Главная
Лицо
NovAge
Сыворотка-энергетик для лица против первых возрастных признаков NovAge Skinergise Ideal Perfection
Посмотреть все 0 отзывы

Описание

Жаш курактын алгачкы белгилерине каршы бетке арналган сыворотка-энергетик теринин жаркыроосун калыбына келтирип, тешикчелерди ичкертетет* жана 24 саатка чейин нымданууну камсыз кылат **.


  • Гиалурон кислотасы дароо жана тереӊ нымдандырып, жумшартып, табигый гидролипид тосмосун бекемдейт;
  • Деңиз пребиотиги теринин микробиомун жакшыртат, алгачкы бырыштарды тегиздейт, нымдандырат, клеткалардын жаңылануусун өбөлгөлөйт;
  • Кызгылт спектрдеги минералдык жарыкты чагылдырган микробөлүкчөлөр териге саламат жаркыроону тартуулап, кемчиликтерди көз көрүнөө тегиздейт.

Натыйжалуулугу клиникалык жана керектөөчүлүк изилдөөлөр менен тастыкталат. Дерматологиялык текшерүүдөн өткөн.


Максималдуу натыйжа алуу үчүн тазаланган жана даярдалган териге ар күнү эртең менен жана кечинде NovAge Skinergise Ideal Perfection (42723) курамынынкомплекстүү кам көрүүӊүн бир бөлүгү катары колдон.


*Сыворотканын активдүү ингредиентин клиникалык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча. Күнүнө 2 маал 4 жума бою колдонуудан кийинки жыйынтык. Клиникалык изилдөөлөр ОриДерм лабораториясында 2018-жылдын 27-июнунан 29-августуна чейин 49 аялдын катышуусу менен жүргүзүлгөн.

**Теринин мүйүз катмары. NovAge Skinergise сыворотка-энергетигин колдонуу менен жүргүзүлгөн клиникалык тесттердин дароо биринчи колдонуудан кийинки жыйынтыктары боюнча.



Активатордун ролу - териге максималдуу пайдалуу заттарды берүү жана кремдин эффектин жогорулатуу. Сыворотка терини кошумча активдүү заттар, витаминдер жана экстракттар менен камсыз кылат, алар атайын формуланын эсебинен эпидермиске тез өтүп, терини кремди колдонууга даярдоо менен ичинен иштеп башташат.


  1. Помпаны бир жолу басып, сыворотканы колуңа чыгарып ал.
  2. Экинчи колдун манжаларынын учтары менен сыворотканы бетке акырын чапкылоо кыймылы менен сүйкө, көздүн айланасынан алыс бол.
  3. Сыворотканы толук сиңгенче жумшак укалоо же акырын чапкылоо кыймылы менен сүйкөөнү улант.

Комплекстүү кам көрүү синергия принциби боюнча курулат: ар бир өнүмдүн формуласы алардын бардыгы бири-бирин толуктап тургандай кылып ойлонулган. Сен өнүмдөрдү өз-өзүнчө ийгиликтүү колдоно аласыӊ, бирок топтом толугу менен колдонулган учурда жакшы иштейт. Максималдуу натыйжа алуу үчүн, NovAge Skinergise Ideal Perfection (42723) комплекстүү кам көрүүсүнүн бир бөлүгү катары колдон.



  • Таурин — табигый энергетик. Скандинавиялык балырлар менен бир дуэтте таурин түзмө-түз клеткаларды кубаттандырып, терини нымдандырып, калыбына келтирет.
  • Acaи мөмөсүнүн сөӊгөк клеткасынын экстракты эркин радикалдардын таасиринен коргойт, күчтүү нымдуулукту камсыз кылат жана тауриндин энергия берүүчү таасирин толуктайт.
Ингредиенты
AQUA, GLYCERIN, BUTYLENE GLYCOL, BUTYLENE GLYCOL, BETAINE, PPG-5-LAURETH-5, MICA, PHENOXYETHANOL, AMMONIUM ACRYLOYLDIMETHYLTAURATE/VP COPOLYMER, SODIUM ACRYLATE/SODIUM ACRYLOYLDIMETHYL TAURATE COPOLYMER, IMIDAZOLIDINYL UREA, ISOHEXADECANE, PARFUM, EUTERPE OLERACEA FRUIT EXTRACT, POLYSORBATE 80, CITRIC ACID, SORBITAN OLEATE, PHENETHYL ALCOHOL, SACCHARIDE ISOMERATE, SODIUM HYALURONATE, SODIUM CARRAGEENAN, JANIA RUBENS EXTRACT, LACTOBACILLUS FERMENT, ETHYLHEXYLGLYCERIN, CI 77891
Клинически доказано: заряд энергии для кожи: сияние усиливается в 25 раз*, увлажненность выше на 89%**.

Oriflame India Private Limited

B-44, Phase II, Post Office - NSEZ

Gautam Budh Nagar

Uttar Pradesh, 201305 INDIA

INDIA

Информацию о способах доставки, стоимости и сроках вы можете посмотреть в разделе Центр поддержки.