Главная
Комплексный уход
NovAge
Комплексный уход против первых возрастных признаков NovAge Skinergise Ideal Perfection
Посмотреть все 0 отзывы

Описание

Энергия, жаркыроо жана агрессивдүү айлана-чөйрөдөн жана эрте картаюудан эффективдүү коргоо.

Экологиянын бузулушу, уйкунун аздыгы жана ден-соолукка туура келбеген жашоо образы бырыштарга, бет тешикчелеринин чоңоюшуна, теринин бодуракай болушуна, суусуздануусуна жана өңүнүн тунаруусуна алып келет. Комплекстүү кам көрүү бул карылыктын алгачкы белгилерин алдын алат. Активдүү формулалар терини нымга жана энергияга толтурат, ал дароо жаркырай баштайт. Биринчи бырыштар жана карылыктын башка белгилери бара-бара жоголуп, туруктуу кам көрүүдө кайра пайда болбойт.

NovAge Skinergise Ideal Perfection комплекстүү кам көрүүсүн колдонууда төмөндөгүлөр клиникалык жактан далилденген:

  • жаркыроо 25 эсе көбөйөт *;
  • нымдануу 89% га жогорулайт **.

Топтомго төмөнкүлөр кирет:

  • Тазалоочу гель-тоник (200 мл / код 33984);
  • Көздүн тегерегине арналган жаш курактын алгачкы белгилерине каршы крем (15 мл / 34515);
  • Жаш курактын алгачкы белгилерине каршы бетине арналган сыворотка (30 мл / 34517);
  • Жаш курактын алгачкы белгилерине каршы күндүзгү крем SPF 30 (50 мл / 34511);
  • Жаш курактын алгачкы белгилерине каршы түнкү крем (50 мл / 35075).

Сынамактар топтомунун коду: 545976.


* NovAge Skinergise Ideal Perfection жаш курактын биринчи белгилерине каршы комплекстүү кам көрүүсүн колдонуу менен 8 жума бою жүргүзүлгөн клиникалык тесттердин жыйынтыктардын негизинде. Клиникалык изилдөөлөр ОриДерм лабораториясында 2018-жылдын 27-июнунан 29-августуна чейин 49 аялдын катышуусу менен жүргүзүлгөн.

** NovAge Skinergise Ideal Perfection жаш курактын биринчи белгилерине каршы комплекстүү кам көрүүсүн колдонуу менен 4 жума бою жүргүзүлгөн клиникалык тесттердин негизинде. Клиникалык изилдөөлөр ОриДерм лабораториясында 2018-жылдын 27-июнунан 29-августуна чейин 49 аялдын катышуусу менен жүргүзүлгөн.




Комплекстүү кам көрүү синергия принцибине негизделген: ар бир өнүмдүн формуласы алардын бардыгы бири-бирин толуктап тургандай кылып ойлонулган. Сен өнүмдөрдү өз-өзүнчө ийгиликтүү колдоно аласыӊ, бирок топтом толугу менен колдонулган учурда жакшы иштейт.


1-КАДАМ. ТАЗАЛОО

Терини кылдат тазалоо жана сергитүү кремдердеги жана сывороткалардагы активдүү заттардын тереңирээк сиңишине жана натыйжалуу иштешине мүмкүндүк берет. Эми бул процедуралар үчүн бир эле каражат жетиштүү. Клиникалык жактан далилденген: бет жууга арналган тазалоочу гель-тоник (33984) тазалоочу гель менен тоник бирге колдонулгандай эле натыйжаны камсыз кылат.


2-КАДАМ. КӨЗДҮН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТЕРИГЕ КАМ КӨРҮҮ

Көздүн айланасындагы териге арналган крем жеңилирээк текстурага ээ, анын жыты жок жана ушул аймактын муктаждыктарын эске алуу менен атайын иштелип чыккан: бырыш, шишик жана кара тегеректер менен күрөшөт. Жаш курактын биринчи белгилерине каршы көзгө арналган крем (34515) 24 саат бою жаркыраган көрүнүштү жана нымдуулукту камсыз кылат.


3-КАДАМ. АКТИВАТОР

Сыворкалар жогорку концентрациядагы активдүү заттарды камтыйт жана жеңил текстурасынын аркасы менен териге терең сиңет. Жаш курактын алгачкы белгилерине каршы бетке арналган сыворотка-энергетик (34517) тешикчелерди ичкертип, теринин өңүн жакшыртып, 24 саат бою нымдандырып турат.


4-КАДАМ: НЕГИЗГИ КАМ КӨРҮҮ

Күндүзгү жана түнкү кремди колдонуу комплекстүү кам көрүүнү аяктайт. Карылыктын алгачкы белгилерине каршы күндүзгү крем (34511) нымдандырат, күндөн коргойт жана алгачкы бырыштарга каршы күрөшөт, ал эми түнкү крем (35075) түнү бою нымдандырып, эртең менен терини эс алгандай көрсөтөт.




  • Таурин - это природный энергетик. В сочетании со скандинавскими водорослями таурин буквально бодрит клетки, увлажняет и регенерирует кожу.

  • Экстракт стволовых клеток асаи обладает антиоксидантными свойствами, обеспечивает увлажнение и дополняет повышающий энергию эффект таурина.

  • Технология защиты от загрязнений борется с негативным воздействием окружающей среды на кожу и предотвращает преждевременное старение.

Клинически доказано: заряд энергии для кожи: сияние усиливается в 25 раз*, увлажненность выше на 89%**.

Информацию о способах доставки, стоимости и сроках вы можете посмотреть в разделе Центр поддержки.