ОНЛАЙН-КАРДАРЛАР ЖАНА КАТЫШУУЧУЛАР ҮЧҮН
ЖОБОЛОР ЖАНА ШАРТТАР

Бул Эрежелер жана Шарттар (мындан ары "Шарттар"), ошондой эле аларда айтылган бардык документтер, сиз аларды кабыл алганыңызда, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 154-үй, дареги боюнча жайгашкан, КНС төлөөчүсүнүн номуру: 00807200910181 («Орифлэйм», «биз», «бизге», «биздин») "Oriflame Cosmetics" ("Орифлэйм Косметикс) жоопкерчилиги чектелген коому менен Сиздинсиз», «Кардар») ортоңузда милдеттүү келишимди (мындан ары "Макулдашуу") түзөт.

Шарттар "Орифлэйм" компаниясынын http://www.oriflame.kg ("Сайт") соода аянтчасын сиздин тарабыңыздан Кыргыз Республикасынын аймагында ("Аймак") Өнүмдөрдү сатып алуу үчүн колдонууну регламенттөөчү юридикалык жоболорду жана шарттарды аныктайт жана өзү менен буга чейинки бардык макулдашууларды, арыздарды же милдеттенмелерди алмаштырат. Биз ушул Шарттарды сизге жеткиликтүү веб-сайтыбызга жарыяладык, андыктан Макулдашууну түзгөн ушул Шарттардын жана башка документтердин көчүрмөлөрүн кийин колдонуу максатында басып чыгарып алып, сактап коюңузду сунуштайбыз.

1. МЫЙЗАМДУУЛУК

1.1. Биз Сайтта сатып жаткан өнүмдөр жашы эрезеге жете элек адамдар тарабынан сатып алууга арналган эмес. Жашы 18ге толо элек адамдар аларга жеткиликти ата-энесинин же мыйзамдуу камкорчусунун көзөмөлү алдында же макулдугу менен ала алат. 

1.2. Сиз ошондой эле ушул Шарттарда баяндалган жагдайларда, жоболордо, милденттенмелерде, ырастоолордо жана кепилдиктерде макулдашуу түзүүгө ошондой эле ушул Шарттарды сактоого жана аткарууга толугу менен жөндөмдүү жана компетенттүү экениңизди билдиресиз жана кепилдейсиз.

1.3. Сиз Сайтта уруксат берилген төлөм жолдору аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө ала турганыңызды билдиресиз жана кепилдейсиз.  

2. СИЗДИН ЖЕКЕ КАБИНЕТИҢИЗ

Эгер сиз биздин сайтта катталган болсоңуз (Бьюти коомдоштугунун Катышуучусу, Катышуучу), анда 6 белгиден кем эмес турган ишенимдүү сырсөздүн тандалышы үчүн, сиздин жеке кабинетиңиздин жана сырсөзүңүздүн ишенимдүүлүгү жана сиздин компьютериңизге же түзмөгүңүздө жеткиликтин чектелиши үчүн жооптуусуз жана сиз жеке кабинетиңиздин жана сыр сөзүңүздүн колдонулушу менен жүргүзүлгөн бардык аракеттер үчүн жоопкерчилик алууга макулдук бересиз. Биз тейлөөдөн баш тартуу, жеке кабинетти жабуу, өчүрүү же мазмунун оңдоо, же өзүбүздүн билишибизче буйрутмаларды жокко чыгаруу укугун өзүбүзгө калтырабыз. 

3. ӨНҮМ

«Орифлэйм өнүмү» же «Өнүм» косметиканы жана коштоочу аксессуарларды, жана ошондой эле «Орифлэйм» компаниясынын Товардык белгиси менен сатыкка чыккан айрым тамак-аш азыктарын жана биологиялык активдүү кошумчаларды билдирет. Сайтта көрсөтүлгөн бардык өнүмдөр, алардын баалары, сунуштар жана акциялар көрсөтүлгөн мөөнөт аралыгында гана, ал эми эгер мөөнөтү көрсөтүлбөгөн болсо, анда сиз көрүп турган маалга гана күчүндө жана милдеттүү болушат. Сайтта берилген өнүм тууралуу толук маалыматка өнүмдөрдүн негизги мүнөздөмөлөрү кирет.   

Каталогдогу же сайтыбыздагы өнүмдөрдүн сүрөттөрү бир гана иллюстрациялык максатта колдонулат: сизге жеткирилип берген өнүмдөрдүн формасы, түсү жана өлчөмү каталогдо же сайтыбызда берилген өнүм үлгүлөрүнөн айырмаланышы мүмкүн, жана мындай айырмалануу өнүдүн кемтиги болуп саналбайт.  

4. БУЙРУТМАНЫ ЖАЙГАШТЫРУУ

4.1. Сиз сатып алгыңыз келген Өнүмдү тандап, Сайтка буйрутма жайгаштыра аласыз. Буйрутманы жайгаштыруу сиздин тандалган Өнүмдү сатып алуу тууралуу сунушуңуз катары каралат. 

4.2. Төмөндөгү аракеттер жасалгандан кийин буйрутма таризделген болот:

4.2.1 Сиз «Себетке кошуу» опциясын колдонуп, сатып алгыңыз келген Өнүмдү тандап алдыңыз; сиз каалаган убакта Себеттин ичиндегисин карап чыгып, Өнүм санын өзгөртүп, Өнүмдү өчүрүп же Себеттин ичиндегисин жокко чыгарып, өзгөртө аласыз;

4.2.2 сиз ушул Шарттарды ачык-айкын кабыл алдыңыз;

4.2.3 сиз буйрутмаңызды кабыл алуу, аны иштетүү жана аткаруу үчүн керектүү жеке маалыматты, аны ичинде сиздин Жеке кабинетиңизди башкарууну бизге тапшырдыңыз; жана

4.2.4 сизге ыңгайлуу жеткирип берүү жана төлөм ыкмасын тандап алдыңыз. 

4.3. Сиз онлайн-буйрутмаңызды жайгаштыргандан кийин аны Сайт аркылуу өзгөртүүгө болбойт; Сиз info@oriflame.kg дареги боюнча Кардарларды колдоо кызматы менен байланышыңыз керек. Эгер буйрутманы жокко чыгаргыңыз келсе, 9-пунктту караңыз. 

4.4. Буйрутмаңызды кабыл алганыбызда, буйрутманы ырастоо Сиз көрсөткөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт, андан кийин бул Шарттар сатып алуу келишими катары иштей баштайт. Биз себебин көрсөтпөстөн, сиздин буйрутманы кабыл алуудан баш тартууга укуктуубуз. Бул учурда биз сиз аткарып койгон каалаган төлөмдү толук көлөмдө кайтарып беребиз.  

4.5. Буйрутманын кабыл алгандыгы тууралуу ырастоодон тышкары сиз жөнөтүлгөн Өнүмдөр тууралуу жана башка керектүү маалыматты аласыз.

4.6. Эгер сиз онлайн режиминде буйрутма кылсаңыз, төмөнкүлөрдү карап көрүңүз:

4.6.1 Сиздин буйрутмаңыздын биздин ырастообуз менен бирге ушул шарттар сиз менен «Орифлэйм» компаниясынын ортосундагы Өнүмдү сатуу жана сатып алуу боюнча келишимди түзөт (биз аны сактоону же басып чыгарууну сунуштайбыз) же биз сизге башка байланыш каражаттары аркылуу билдире алабыз;

4.6.2 Келишим орус жана кыргыз тилдеринде гана түзүлөт жана башка эч бир тилде түзүлбөйт;

4.6.3 «Орифлэйм» компаниясы 18.3-пунктунда баяндалган жүрүм-турум Эрежелерин жетекчиликке алат.

4.7. Аткарылган жана төлөнгөн буйрутмаларды сиз жокко чыгара албайсыз, бир гана 8 жана 9-пункттарда баяндалган учурлардан тышкары. 

4.8. Буйрутмалар бир күн ичинде каалаган убакта жайгаштырылышы мүмкүн, бир гана Сайт маалыматтары жаңыланып жеткилик жок калган учурлардан тышкары.

4.9. Өнүмдөрдүн баары каалаган убакта жеткиликтүү болбойт. Буйрутманы жайгаштырып жаткан маалда өнүм жок боло турган болсо, сиз буйрутма тизмесин өзгөртүп же буйрутмадан баш тартууңуз үчүн сиз буйрутманы жайгаштырып бүткөнгө чейин сизге бул тууралуу билдирүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз.   

4.10 Кээде жана чектелген убакыт аралыгында сайт техникалык иштерге байланыштуу же түрдүү техникалык себептерден улам жеткиликсиз болуп калышы ыктымал. «Орифлэйм» компаниясы мындай учурларга жоопту болбой, Кардарлар же сайттын башка колдонуучулары тарабынан буга байланыштуу келип түшкөн арыздарын кабыл албайт. Сайтта сүрөттөлгөн өнүмдөр менен кызматтардын жеткилиги жайгашкан жерине жана убакытка байланыштуу өзгөрүп турмакчы.    

5. БААЛАР ЖАНА ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ

5.1 Эгер башкасы көрсөтүлбөгөн болсо, Өнүмдөрдүн сайтта сүрөттөлгөн баасы буйрутманы жайгаштырып жаткан учурга Өнүмдөрдүн чекене баасы катары чыгат. Бардык баалар КНСти эске алуу менен сом менен көрсөтүлгөн.

5.2 Биз Бааларды каалаган убакта жана өз билишибизче өзгөртүү укугун өзүбүзгө калтырабыз, бирок сиз буйрутманы жайгаштырууга чейин тандап алган Өнүмгө Баасынын өзгөрүшү ортобуздагы келишимдин бир бөлүгү болуп саналбайт, эгер бул тикелей түрдө ортобузда макулдашылган болбосо.

5.3 Баалар кошумча чыгымдар катары так көрсөтүлгөн транспортировкага, жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жана жыйымдарды жана төлөмдөрдү камтыбайт, алар буйрутманы тариздөөдө баага кошумча болуп, сиз тандаган жеткирип берүү түрүнө жараша өзгөрүп турат.

5.4 Эгер сиз атайы сунуш купонуна ээ болуп, Сайтта көрсөтүлгөндөй кылып анын кодун көрсөтүп активдештирген болсоңуз, биз анын баасын Өнүмдөр баасынан кемитип коймокчубуз

5.5 Төлөмдөрдү банк карталары менен же ушул Шарттарда көрсөтүлгөн башка ыкмалардын жардамында жүргүзүүгө болот. Төлөмгө негизги төлөм банк карталарынын көпчүлүгү кабыл алынат.  

5.6 Төлөмдөрдү жыйноо максатында биз башка кызмат жеткирип берүүчүлөрү менен кызматташуу укугун өзүбүзгө калтырабыз. Ушуга байланыштуу, сиз бул үчүнчү жактын кызмат көрсөтүүчүсүнөн эсеп-фактураларды/квитанцияларды жана төлөм билдирүүлөрүн ала аласыз. Бардык төлөмдөр эреже катары эсепте көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнүшү зарыл. Төлөмдөрдү кечиктирген үчүн Улуттук банктын колдонуудагы пайыздык ченине ылайык күнүмдүк негизде пайыздар жана ошондой эле колдонуудагы Саясатка ылайык, акылга сыярлык чекте карызды кайтаруу боюнча чыгымдар алынышы мүмкүн. 

5.7 Банк карталарынан жүргүзүлгөн онлайн-төлөмдөрдүн коопсуздук максатында бардык төлөм маалыматы шифрленет. Себеби «Орифлэйм» компаниясы ыйгарым укуктуу төлөм кызматтарын жеткирип берүүчүлөрү менен кызматташат, кредиттик карталар тууралуу маалымат төлөм карталарынын индустриясынын маалыматтарынын коопсуздугунун  стандарттарына ылайык тиешелүү түрдө иштетилет. 

5.8 Эгер биз карта боюнча кайталап төлөө мүмкүнчүлүгүн берген болсок, сиз бул ыңгайлуу төлөм ыкмасын так тандап, ага жазылып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Кийинки каалаган төлөмдөр сиз буютманы тариздеп жаткан учурда сиздин төлөм картаңызда уруксаатка ээ болуп, ал эми суммасы сиз «Орифлэйм» компаниясынын буйрутмага берген Өнүмүн жөнөтүп жаткан учурда эсептен чыгарылмакчы. Сиз мезгилдүү төлөмдөрдөн каалаган убакта баш тарта аласыз, ал үчүн профилиңиздин баракчасына өтүп, “Төлөм картасы” (payment card) сакталмасын басышыңыз керек. 

5.9 Сиз эсеп-фактураларды/эсеп-фактураларды электрондук түрдө алууга макулсуз.

6. ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ ЖАНА ТОБОКЕЛДИКТЕРИН ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ

6.1 Буйрутма берилген Өнүм көрсөтүлгөн Аймак чегинде гана жеткирилип берилет. 

6.2 Өнүм жеткирилип бериле турган жерди сиз буйрутмада көрсөтөсүз. Ири көлөмдөгү жөнөтмө учурунда логистикалык компания сизге электрондук почта аркылуу же тексттик билдирүү аркылуу сиз өзүңүз алып кете турган жүк жеткириле турган даректи билдирет. 

6.3 Биз буйрутмаңызды болушунча кыска мөөнөттө, бирок сиз буйрутманы тастыктаган күндөн тартып 30 күндөн кеч эмес иштетип, жеткирип беребиз. Жеткирип берүү маалында биздин көзөмөлдөн тыш жагдайларга байланыштуу кечиктирүүлөр үчүн жооптуу эмеспиз. 

6.4 Өнүмдү жоготуу коркунучу жана өнүмгө менчик укугу Өнүмдү алган учурда сизге өтөт.

6.5 «Орифлэйм» компаниясы сиз туура эмес жана толук эмес маалымат берген себептен келип чыккан жеткирип бербөө, туура эмес жана өз убагында эмес жеткирип берүү үчүн жооптуу эмес. 

6.6 Сиз кайсы бир Шарттардын бирин бузган деп негиздүү шек санаган учурда сиз каалаган учурда жайгаштырган буйрутманы бир тараптуу түрдө жокко чыгаруу укугун өзүбүзгө калтырабыз. 

7. БИЗДИН ӨНҮМГӨ ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ

Биз «Орифлэйм» компаниясынын косметикалык өнүмдөрү EN ISO 22716:2007 Косметикалык өнүмдөрдү жана буюмдарды өндүрүүдөгү тиешелүү өндүрүштүк тажрыйба боюнча Колдонмого жана «Орифлэйм» компаниясынын кесиптик этикасынын Кодексине ылайык өндүрүлгөнүн кепилдейбиз

8. БУЙРУТМАНЫ ЖОККО ЧЫГАРУУ УКУГУ

8.1. Биз Аймакта күчүнө ээ Өнүмдү кайтарып берүү эрежелерин катуу сактайбыз (кошумча маалымат алуу үчүн 9-пунктту караңыз).

8.2. Буйрутманы жокко чыгарып жана Өнүмдү кайтарып берүү укугун сактап, жөнөтмөнү алууда сиз транспорттоодо бузулуп калган Өнүмдөрдүн жок экендигин текшерип чыгышыңыз керек. Сиз же сиздин атыңыздан Өнүмдү алып жаткан адам бузулган/кемтик жерин сүрөттөп Кардарларды колдоо кызматына билдириши керек. Ошондой эле сиз арызыңызды info@oriflame.kg дареги боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүз да болот. 

9. КАЙТАРЫП БЕРҮҮ УКУГУ ЖАНА ОРДУН ТОЛТУРУУ

9.1 Сиз 9.2-пунктта баяндалган мөөнөт аралыгында себебин түшүндүрбөстөн эле Өнүм(дөр)гө буйрутмаңызды жокко чыгара аласыз. Бул тиешелүү убакыт аралыгында сиз оюңузду өзгөртүп же кайсы бир башка себептен улам буйрутма берген Өнүмдү өзүңүзгө калтыргыңыз келбесе, сиз буйрутманы жокко чыгаруу жана чыгым ордун толтуруу ниетиңиз тууралуу бизди кабарлай аласыз дегенди билдирет.  

9.2 Сиз буйрутманы, керек болсо электрондук почта аркылуу ырастоо алгандан кийин дагы, бирок Өнүмгө же эгер бир нече Өнүмгө буйрутма берген болсоңуз, Өнүмдөрдүн акыркысын колуңузга алгандан кийин 14 календардык күндөн кеч эмес каалаган убакта жокко чыгара аласыз.  

9.3 Буйрутманы жокко чыгаруу үчүн, электрондук почта аркылуу кардарларды тейлөө кызматына кайрылыңыз: info@oriflame.kg. Сиз бизди буйрутмаңызды жокко чыгарууңуз тууралуу кабарлоо үчүн типтүү форманы колдоно аласыз. Эгер сиз бул форманы онлайн толтуруп, бизге сайт аркылуу жөнөтсөңүз, биз дароо сиздин буйрутманы жокко чыгарганыңыз тууралуу ырастоону туруктуу маалымат алып жүрүүчүсү (мисалы, электрондук почта) аркылуу жөнөтөбүз. Сиз отчеттуулук максаттарында буйрутманы жокко чыгаруу тууралуу билдирүү көчүрмөсүн сактап алсаңыз болот. Сиз жөн гана буйрутманы жокко чыгарууга берилген мөөнөт аралыгында буйрутманы жокко чыгаруу укугуңуздан колдонуп алышыңыз керек. Ошентип, сиз буйрутманы жокко чыгаруу тууралуу билдирүүнү электрондук почта же почта аркылуу жөнөткөн болсоңуз, анда сиздин жокко чыгарууңуз сиз электрондук почта же почта аркылуу жөнөткөн күндөн тартып күчүнө кирет.       

9.4 Сиз Өнүм үчүн төлөгөн баанын жеткирип берүүгө кеткен жана сиз аларды төлөгөн чыгымын эске алуусу менен орду толтурулат (биз сунуштаган стандарттык жеткирип берүүнүн бюджеттик түрүнөн айырмалуу жеткирип берүүнү тандаган учурда пайда болуучу кошумча чыгымдардан тышкары). Эгер сиз жеткирилип берилген Өнүмгө тиешелүү түрдө мамиле кылбагандыктан зыян келип чыккан болсо, биз ордун толтуруп берүү суммасынан ал зыян эсебин кемитип коё алабыз. Сиз өнүмгө мамиле кылуунун натыйжасында келип чыккан Өнүмдүн баасынын төмөндөөсүнө жооптуусуз, мындан тышкары ал Өнүмдүн жаратылышын, мүнөздөмөлөрүн жана милдеттерин аныктоодо керек. Биз сиз аларга укуктуу ордун толтуруп берүүлөрдү болушунча кыска мөөнөттө караштырып чыгабыз, бирок, каалаган учурда (а) биз сизге жеткирип берген Өнүмдөрдү кайра алган күндөн тартып 14 календардык күн ичинде, же (b) сиз Өнүмдөрдү кайтарып бергениңиздин далилдерин берген күндөн кийин 14 календардык күн ичинде (эгер эртерээк болсо), же (с) 9.8-пункттун жоболорун эске алып, 9.3-пунктта баяндалгандай, сиз буйрутманы жокко чыгарганыңыз тууралуу бизди кабарлагандан күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде. Эгер сиз бизге Өнүмдөрдү алардын кемтиги же туура эмес сүрөттөлүү себебинен улам кайтарып берген болсоңуз 9.5-пунктту караңыз.   

9.5 Эгер сиз Өнүмдү алардан кемтик же туура эмес сүрөттөлүшүн тапкандыктан кайтарып жаткан болсоңуз, биз кемтик Өнүмдүн баасынын, аны жеткирип берүүгө кеткен чыгымды жана Өнүмдү кайтарып берүүдөгү чыгымдарды акылга сыярлык чекте ордун толтуруп беребиз.

9.6 Эгер сиз башкасы тууралуу макулдашпаган болсоңуз биз акчаны кредит картасына, дебеттик картага же сиз төлөм маалында колдонгон каалаган каражатка салып, кайтарып беребиз; кандай болсо дагы кайтарып берүүнү ишке ашырууда сиз тараптан эч кандай жыйымдарды төлөө болжонбойт.  

9.7 Айрым өнүмдөр санитардык жана гигиеналык шарттардан улам герметкалык таңгакта жеткирилет, жана да сиз мындай өнүмдүн заводдук таңгагы бузулуп калган учурда буйрутманы жокко чыгарып же аларды кайтарып бере албайсыз. Бул өнүмдөр Сайтта тиешелүү белгиге ээ.   

9.8 Эгер Өнүмдөр сизге жеткирилип берилген болсо:

9.8.1 сиз Өнүмдү кечиктирбестен, каалаган учурда буйрутманы жокко чыгарган/сатып алуу-сатуу келишимин аткарган күнүнөн тартып 14 календардык күндөн кеч эмес кайтарып беришиңиз керек. Сиз Өнүмдөрдү 14 күндүк мөөнөт өтө электе кайтарып берген болсоңуз мөөнөтү сакталган болуп саналмакчы;

9.8.2 Өнүмдүн кемтиктери жана туура эмес сүрөттөлүшү аныкталбаган болсо (бул учурда 9.5-пунктту караңыз) сиз Өнүмдү бизге кайтарып берүү боюнча түз чыгымдар үчүн жооп тартасыз; жана 

9.8.3 сиз Өнүмдөр сиздин ээлигиңизде болгонго чейин Өнүмдөрдү өзүңүздө сактоонун жана алардын сактыгы боюнча тиешелүү кам көрүүнүн юридикалык милдеттенмесине ээ болосуз.  

9.9 Сиздин буйрутманы жокко чыгаруу жана аны кандайча колдонуу, анын ичинде болжондонгон кайтаруу формасы тууралуу кененирээк маалымат 4.5-пунктта баяндалган доументтерде сакталган. Сиз ошондой эле шилтемесиаркылуу кайтарып берүү формасын жүктөп алсаңыз болот. 

9.10 Мыйзам боюнча биз келишим шарттарына туура келген Өнүмдү жеткирип берүүгө милдеттүүбүз. Сатып алуучу катары сиз дайым кемтиги табылган же ал сүрөтүнө туура келбеген Өнүмгө карата мыйзамдуу укуктарга ээ болосуз. Бул мыйзамдуу укуктар алкагына 9.8-пунктта же ушул Шарттарда баяндалган кайтарып берүү боюнча саясаттар кирбейт. Сиздин аймактагы юридикалык укуктарыңыз жөнүндө консультацияларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен алууга болот.

9.11 Биз ошондой эле «Орифлэйм» соода белгисинин астындагы каалаган Өнүмдүн сапатын кепилдейбиз жана ал биз тараптан өндүрүлүп, жогорку сапат стандарттарына туура келе турганын тастыктайбыз. Биздин кардарларыбыз биздин Өнүмдү бардык жагынан канааттандырарлык деп табат деп ишенебиз. Андыктан «Орифлэйм» компаниясынын кошумча кепилдигин сунуштайбыз, ага ылайык сиз нааразы болгон каалаган Өнүмдү алмаштырып же ага төлөнгөн акча каражаттарын толугу менен анын ордун толтуруп алууга жол берет. Каражаттар Өнүмдү колго алган күндөн тартып 30 күн ичинде кайтарылып бериши зарыл. Бул кепилдик атайын бузулуп же багыты боюнча колдонулбаган каалаган Өнүмгө карата колдонулбайт. Эгер башкасы көрсөтүлбөгөн болсо, бул пунктка ылайык кайтарып берүү жана ордун толтуруп берүү ушул 9-бөлүмдөр кошумча пункттарындагы шарттарына ылайык ишке ашат. Бул кепилдик сиздин мыйзамдуу укуктарыңызга таасирин тийгизбейт.  

10. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАР ЖАНА КУПУЯЛУУЛУК

10.1. Эгерде сиз Сайтка маалымат берип жатсаңыз, анда сиз суроо-талап боюнча өзүңүз жөнүндө так, актуалдуу жана толук маалыматты берүүгө жана зарыл болгон маалыматтарды жаңыртууга макулдугуңузду билдиресиз (мындар ары - "Жеке маалыматтар"). Биз Сайт аркылуу чогулткан жеке маалыматтарды колдонуудагы мыйзамдарга жана “Орифлэймкомпаниясынын купуялык эскертүүсүнө ылайык колдонобуз жана сактайбыз

10.2 Сиз башкаларды “ОрифлэймБьюти коомдоштугуна чакыра аласыз жана алар Катышуучу болуп кошулганда (Катышуучу же Бренд өнөктөштөрү катары), сиз көз карандысыз маалымат көзөмөлдөөчү катары, өзүңүздүн жана алардын Бьюти коомдоштугуна катышуусуна байланыштуу максаттар үчүн же болбосо алардын макулдугу менен электрондук маркетинг максаттары үчүн жеке маалыматтарына кирүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Мындай жеке маалыматтардын көз карандысыз көзөмөлдөөчүсү катары:

10.2.1 бардык жеке маалыматтарды коргоо жана купуялуулукту сактоого кепилдик бересиз жана макул болосуз;

10.2 Маалыматты иштетүү тармак аркылуу жөнөтүлүп жаткан учурда жана маалыматтарды иштетүүнүн бардык мыйзамсыз формаларынан, ошондой эле уруксатсыз маалыматка кирүү же ачыкка чыгаруу, аны мыйзамсыз түрдө же капысынан өзгөртүү, жоготуу же жок кылуудан жеке маалыматтарды коргоо үчүн тийиштүү уюштуручулук жана техникалык коопсуздук чараларын көрөсүз. Аларды ишке ашыруунун техникалык деңгээли жана баасын эске алуу менен, бул чаралар коргоого тийиш жеке маалыматтын мүнөзүнө жана иштелишине байланыштуу тийиштүү тобокелчиликтерге каршы коопсуздуктун деңгээлин сактоого тийиш. 

10.2.3 Жеке маалыматтын кокусунан же мыйзамсыз түрдө жок кылынышына, жоголушуна, өзгөртүлүшүнө, уруксатсыз ачыкка чыгышына же жетүүсүнө алып келген коопсуздуктун бузулушу жөнүндө дароо Орифлэйм” компаниясынын privacy@oriflame.com дарегине электрондук кат жөнөтүү менен, жагдайдын мүнөзүн түшүндүрүп, кабарлашыңыз керек.;

10.2.4 Эгерде сиз каалаган убакта жеке маалыматтарын иштетип жаткан адамдын маалыматын коргоо мыйзамдарына ылайык укуктарыңызды ишке ашыруу өтүнүчүн алсаңыз, мындай өтүнүчтү колдонуудагы мыйзамдар талап кылган деңгээлде жана Орифлэйм” компаниясы тарабынан сизге мезгил-мезгили менен берилүүчү саясаттарга, процедураларга же тренингдерге ылайык аткарууга тийишсиз;

10.2.5 Сиз жеке маалыматтарды Коомдоштуктун Катышуучуларына жана/же Орифлэйм брендинин өнөктөштөрүнө берилген купуялуулук эскертүүсүнө ылайык гана иштете аласыз. “Орифлэйм компаниясы менен мамилеңизди токтоткондон кийин, сиздин карамагыңызда же көзөмөлүңүздө болгон бардык Жеке маалыматтарды себепсиз ашыкча кечиктирбестен жок кылууга кепилдик бересиз жана макул болосуз.

10.3. Колдонуудагы маалыматтарды коргоо жана купуялуулук мыйзамдарын бузуунун натыйжасында сиз тарткан айыптар, чыгымдар, жыйымдар жана жалпысынан ар кандай чыгымдар үчүн жоопкерчиликтен толугу менен баш тартабыз.

11. БЬЮТИ КООМДОШТУГУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

11.1. Сиз Орифлэймдин веб-сайтында жеке аккаунт түзүү менен Бьюти коомдоштугуна кошула аласыз. Бьюти коомдоштугунун мүчөсү катары сиз Бьюти Коомдоштугунун Катышуучуларынын Жөлөкпулдары программасы тарабынан берилген артыкчылыктарга гана укуктуу болосуз

11.2 “Орифлэйм” компаниясы ар кандай Программалар Бьюти коомдоштугунун Катышуучулары үчүн жеткиликтүү же үзгүлтүксүз болоруна же алар Бьюти коомдоштугунун Катышуучулары үчүн кандайдыр бир белгилүү бир киреше деңгээлине же башка компенсацияларга алып келээрине эч кандай кепилдик бербейт. Орифлэйм каалаган убакта жана өзүнүн кароосу боюнча, ар кандай артыкчылыктарды же кандайдыр бир программаны алып салуу, убактылуу токтотуу же өзгөртүү же жаңы артыкчылыктарды же жаңы программаларды кошуу сыяктуу Бьюти коомдоштугунун Катышуучупрограммаларын жаңыртуу жана өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Кайсы болбосун Бьюти коомдоштугунун КатышуучуПрограммасын кайра карап чыгуу, өзгөртүү же толуктоо биздин веб-сайтта жайгаштырылат жана/же кошулгандан кийин көрсөтүлгөн электрондук почта дареги аркылуу сизге тийиштүү түрдө билдирилет жана мындай жарыялоодо/билдирүүдө көрсөтүлгөн күндөн тартып күчүнө кирет, бирок андан кем эмес 30 күндөн кийин. Мындай өзгөртүүлөр тууралуу кабардар болуу сиздин милдетиңиз. Бьюти коомдоштугунун Катышуучуларынын Жөлөкпулдар программасына жана башка Бьюти коомдоштугунун Катышуучуларынын программасына жасалган ар кандай өзгөртүүлөр сиз тарабынан аффилирленген Бьюти коомдоштугунун мүчөсү катары улантуу иш-аракеттериңиздин шарты катары кабыл алынышы керек, анын ичинде сайтты үзгүлтүксүз колдонуу жана сайттан өнүмдөргө буйрутма берүү. Биз сиздин ачык макулдугуңузду талап кылышыбыз мүмкүн же өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Өнүмгө буйрутма берүүнү улантсаңыз, сизди өзгөртүүлөрдү кабыл алды деп эсептейбиз.

11.3 Бренд Партнерлери жана Бьюти коомдоштугунун Катышуучулары көз карандысыз инсандар жана Орифлэймдин кызматкерлери, агенттери же өкүлдөрү эмес жана биздин атыбыздан иш алып барууга эч кандай ыйгарым укуктарга ээ эмес экениңизди эскертесиз. Бьюти коомдоштугунун башка Катышуучулары же сиз айткан кардарлар Орифлэйм өнүмдөрүн Орифлэйм чыгарган баалар боюнча сатып алышат; алар өнүмдөрдү өздөрү тандашат жана сиз аркылуу эмес, түздөн-түз буйрутма беришет. Орифлэйм менен Бьюти коомдоштугунун Катышуучуларынын же сиз жалдаган кардарлардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө же келишимдерди түзүүдө ортомчулук кылууга укугуңуз жок. Биздин атыбыздан же биздин тараптан же болбосо “Орифлэйм” компаниясынын тобуна кирген каалаган башка компаниянын атынан сатып алууга, сатууга же кандайдыр бир келишим түзүүгө сиздин ыйгарым укуктарыңыз жок. Аймактын колдонуудагы мыйзамынын маңызы боюнча сиз соода агенти эмессиз, аны кабыл аласыз жана ага макулсуз, ошондой эле “Орифлэйм” компаниясы менен мамилеңиз токтогондо кандайдыр бир компенсация же ордун толуктоо үчүн төлөм алууга укугуңуз жок. 

11.4 Бренд өнөктөштөр биздин этикалык кодексти жана жүрүм-турум эрежелерин сактоого милдеттүү. Өнөктөш брендинин бактысыз, агрессивдүү же башка орунсуз жүрүм-туруму жөнүндө колдоо тобубузга билдирүүгө чакырабыз. Бьюти коомдоштугунун мүчөсү катары, сиз "Орифлэйм"компаниясына каалаган Сулуулук жамаатын же сатып алуучуну алып келгенде, Орифлеймдин этикалык кодексин жана жүрүм-турум эрежелерин сакташыңыз керек.

11.5 Сиз ар дайым "Орифлэйм"компаниясынын бренд өнөктөшү катары кошула аласыз. "Орифлэйм" компаниясынын Бренд өнөктөшү катары кошулгандан кийин, Бьюти коомдоштугунун мүчөсү катары кошулууңуз автоматтык түрдө бүтөт. Бизнес өнөктөштөрдүн жана сулуулук өнөктөштүгүнүн деңгээлин жогорулатуу жана төмөндөтүү эрежелери жөнүндө Кошумча маалымат тиешелүү саясатта камтылган.


11.6. Сиз биздин кардарларды колдоо боюнча бизге жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүп, ар кандай себептер менен каалаган убакта коомчулуктун Сулуулук мүчөсү катары кошулуу жана жеке эсебин жок жокко чыгара аласыз info@oriflame.kg.

 

12. ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА АВТОРДУК УКУК

12.1 Орифлэймдин же Oriflame аталышы, биздин логотип жана өнүмдөрдүн же Ассортименттин аттары, биз өндүргөн, саткан, же тараткан өнүмдөр Орифлэйм Компаниялар Тобунун соода белгилери болуп саналат. Сайтта колдонулган бардык башка соода белгилери, тейлөө белгилери жана логотиптери Орифлэйм менен байланышы же демөөрчүлүгү болушу мүмкүн болгон тиешелүү ээлеринин соода белгилери, тейлөө белгилери же логотиптери болушу да мүмкүн, болбошу да мүмкүн. Сайтта көрсөтүлгөн белгилерди ар кандай колдонуу жана/же көчүрүү алардын тиешелүү ээсинин алдын ала ачык макулдугун талап кылат.

12.2 Сайтта камтылган же сайт аркылуу жеткиликтүү болгон, бирок чектелбеген бардык мазмун, анын ичинде программалык камсыздоо же санариптик код, сценарийлер, текст, графикалык сүрөттөр, фотосүрөттөр, графикалар, логотиптер, баскычтардын белгилери, кыймылсыз же кыймылдуу сүрөттөр, видео жана аудио клиптер жана маалыматтардын компиляциялары (мындан ары- "Контент") Орифлэйм” компаниясынын, анын Контент провайдерлеринин же башка тиешелүү ээлеринин менчиги болуп саналат, алар Орифлэйм” компаниясы менен аффилирленген, байланышта болгон же демөөрчү болушу мүмкүн. Бизге таандык болбогон контент ошол ээлер тарабынан тийиштүү түрдө лицензияланган жана автордук укук, соода белгиси, жарнама жана башка мыйзамдар, ошондой эле эл аралык келишимдер тарабынан уруксатсыз колдонуудан, көчүрүүдөн жана жайылтуудан корголгон.

12.3 Бизден жазуу жүзүндөгү ачык уруксат жок болгон учурда, сизге басып алууга, кайра чыгарууга, аткарууга, өткөрүп берүүгө, сатууга, лицензиялоого, өзгөртүүгө, туунду чыгармаларды түзүүгө, кайра басып чыгарууга, кайрадан долбоорлоого, жүктөөгө, түзөтүүгө, жарыялоого, өткөрүп берүүгө, ачык көрсөтүүгө, топтоого, шилтеме берүүгө, кандайдыр бир Контентти толугу менен же жарым-жартылай шилтемелөөгө, жайылтууга же колдонууга болбойт. Ушул Шарттарда же Сайтта камтылган бир да маалымат кыйыр түрдө же башка жол менен, кандайдыр бир лицензия же каалаган Контентти алдын-ала жазуу түрүндөгү биздин же үчүнчү жактын уруксатысыз колдонууга укук сыяктуу кабыл алынбашы керек, ал Сайтта берилген интеллектуалдык менчик же Контентке тийиштүү болушу мүмкүн. 

12.4 Сайт автордук укук менен корголгон. Сайттын Контентин сатуу, кайрадан сатуу, көчүрүү же кайрадан чыгарууга тыюу салынат. 

12.5 Азыркы Шарттар тарабынан уруксат берилбеген учурда контентти колдонуу Шарттарды бузуу болуп эсептелет жана автордук укуктун же/жана өндүрүш үлгүсүнүн укугун жана\же патентти бузуу болуп эсептелет. Сиз контентти кандайдыр бир мыйзамсыз максаттар үчүн колдонбоого жана башкалардын, биздин укуктарыбызды бузбоого макулсуз. Сиз кадимки процесстерге кийлигишпөөгө (же үчүнчү тараптын өнөктөштүгүңүздү кийлигишүүгө жол бербөөгө) же башка тараптардын сайтты колдонуусуна, анын ичинде сайттын администратор укугу бар бөлүмдөрүнө кирүү аракеттерине чексиз макулсуз.

13. ЖОККО ЧЫГАРУУ, ӨЗГӨРТҮҮ

13.1 Биз каалаган убакытта өзүбүздүн каалообуз боюнча сиздин ушул Шарттарды аткарып аткарбай жатканыңызды аныктайбыз. Шартты каалаган бузуу сиздин Сайтты колдонуу жана агы жетүү мүмкүнчүлүгүңүздү толугу менен же жарым-жартылай чектөөгө алып келет. 

13.2 Эгерде биз сизди ушул Шарттар боюнча кандайдыр бир милдеттенмелерди аткартууга мажбурлабасак, же биз сизге карата өзүбүздүн укуктарыбызды аткарууну камсыз кылбай жатсак, эгер ушул милдеттенмелерди аткарууну кечиктирип жатсак, анда биз сизге карата укуктарыбыздан баш тартканыбызды, аны менен бирге сиз өзуңүздүн милдеттериңизди аткарбашыңыз керек экендигин билдирбейт. Эгерде биз сиздин милдеттенмелериңиздин аткара албагандыгына макул болсок, биз аны жазуу түрүндө билдиребиз, бирок бул сиздин кийинки учурларда өзүңүздүн милдеттенмелериңизди аткарбаган учурда автоматтык түрдө макул болоорубузду билдирбейт. 

13.3 Биз сизди же башка үчүнчү тарапты маалымдабастан ушул Сайттын ишин же каалаган бир бөлүгүн токтотуу же өзгөртүү укугуна ээлик кылабыз. 

14. КАТАЛАР ЖАНА ОҢДООЛОР

Биз үчүнчү тараптын веб-сайттарына же ресурстарына шилтемелерди бере алабыз. Биз тараптан мындай шилтемени берүү ушул шилтемелер аркылуу жеткиликтүү болгон кандайдыр бир маалыматты, өнүмдү же кызматты ырастоо болуп саналбайт. Биз Интернеттин кайсы бир бөлүгүнүн, анын ичинде бул Сайт шилтеме бере турган же ушул Сайт аркылуу кирүүгө мүмкүн болгон башка веб-сайттардын мазмуну же иши үчүн жоопкерчиликти албайбыз. Сураныч, бул Сайт шилтеме кылган веб-сайттарда табылган каталар же ылайык келбеген материалдар жөнүндө бизге кабарлаңыз.

15. ШИЛТЕМЕЛЕР

Биз үчүнчү тараптын веб-сайттарына же ресурстарына шилтемелерди бере алабыз. Биз тараптан мындай шилтемени берүү ушул шилтемелер аркылуу жеткиликтүү болгон кандайдыр бир маалыматты, өнүмдү же кызматты ырастоо болуп саналбайт. Биз Интернеттин кайсы бир бөлүгүнүн, анын ичинде бул Сайт шилтеме бере турган же ушул Сайт аркылуу кирүүгө мүмкүн болгон башка веб-сайттардын мазмуну же иши үчүн жоопкерчиликти албайбыз. Сураныч, бул Сайт шилтеме кылган веб-сайттарда табылган каталар же ылайык келбеген материалдар жөнүндө бизге кабарлаңыз.

16. АРЫЗДАРДЫ ЖАНА ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ ТАРТИБИ

16.1 Сиз ар дайым "Орифлэйм" компаниясынын кардарларды колдоо кызматына каалаган арыз, суроо же суроо-талапты бере аласыз: info@oriflame.kg. же 0 800 900 0000 номерине чалыңыз.

16.2. Сайтты же сиз бизден сатып алган Өнүмдөрдү колдонууңузга байланыштуу кандайдыр бир маселе боюнча мыйзамдуу чараларды көрүү биздин өз ара укугубузга зыян келтирбестен, биз ар кандай талаш-тартыштарды сот аркылуу эмес, өз ара алгылыктуу чечимге жетүү үчүн сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болгон күчүбүздү жумшайбыз. Сураныч, суроолорду талкуулап, бардык дооматтарыңызды биринчи кезекте биздин Кардарларды тейлөө кызматына жөнөтүңүз. Ошого карабастан, сиз каалаган убакта мүмкүн болгон талаш-тартыштарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине маалымдоого укуктуусуз.

17. КОЛДОНУЛУУЧУ МЫЙЗАМ ЖАНА ЮРИСДИКЦИЯ

17.1 Бул Шарттар Аймактын мыйзамдары менен жөнгө салынат жана бул Шарттардан келип чыккан же ага байланыштуу талаш-тартыштар Аймактын компетенттүү соттору тарабынан гана чечилет.

18. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

18.1. Орифлэйм” компаниясы сиздин электрондук почта дарегиңизге билдирүүлөрдү же эскертмелерди жөнөткөн почта серверлеринин администраторлору тарабынан бөгөт коюуга, ошондой эле компьютериңизде орнотулган программалык камсыздоо аркылуу электрондук каттарды жок кылууга же бөгөт коюуга жоопкерчиликти албайт. 

18.2. ”Орифлэймкомпаниясы корпоративдик этика Кодексин жана түз сатуу ассоциациясынын Дүйнөлүк Федерациясынын кодексин катуу карманат (WFDSA Direct Selling Code of Ethics). "Орифлейм" компаниясы өзүнүн Бренд өнөктөштөрүнөн мындан ары "Орифлейм"компаниясынын этикалык кодексинде жана жүрүм-турум эрежелеринде белгиленген бул кодекстерди так сактоону талап кылат.

18.3 Биз келишим боюнча укуктарыбызды жана милдеттерибизди башка уюмга өткөрүп бере алабыз, бирок бул сиздин укуктарыңызга же ушул Шарттарда каралган милдеттенмелериңизге таасирин тийгизбейт.

18.4 Бул Шарттарга ылайык өз укуктарыңызды же милдеттериңизди биздин жазуу жүзүндөгү макулдугубуз менен гана башка адамга өткөрүп бере аласыз. Бирок, эгерде сиз Өнүмдү белек катары сатып алсаңыз, Белек алуучуга 7-пункттагы кепилдиктин артыкчылыктарын биздин макулдугубузсуз өткөрүп бере аласыз.

18.5 Ар бир келишим биз менен сиздин ортобузда түзүлөт. Башка эч кимдин анын шарттарынын бирин дагы күч менен аткарууга укугу жок. Бирок, сиз белек кылган Өнүмдүн алуучусу 7-пунктта белгиленген кепилдикке ээ болот, бирок биз жана сиз бул Шарттарга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүү же жокко чыгарууда анын макулдугун талап кылбайбыз.

18.6. Эгерде Шарттардын кайсы бир жобосу мыйзамсыз, жараксыз же кандайдыр бир себептерден улам мыйзам күчүнө ээ эмес деп табылса, ал жобонун жараксыздыгы Шарттардын калган жоболорунун жарактуулугуна таасирин тийгизбейт.

18.7. Орифлэйм” компаниясынын бул Шарттардын кандайдыр бир жобосун аткарбагандыгы аларды колдонуудан баш тартуусу болуп эсептелбейт.

18.8. Эгер сиз башка чечүү жолун таппасаңыз, биз сизге эскертүүлөрдү, эскертмелерди, электрондук каттарды, түздөн-түз маркетингдик билдирүүлөрдү жөнөтүү менен, каалаган байланыш каналын колдонуп сиз менен байланыша алабыз. Сиз колдонуучунун ырастоолоруна кирип, каалаган убакта бизден маркетингдик билдирүүлөрүңүзгө болгон артыкчылыктарыңызды жаңырта аласыз. Бул Шарттарды кабыл алуу менен, сиз Орифлэйм” компаниясынын сатуу-сатып алуу келишимиңизге жана/же сатып алуу буйрутмаларыңызга тиешелүү башка маалыматты/билдирүүлөрдү кагаздан башка (башкача айтканда, электрондук почта аркылуу же сизге жеке даректелген ар кандай башка ыкмалар менен, бул сизге маалыматты келечекте колдонуу үчүн жеткиликтүү формада жетиштүү узак убакытка сактоого мүмкүндүк берет, ошондой эле мындай маалыматты өзгөрүүсүз түрдө кайра чыгарууга мүмкүндүк берет) бекемирээк алып жүрүүчүгө жөнөтүүсүнө макул болосуз

18.9. Ушул Келишимге ылайык, ушул Келишимде көрсөтүлгөн тараптын дарегине же бир тарап экинчи тарапка мезгил-мезгили менен жазуу жүзүндө жөнөтүп турган башка дарекке буйрутма почта же биринчи класстагы почта аркылуу ар кандай билдирүүлөр мөөнөттүү кабарлоонун эсептелишине алып келет (i) почта аркылуу буйрутма билдирүү үчүн мындай билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып жана (ii) биринчи класстагы почта боюнча мындай билдирүү жөнөтүлгөндөн кийинки экинчи жумушчу күндөн тартып саналат. Эгерде билдирүү башка жол менен жөнөтүлсө, билдирүүнүн мөөнөтү билдирүү иш жүзүндө алынган күндөн тартып башталат. Бул 9-пунктка ылайык бизге кайтарып берүү жөнүндө билдирүүгө карата колдонулбайт - кайтарып берүү мөөнөтү сиз Өнүмдү кайтарууну каалап жатканыңызды билдирген күндөн тартып башталат.

      18.10 "Oriflame Cosmetics" ("Орифлэйм Косметикс") жоопкерчилиги чектелген коому жөнүндө кошумча тийиштүү маалымат төмөндө берилген.

Аталышы:  "Oriflame Cosmetics" ("Орифлэйм Косметикс") жоопкерчилиги чектелген коому

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсу, 154

Байланыштар маалыматы: Эл. дареги: info@oriflame.kg

Каттоо номери: 106711-3300-ООО

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: 00807200910181

19. БАЙЛАНЫШ

Сайтка же ушул Шарттарга байланыштуу кандайдыр бир суроолоруңар пайда болсо, сураныч ушул дарекке жазыңыз: info@oriflame.kg. Биз сизди тынчсызданткан бардык көйгөлөрүңүздү жана бизге билдирген бардык маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

 

Жаңыртуунун акыркы күнү: 21.04. 2024