- 1Киришүү
Орифлэйм косметиканын олуттуу жагымсыз таасирлери жөнүндө отчетторду чогултууга жана бул маалыматты тиешелүү кызыкдар тараптарга жеткирүүгө жооптуу. Олуттуу жагымсыз таасирлер жөнүндө отчетторду берүү жана бул маалыматты бөлүшүү косметиканы коопсуз кылат жана коомдук ден соолукту коргоонун маанилүү аспектиси болуп саналат.
Бул Купуялык саясаты сиз Жагымсыз реакция боюнча дооматты тапшырганыңызда жеке маалыматыңызды кантип чогултуп, колдонорубузду белгилейт. Биз сиздин купуялыгыңызды коргоого жана маалыматтарды коргоо боюнча тиешелүү мыйзамдарды сактоого милдеттүүбүз.
Купуялык саясаты төмөнкүлөргө даректелет:
- Жагымсыз окуяларды кабарлаган, өнүмдөрүбүзгө карата коопсуздук маалыматын берген, медициналык маалыматты талап кылган жана өнүмдөрдүн сапатына даттанган адамдар;
- Жагымсыз окуялары, медициналык маалымат сурамдары жана өнүмдүн сапатына даттануулары болгон адамдар.
Бул саясаттагы сизге жана сиздин колдонуучуӊузга болгон шилтемелер мындай колдонуучуда пайда болгон жагымсыз реакциялар жөнүндө доо (Жагымсыз реакция жөнүндө доо) менен кайрылган Oriflame өнүмдөрүнүн колдонуучусун билдирет.
Жеке маалымат же жеке берилмелер:
Маалыматтын негизинде түз же кыйыр түрдө идентификациялана турган идентификациялануучу адамга тиешелүү кайсы болбосун маалыматты билдирет
- 2Биз кимбиз?
Биз — Oriflame Research and Development Limited (Oriflame, биз, бизди, биздин), жана биз «берилмелердин көзөмөлдөөчүсү болуп саналабыз», бул сиздин маалыматыӊыз ушул Купуялык саясатында көрсөтүлгөн максаттарда кантип жана эмне үчүн иштетилери жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн жооп берерибизди билдирет.
Биздин катталган кеӊсебиз 1 Stokes Place, St. Stephen's Green, Dublin 2, D02 DE03 дареги боюнча жайгашкан.
- 3Маалымат чогултуу
Биз маалыматты сиз жагымсыз реакцияга арыз менен кайрылган учурда, түздөн түз сизден же сиздин атыӊыздан арыз берген башка адамдан (мисалы, Oriflame өнүмүн сизге саткан бренд өнөктөшүнөн) чогултабыз. Биз чогулткан маалыматтын түрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Байланыш маалыматы: дарек, электрондук почта дареги, телефон номери
• Идентификациялык маалымат: аты, туулган жылы, жынысы, терисинин түрү
• Купуя маалымат: ден соолугунун абалы жөнүндө, анын ичинде кыйыр таасирлер, дарылоо, ооруканага/дарыгерге баруу, медициналык диагнозу жана медицина кызматтарын көрсөтүүчүнүн байланыш маалыматы.
- 4Жеке маалыматыңызды иштетүү максаттары
Биз жеке маалыматты төмөнкү максаттар үчүн иштетебиз:
- Өзүнө жагымсыз реакцияларды аныктоо, баалоо, байкоо жүргүзүү жана алдын алууну камтыган өнүмдөрүбүздүн коопсуздугуна, ошондой эле тийиштүү органдарга жагымсыз окуялар жөнүндө билдирүүгө мониторинг жүргүзүү;
- Сапаты жана/же натыйжалуулугу, туруктуулугу, ишенимдүүлүгү, коопсуздугу, өндүрүмдүүлүгү же колдонулуусу боюнча бардык кемчиликтерине болгон даттанууларга реакция кылуу; башка суроолорго же сурамдарга жооп берүү жана өнүмдөрүбүздү, кызматтарыбызды жакшыртуу; биздин саясаттарды жана жергиликтүү укуктук, улуттук/эл аралык нормативдик талаптарды жана дал келүү талаптарын сактоо;
- Сиздин жагымсыз реакция жөнүндө арызыӊыз боюнча сиз менен байланышуу үчүн;
- Аудиттерди жүргүзүү жана сот териштирүүлөрүндө коргоо.
Биз сиздин жеке маалыматыӊызды, эгер баштапкы максатыбыз менен дал келген башка себеп боюнча колдонуубуз керек экенин туура көрбөсөк, чогултуунун баштапкы максаты үчүн гана колдонобуз. Эгер бизге сиздин маалыматыӊызды дал келбеген максатта колдонуубуз керек болсо, биз бул тууралуу сизге маалымдап, бизге муну жасоого жол бере турган укуктук негизди түшүндүрүп беребиз.
- 5Жеке маалыматыңызды иштетүүнүн мыйзамдуу негиздери
Биз сиздин жеке маалыматыӊызды төмөнкү укуктук негиздерге ылайык иштетебиз:
• Укуктук милдеттерди сактоо: № 1223/2009 Косметикалык каражаттар боюнча Европа регламентине жана башка укуктук ченемдерге ылайык отчеттуулук боюнча милдеттенмелерибизди аткаруу үчүн.
• Коомдук кызыкчылык: тергөө жана кыйыр таасирлер жөнүндө билдирүү жолу менен коомдук саламаттыкты коргоо үчүн.
• Сиздин макулдугуӊуз: эгер сиз бизге өзүӊүздүн жеке маалыматтарыӊызды колдонууга уруксат берген болсоӊуз.
• Биз өтө маанилүү кызыкчылыктарды коргообуз керек болсо (сиздин же башка бирөөнүн).
- 6Сиздин кандай милдеттериңиз бар?
Биз сактаган сиз жөнүндө маалымат так жана актуалдуу болуусу маанилүү. Сураныч, жеке маалыматыӊыз өзгөргөн учурда бизге кабарлаӊыз. Эгер сиз сурам боюнча белгилүү бир маалыматты бербесеӊиз, биз сиздин жагымсыз реакция жөнүндө доо арызыӊызды иштете албай каларыбызга көӊүл буруӊуз.
- 7Биз сиздин жеке маалыматыңызды ким менен бөлүшөбүз?
Юридикалык милдеттенмелерибизди сактоонун алкагында биз (ЕБ) № 1223/2009 косметикалык өнүмдөр жөнүндө Регламенттин 23-беренесине ылайык отчеттуулук боюнча милдеттенмелерибизди аткаруу үчүн сиздин Жагымсыз реакция жөнүндө арызыӊыз жөнүндө маалыматты (анын ичинде туулган жылыӊыз, жашаган өлкөӊүз, медициналык маалыматтарыӊыз) тиешелүү компетенттүү органга берүүбүз зарыл.
Биз сиздин жеке маалыматыӊызды Oriflame Cosmetics тобунун кайсы болбосун мүчөсүнө жана биздин тобубузга улам кошулуп турган башка компанияларга Жагымсыз реакциялар жөнүндө арыздарды ички башкаруу жана отчеттуулук максаттары үчүн зарыл болгон ченемде өткөрүп беребиз.
Биз сиздин жеке маалыматыӊызды сизге (болжолу менен) жагымсыз реакцияны пайда кылган өнүмдү саткан Oriflame компаниясына, эгер бул мындай сатуу менен байланышкан кайсы болбосун юридикалык доо талаптарды карап чыгуу үчүн зарыл болсо, өткөрүп бере алабыз.
Биз сиздин жеке маалыматтарыӊызды үчүнчү жактарга, анын ичинде башка кызмат көрсөтүүчүлөргө (алардын дайындалган агенттерине) бере алабыз, эгер:
(a) алар сиздин Жагымсыз реакция жөнүндө арызыӊыз жөнүндө маалыматты билиши керек болсо;
(b) эгер бул мыйзам тарабынан талап кылынса;
(c) эгер бул сиз менен болгон мамилебизди башкаруу үчүн зарыл болсо; же
(d) бизде буга карата кандайдыр бир башка мыйзамдуу кызыкчылыгыбыз болсо.
Биз үчүнчү тараптардан сиздин жеке маалыматыӊыздын коопсуздугун сыйлап, ага мыйзамга ылайык мамиле кылуусун талап кылабыз.
Биз ошондой эле ченемдик жана юридикалык себептерден улам (жогоруда көрсөтүлгөндөй кыйыр таасирер жөнүндө билдирүүлөрдү кошо алганда) сиздин жеке маалыматтарыӊызды үчүнчү жактарга өткөрүп бере алабыз. Буга мисал болуп биздин тыянактарды баалоо үчүн сиздин маалыматтарыӊызды медициналык экспертке өткөрүп берүүбүз зарыл болгон жагдай саналат. Биз ошондой эле сиздин жеке маалыматыӊызды, эгер сиздин бизнесиӊиз же анын дээрлик бардык активдери үчүнчү жак тарабынан сатып алынган болсо, үчүнчү жактарга өткөрүп бере алабыз.
- 8Сиздин жеке маалыматыңызды Европа Биримдигинен тышкары өткөрүп беребизби?
Биз сиздин жеке маалыматыңызды Европалык Экономикалык Аймактагыдай коргоо деңгээлин камсыз кылган маалыматтарды коргоо мыйзамдары жок өлкөлөргө өткөрүп беришибиз керек болушу мүмкүн. Мисалы, биз сиздин жеке маалыматыңызды биздин IT колдоо кызматтары жайгашкан Индияга өткөрүп беришибиз керек болушу мүмкүн жана биз сиздин жеке маалыматыңызды сиздин Жагымсыз реакциялар жөнүндө арызыӊыз боюнча сиз менен байланышуусу зарыл болгон жашаган өлкөңүздөгү кардарларды колдоо кызматтарыбызга өткөрүп беришибиз керек болушу мүмкүн.
Биз ар кандай мындай өткөрүп берүү мыйзамдуу жана тиешелүү жөнгө салуучу органдар тарабынан бекитилген күчтүү келишимдик милдеттенмелер менен колдоого алынгандыгына жана сиздин жеке маалыматыңыз ар дайым коопсуз сакталышына кепилдик беребиз. Эгерде сизге колдонулуп жаткан коопсуздук чаралары жөнүндө кошумча маалымат керек болсо, privacy@oriflame.com дареги боюнча биздин Маалыматты коргоо кызматкери менен байланышыӊыз.
- 9Сиздин жеке маалыматыңызды канча мөөнөткө сактайбыз?
Биз сиздин жеке маалыматыңызды биз чогулткан максаттарды аткаруу үчүн, анын ичинде кандайдыр бир юридикалык, бухгалтердик эсепке алуу же отчеттуулук талаптарын канааттандыруу максаттарында гана сактайбыз. Биз жагымсыз реакцияларга тиешелүү маалыматты жалпысынан Жагымсыз реакцияга байланыштуу доо талапка катышкан косметикалык өнүмдүн акыркы партиясы рынокко коюлган күндөн тартып 10 жыл бою сактайбыз, бирок эгерде ал юридикалык доо талаптын предмети болсо, аны көбүрөөк сактоого туура келиши мүмкүн жана мындай учурда биз мындай маалыматты доо талап же ага байланыштуу кайсы болбосун доо талап чечилгиче сактайбыз. Мүмкүн болушунча, мындай сакталган маалымат псевдонимделет же анонимдүү сакталат.
Жеке маалымат үчүн тиешелүү сактоо мөөнөтүн аныктоо үчүн биз жеке маалыматтын көлөмүн, мүнөзүн жана купуялыгын, сиздин жеке маалыматыңызды уруксатсыз пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан келип чыгуучу зыяндын потенциалдуу тобокелдигин, биз сиздин жеке маалыматыңызды иштетүүнүн максаттарын жана биздин бул максаттарга башка жолдор менен жетүүбүздүн мүмкүндүгүн жана тиешелүү мыйзам талаптарын эске алабыз.
- 10Сиздин купуялык укуктарыңыз кайсылар?
Мыйзам тарабынан сиз төмөнкүлөргө укуктуусуз:
- Сиздин жеке маалыматыӊызга жеткилик. Сураныч, берилмелердин субъектине жеткилик алууга болгон бардык сурамдарды жазуу жүзүндө жөнөтүӊүз. Сизге өзүӊүздүн жеке маалыматыӊызга жеткилик алуу үчүн төлөм төлөөнүн кереги жок, бирок эгер сиздин маалыматка жеткилик алуу сурамыӊыз анык негизделбесе же ашыкча болсо, биз акылга сыярлык өлчөмдө төлөм алышыбыз мүмкүн. Биз сиздин өздүгүӊүздү тастыктоо үчүн белгилүү бир маалыматты сурашыбыз мүмкүн.
- Биз сиз жөнүндө иштеткен сиздин жеке маалыматыӊызды оӊдоо. Бул биздин сиз жөнүндө иштетип жаткан кайсы болбосун толук эмес же так эмес маалыматты оӊдоого мүмкүндүк берет.
- Сиздин жеке маалыматыӊызды өчүрүү. Бул сизге бизден өзүӊүздүн жеке маалыматыӊызды өчүрүүнү суранууга мүмкүндүк берет.
- Бул саясатка ылайык жеке маалыматыӊызды иштетүүгө каршы болуу.
- Жеке маалыматыӊызды иштетүүнү чектөө. Бул, мисалы, эгер сиз маалыматыӊыздын тактыгын аныктообузду кааласаӊыз, сиз жөнүндө жеке кмаалыматтарыӊызды иштетүүнү токтотуубузду суранууга мүмкүндүк берет.
- Жеке маалыматыӊыздын ташылуусу. Сиз бизден сиз жөнүндө сакталган жеке маалыматыбызды түзүмдөлгөн, жалпы кабыл алынган жана машина тарабынан окулган форматта башка жакка өткөрүп берүүбүздү сурансаӊыз болот.
- Макулдукту артка чакыртып алуу. Эгер сиз жеке маалыматыӊыздын биз тараптан иштетилүүсүнө макулдугуӊузду берген болсоӊуз, сиз каалаган учурда өз макулдугуӊузду артка чакыртып алсаӊыз болот.
- privacy@oriflame.com дарегине кайрылуу менен биздин жеке маалыматтарды иштетүү боюнча ишмердүүлүгүбүзгө даттануу менен кайрылсаӊыз болот. Андан тышкары, https://forms.dataprotection.ie/contact дареги боюнча Маалыматтарды коргоо боюнча Ирландия комиссарына онлайн арыз берсеӊиз болот, ал үчүн маалыматтарды коргоо комиссарынын кеӊсесине 21 Fitzwilliam Square South Dublin 2, D02 RD28, Ирландия дареги боюнча жазыӊыз же +353 (01) 765 01 00 или +353 1800 437737 телефонуна чалыӊыз.
Эгерде сиз өзүңүздүн жеке маалыматыңызга карата укуктарыңыздын кайсынысын колдонгуңуз келсе, ушул Саясаттын 17-бөлүмүндө көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары аркылуу биз менен байланышыңыз.
- 11Коопсуздук
Биз сиздин бардык жеке маалыматтарыңызга купуя мамиле жасайбыз жана сиздин жеке маалыматтарыңыз биздин тутумдарыбызга өткөрүлүп берилгенден кийин коопсуз сактоо үчүн бардык акылга сыярлык чараларды көрөбүз. Биз сиздин жеке маалыматыңызды уруксатсыз кирүүдөн, өзгөртүүдөн, ачыкка чыгаруудан же жок кылуудан коргоо үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын көрөбүз.
- 12Купуялык саясатта болгон өзгөртүүлөр
Биз бул Купуялык саясатын жаңырта алабыз. Кандайдыр бир материалга өзгөртүү киргизилген учурда биз сизге ал тууралуу кабарлайбыз.
- 13Биз менен байланышуу
Эгерде сиздин бул Купуялык саясаты же жеке маалыматыңызды иштетүү жөнүндө суроолоруңуз болсо, privacy@oriflame.com дарегине биздин Маалыматтарды коргоо боюнча адиске электрондук кат жазыңыз.