Skip to main content Skip to main menu Skip to search
  1. Башкы
  2. Колдоо борбору
  3. Жазылуу, менин профилим
  4. Өз түзүмүмө жаңы Өнөктөштөрдү кантип каттасам болот?

Өз түзүмүмө жаңы Өнөктөштөрдү кантип каттасам болот?

Паспорту бар, 14 жашка чыккан ар бир адам Орифлэйм брендинин өнөктөшү боло алат.
•    Биздин сайттан сиз жаңы өнөктөштү каттап, анын демөөрчүсү боло аласыз. Бул үчүн сиз жеке профилиңизде электрондук дарегиңизди көрсөтүүңүз керек. Каттоодон кийин, жаңы келген адам өз электрондук дарегине каттоонуу тастыктоого сурам алат.

•    Жаңы келген адам каттоо формасын сайттан толтуруу менен өз алдынча катталып алса болот. Жаңы өнөктөш сиздин түзүмүңүздө болушу үчүн, андан «Демөөрчү» талаачасына сиздин номериңизди көрсөтүүсүн сураныңыз. Көңүл буруңуз, өз алдынча катталуу үчүн жаңы келген адамдын жеке электрондук почтасынын дареги болушу керек. Эгер жаңы өнөктөштү сиз каттап жатсаңыз, анын жеке почтасынын дареги талап кылынбайт, бирок сизде ал сөзсүз түрдө болушу керек.  

•    Эгер сиз рекрутинг кампаниясы болуп жаткан мезгилде өнөктөштү каттасаңыз жана ал 3 каталог мезгилинин ичинде бир дагы буюртма жайгаштырбаса, анын каттоосу жокко чыгарылат. Рекрутинг кампаниясы иштеп жаткан мезгилде сиз өзүңүздүн жаңы адамыңыз ала турган Старттык  топтомдун түрүн тандасаңыз болот. Сиз өнөктөштү минималдуу жеңилдетилген Старттык топтомду алуу менен  98 сомго  каттап же Стандарттуу Старттык топтомду  149 сомго алуу менен каттасаңыз болот. Бул үчүн онлайн каттоо формасындагы «Старттык топтом» талаасынан зарыл болгон топтом түрүн тандасаңыз болот. Жаңы адамыңыз кайсы топтомду тандаса дагы, рекрутинг акциясынан катышуу сакталат.