Главная
Лицо
NovAge
Дневной крем против морщин SPF 35 NovAge Ecollagen Wrinkle Power
Посмотреть все 0 отзывы

Описание

SPF 35 кошулган бырыштарга каршы күндүзгү крем бырыштарды азайтат, картаюуну жайлатат, териге жумшактык, жылмакайлык жана жаркыроо берет. Эми, жаӊы, жакшыртылган формуласы жана бырышка каршы мурдагыдай эле эффективдүү иштөөсү менен. Жаӊы формула фотокартаюуга каршы жогорку УФ-коргоону, активдүү нымдандырууну жана оӊой сиӊирүү үчүн жеӊил текстураны камсыз кылат.


Дароо:

● Жеӊил сиӊет, терини интенсивдүү нымдандырат, аны жумшак, жылмакай кылып, жаркыратат;

● Патенттелген Трипептид-технологиясы, эдельвейстин сөӊгөк клеткаларынын экстракты, SPF 35, UVA/UVB фильтрлери жана PollutionProtect коргоочу технологиясы бар балансталган формула терини азыктандырып, майлуу пленка калтырбайт.


Үзгүлтүксүз колдонууда:

● Коллагендин иштелип чыгышын көбөйтөт;

● Бырыштарды азайтат*;

● Теринин картаюу процессин жайлатат**.


Максималдуу эффективдүүлүккө жетүү үчүн күнүгө эртеӊ менен NovAge Ecollagen Wrinkle Power комплекстүү кам көрүүсүнүн (31786) бир бөлүгү катары сыворотканы колдонуудан кийин колдон.


*Клиникалык тесттердин жыйынтыктары боюнча.

**NovAge Ecollagen Wrinkle Power күндүзгү жана түнкү кремин колдонуу менен жүргүзүлгөн керектөөчүлүк тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча.

Күндүзгү крем — эртеӊ мененки комплекстүү кам көрүүнүн акыркы этабы. Анын формуласы териге күн ичинде керектүү деӊгээлде нымданууну жана айлана-чөйрөнүн таасиринен коргоону камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.


  1. Кремди 5 кичинекей буурчактай көлөмдө беттин ар кайсы жерлерине сүйкө – чекеӊе, беттериӊе, мурдуӊа жана ээгиӊе.
  2. Жеӊил укалоочу кыймылдар менен манжаларыӊдын учтары менен толук сиӊиртип сүйкө. Көздүн айланасынан алыс бол. Праймерди, тоналдык негизди, күндөн кошумча коргоону же башка каражаттарды колдонуудан мурда бир нече мүнөт күтө тур.

Максималдуу эффективдүүлүккө жетишүү үчүн ар күнү эртеӊ менен сыворотканы колдонуудан кийин NovAge Ecollagen Wrinkle Power комплекстүү кам көрүүнүн (31786) бир бөлүгү катары колдон.

Комплекстүү кам көрүү синегия принциби боюнча курулган: ар бир каражаттын формуласы бардыгы бири-бирин толуктагандай кылып ойлонулган. Сен өзүнчө өнүмдөрдү ийгиликтүү колдонсоӊ болот, толук топтом 7 эсе эффективдүүрөөк иштейт* - клиникалык сыноолор менен далилденген!


* NovAge Ultimate Lift, NovAge Ecollagen Wrinkle Power, NovAge Skinergise Ideal Perfection жана NovAge Time Restore комплекстүү кам көрүүнү жана ушул эле NovAge сериясынын бир гана тазалоочу каражаты менен күндүзгү кремин салыштырмалуу колдонуу менен жүргүзүлгөн клиникалык тесттердин жыйынтыктары боюнча.

Эдельвейс сөӊгөк клеткаларынын экстракты (leontopodiumalpinumcellculture): картаюу процессин жайлатат, коллагендин жана гиалурон кислотасынын эпидермистеги деӊгээлин жаш куракка байланыштуу төмөндөшүн кармайт. Экстракт үчүн сөӊгөк клеткалар эдельвейстин сейрек Альпы түрүнүн жалбырактарынын фрагментинен алынган. Чийки зат жаӊы биотехнологияларды колдонуу менен өстүрүлгөн, ал табигый ингредиенттердин потенциалын айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбестен, толук ачууга мүмкүндүк берет.

● Патенттелген Трипептид-технология (hydrolyzedriceprotein, triticummonococcumseedextract, hydrolyzedyeastprotein): буудай, күрүч жана ачыткыдан алынган үч өсүмдүк пептидге негизделген. Пептиддер күчтүү карылыкка каршы касиеттерге ээ: рис клетка кубатын активдештирет, буудай ДНКнын бузулушуна каршы багытталган, антиоксиданттык таасирин берет, а эми ачыткылар коллагендин иштелип чыгышын өбөлгөлөйт. Лабораториялык шарттарда бул пептиддердин ар бири коллагендин иштелип чыгышын өбөлгөлөө касиети жогору экенин көрсөтөт. Биргелешип, алар укмуштуудай синергиялык эффектти көрсөтүшөт – коллагендин синтези, алар өзүнчө болгонго салыштырмалуу, дээрлик эки эсе активдүү жүрөт.

PollutionProtect коргоочу технологиясы (PollutionProtecttechnology): булганган чөйрөгө каршы эң жука көрүнбөгөн калканды түзүп, терини терс таасирлерден сактайт

InstaSmooth жылмалоочу технологиясы (InstaSmoothtechnology): теринин абалын көз көрүнөө жакшыртуучу филлер сыяктуу иштеп, дароо жыйынтыкты камсыз кылат. Коллагендин иштелип чыгуусун өбөлгөлөөчү Трипептид-технологиясынын узак мөөнөттүү аракетин сактайт.

Атайын нымдандыруучу комплекс (hydrationcomplex): клиникалык жактан далилденген эффекти бар компоненттердин комбинациясынын аркасы менен күн бою нымдандырат.

Ингредиенты
AQUA, ETHYLHEXYL METHOXYCINNAMATE, NEOPENTYL GLYCOL DIHEPTANOATE, CYCLOPENTASILOXANE, GLYCERIN, DIETHYLAMINO HYDROXYBENZOYL HEXYL BENZOATE, POLYGLYCERYL-6 DISTEARATE, BETAINE, METHYLENE BIS-BENZOTRIAZOLYL TETRAMETHYLBUTYLPHENOL (NANO), BIS-ETHYLHEXYLOXYPHENOL METHOXYPHENYL TRIAZINE, SODIUM ACRYLATES COPOLYMER, PHENOXYETHANOL, ARACHIDYL ALCOHOL, JOJOBA ESTERS, TITANIUM DIOXIDE, CAPRYLYL GLYCOL, METHYL METHACRYLATE CROSSPOLYMER, TOCOPHERYL ACETATE, CAPRYLIC/CAPRIC TRIGLYCERIDE, PARFUM, BUTYLENE GLYCOL, POTASSIUM CETYL PHOSPHATE, BEHENYL ALCOHOL, DIMETHICONE CROSSPOLYMER, LECITHIN, DECYL GLUCOSIDE, CETYL ALCOHOL, POLYGLYCERYL-3 BEESWAX, ARACHIDYL GLUCOSIDE, XANTHAN GUM, DISODIUM EDTA, POLYHYDROXYSTEARIC ACID, BIOSACCHARIDE GUM-4, ALUMINA, STEARIC ACID, CITRIC ACID, PROPYLENE GLYCOL, TRITICUM MONOCOCCUM SEED EXTRACT, LEONTOPODIUM ALPINUM CALLUS CULTURE EXTRACT, BHT, GLUCOSE, HYDROLYZED RICE PROTEIN, HYDROLYZED YEAST PROTEIN
Обновленная серия Novage Ecollagen Wrinkle Power мгновенно уменьшает морщины до 49%*, корректирует их со временем и помогает замедлить старение кожи.

Oriflame India Private Limited

B-44, Phase II, Post Office - NSEZ

Gautam Budh Nagar

Uttar Pradesh, 201305 INDIA

INDIA

Информацию о способах доставки, стоимости и сроках вы можете посмотреть в разделе Центр поддержки.