюртманы алууда дал келбестиктер/бузулгандыктар болсо, салынган товарлардын кемдиги/ашыктыгы/кемчилиги боюнча онлайн доо-талапты түзүп, 2 нускамада дал келбестик жɵнүндɵ актты түзүү зарыл. Акт кем салынган товарларды жана таңгактын бузулуу мүнɵздɵрүн баяндоону камтышы керек.
Почта кызматкери Актка/сиздин нускамаңыздагы коштомо документтерге кол койгонуна ынаныңыз.
Бузулган/кемчилиги бар кутуну, анын ичиндеги ɵнүмдɵрдү жана коштомо документтерди сүрɵткɵ тартыңыз;
Кутулардын жана документтердин сүрɵтүн Орифлэйм компаниясынын info@oriflame.kg электрондук дарегине жɵнɵтүү зарыл.
Орифлэймдин сайтында онлайн доо-талабыңызды жазыңыз.
6. Буюртманы жеткирүү суроолору боюнча кимге кайрылуу керек?
Кыргызстан Почтасынын +996-312-61-52-94 ишеним телефону же Орифлэйм компаниясына 0800900 0000 телефону аркылуу кайрылуу зарыл.