Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Wellness менен жашооӊду өзгөрт

Бир гана пайдалуу шам-шум этүү жана организмди колдоо эмес

Wellness by Oriflame — бул мыкты көрүнүп, өзүӊдү күчкө жана энергияга толгондой сезүүгө жардам берген жашоо образы. Европанын сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык швед окумуштуулары тарабынан жасалган Wellness өнүмдөрү скандинавиялык диетанын принциптерине туура келип, күнүмдүк райионду зарыл болгон нутриенттер менен каныктырат. Активдүү, саламат жана бактылуу жашоо Wellness менен башталат!

Эмне үчүн туура тамактануу маанилүү?

Саламат тамактануу жана организмди ичинен колдоо теринин, чачтын жана тырмактардын сырткы абалына оӊ таасирин тийгизет. Витаминдерди жана минералдарды үзгүлтүксүз колдонуу – рационуӊ ойдогудай баланстуу болбосо дагы, организмиӊдин мыкты иштеши үчүн, зарыл болгон нерсенин бардыгын алып жатканыӊа кепилдик берет. Тоюмдуу шорполор, даамдуу коктейлдер жана табигый мөмө-жемиштер кошулган батончиктер оӊой эле рационго кошулуп, тамактануулардын ортосунда же жолго чыкканда шам-шум этүү болуп берет. Алар өзүӊдү формада кармоого жардам берип, пайдалуу жана саламат тамактануудан кубаныч тартуулайт.

Wellness’тин уникалдуулугу эмнеде?

Биз табигый ингредиенттерди жана акыркы илимий жетишкендиктерди колдонууну жоопкерчиликтүү өндүрүш жана айлана-чөйрөгө кам көрүү менен айкалыштырабыз. Биздин сапат жана коопсуздук стандарттарыбыз жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, видеону көр.

 

Өз Wellness’иӊди танда

 
 

 

Ден соолук — бул жөн гана өзүн жакшы сезүү эмес, көрүүгө боло турган нерсе: кооз тери, сергектик жана энергия, бактылуу жылмаюу. Саламаттыгыӊдын көрүнүп туруусун каалайсыӊбы? Эркектерге жана аялдарга арналган Wellness Pack менен организмиӊди микронутриенттердин жана антиоксиданттардын эӊ маанилүү күнүмдүк дозасы менен камсыздайсыӊ: омега-3, астаксантин, поливитаминдер жана минералдар бир ыӊгайлуу баштыкчада – «ичтен жашаруу» деген ушул.

 

Көбүрөөк билүү үчүн
 
 

 
Рациондогу азыктандыруучу заттардын санын көбөйткүӊ келеби же таттуу жана майлуу тамактарды алмаштыруучу нерселерди издеп жүрөсүӊбү? Белоктун жана клетчатканын курамы жогору болгон Natural Balance коктейлдери бул керектөөлөрдү толуктайт. Аз калория керектөө менен жумуш күнүнүн ичинде шам-шум этүүнү каалайсыӊбы? Ачкалыкты кандырып, булчуӊ массасын сактоо үчүн, курамында белок жана клетчатка жетиштүү болгон Natural Balance шорполорун ичип көр. Тез, даамдуу жана пайдалуу. Саламат адаттарга ээ болуу сен ойлогондон оӊой!

 

Көбүрөөк билүү үчүн
 
 

Тамакты өтө тандагандыктан, балдар саламат өсүү жана өнүгүү үчүн пайдалуу нутриенттерди керектүү көлөмдө албай калышы мүмкүн. Wellness Kids сериясы — бул азыктандыруучу заттардын күнүмдүк дозасын камсыздоочу коопсуз жана жогорку сапаттагы азык кошумчалары. Балдардын дени сак болсо, ата-энелердин да дени сак!

 

Көбүрөөк билүү үчүн
 
 

Заманбап жашоо темпи баланстуу диетаны эмес, жөнөкөй тамакты тандообузга себеп болот. Көпчүлүгүбүз организмдин оптималдуу иштеши жана ден-соолукту сактоо үчүн бардык керектүү азыктандыруучу заттарды албай калат. Wellness by Oriflame кошумчалары өзүӊдү жакшы сезүү жана көрүнүү үчүн тамактануудагы кемчиликтерди толуктоого жардам берет.

 

Көбүрөөк билүү үчүн

Wellness’ке жазылуунун артыкчылыктары

Wellness өнүмдөрүн үзгүлтүксүз колдонуу бир гана организмге эмес, капчык үчүн да пайдалуу! «Wellness. Туруктуу кардар» программасы Wellness өнүмдөрүн туруктуу сатып алып жаткандар же саламаттыкка жана сулуулукка карай жаӊы жолду эми баштап жатканда үчүн жаралгане.

 

ЖАЗЫЛУУ ЖӨНҮНДӨ КЕНЕНИРЭЭК

 

Wellness Life+ комплекстүү программалары менен жыйынтыктарыӊды жакшырт

Wellness аксессуарлары менен көбүрөөк ыӊгай

 

 

ШЕЙКЕР ЖАНА ЧЕНӨӨЧҮ КАШЫК

 

•  Жеӊил көбүктүү тоголоктошпогон коктейлдерди даярдоо үчүн компакттуу шейкер
• Капкагындагы тыгыздоочу шакекче суюктукту ичинде бекем кармайт
• 150 мл сууга 1 чен кашык коктейлди кошуп, чайка

 

САТЫП АЛУУ

   

КӨП ФУНКЦИЯЛУУ ШЕЙКЕР

 

• 3 бөлүмдөн турат: суюктуктар үчүн (400 мл), кошумчалар жана снектер үчүн (140 мл)

жана кургак аралашмалардын кошумча порциясы үчүн (200 мл)
• Атайын чыпкасы тоголоктошпогон коктейлди жасоого жардам берет
• Микротолкундуу меште жана идиш жуучу машинада колдонсо болот

 

САТЫП АЛУУ

 



Көп берилүүчү суроолор:

Natural Balance сериясынын өнүмдөрүнөн (коктейлдер, шорполор, протеин комплекси) күнүнө канча порция ичүү керек экендиги боюнча кандайдыр бир чектөөлөр барбы?

Natural Balance сериясынын өнүмдөрү (коктейлдер, шорполор, протеин комплекси жана мөмө-жемиш кошулган протеин батончиги) диабетиктерге ылайыктуубу?

Менде тамак-ашка болгон чыдамсыздык / аллергия бар. Natural Balance өнүмдөрүн колдонсом болобу (коктейлдер, шорполор, протеин комплекси жана мөмө-жемиш кошулган протеин батончиги)?

Natural Balance өнүмдөрүн кош бойлуулук жана эмизүү учурунда колдонсо болобу?

Wellness Pack (анын курамындагыларды), жана ошондой эле Wellness портфолиосунда көрсөтүлгөн башка азык кошумчаларын күндө колдонуу кооптуу эмеспи?

Wellness Pack (анын курамындагыларды), жана ошондой эле Wellness портфолиосунда көрсөтүлгөн башка азык кошумчаларын бир жыл бою колдонуу кооптуу эмеспи?

Wellness Pack’ти кош бойлуулук учурунда колдонсо болобу?