Профи сыяктуу: табигый тармал чачка кам көрүү эрежелери

Тармал чачыӊды силкигенди жактырасыӊбы? Демек, сен кээде аларды каалагандай жасалгалап алуу кыйын экенин билесиӊ. Алар бактылуу, саламат жана нымданган бойдон калуусу үчүн көп көӊүл бурууну талап кылат. Эгер сен күн сайын сонун тармал чачтарга ээ болуу үчүн кеӊештерди жана лайфхактарды издеп жатсаӊ – окууну уланта бер!

Баш терисин массаж менен кубандыр

Башты жууга убакыт келдиби? Сага БАШ ТЕРИСИ ҮЧҮН МАССАЖЁР : керек болот: ал тармал чачтарга көптөгөн артыкчылыктарды берет. Массажёр кан айланууну стимулдайт, кургак кабырчыктандырат, стресстен арылтат, кирди жана ашыкча себумду кетирет. Бирок баштын терисинин дүүлүгүүсүнө жол бербөө үчүн, аны өтө катуу баспоо керек. Башыӊды тегерек кыймылдар менен массажерго тынымсыз жумшак басым жасап укала.

Нымдуу чачтар – эӊ сонун

Эгер чачыӊ серпилгич жана табигый көрүнсүн десеӊ, сөзсүз түрдө алар нымдуу кезде жасалгалап ал. КӨЛӨМ БЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН МУССТАН : башта: ал тармалдарды нымдандырып, так кылат; андан кийин тармалды күчөтүүчү каражатты колдон. Өнүмдөрдү чачтын түбүнөн учуна чейин сүйкөп, манжаларыӊ менен чачыӊды тара. Даярбы? – Анда «чачыӊды кармап, колуӊа кыс» көнүгүүсүнө өт. Бул абдан жөнөкөй техника: бир аз чачыӊды алып, алдына алаканыӊды тосуп, чачты жогору карай көтөрүү менен, алаканыӊ менен кысуу керек. Чындыгында оӊой экенби?

 

Чачты абага кургат

Тармал чач уйпаланбашы үчүн, аларды абада кургатуу зарыл. Бирок ага чейин башыӊды микрофибрадан жасалган сүлгүгө 10-15 мүнөт убакытка ороп кой. Сүлгүнүн кездемеси кереметтерди жасайт, уйпаланууга жол бербей, сууну өзүнө сиӊирип алып, анын аркасы менен чач тезирээк кургайт. Сүлгүнү чечкенден кийин чачыӊды кандай болсо ошондой бойдон кургоого калтыр.

Нымдандыруу, нымдандыруу, нымдандыруу

Тармал чачка ным – абдан көп ным керек! Андыктан ЧАЧКА АРНАЛГАН , масками каныккан КОНДИЦИОНЕРЛЕРДИ, МАСКАЛАРДЫ, МАЙЛАРДЫ ал. Нымдандыруунун жыштыгы чачтын текстурасына жана жасалгаӊа жараша болот. Тыгыз, серпилгич зулп күнүмдүк нымдандырууга муктаж болушу мүмкүн (бул шампунь менен көп жууп туруу керек дегенди билдирбейт: анын ордуна болгону чачка кам көрүү процедурасына май кош); жеӊил, бош тармал чачты эки күндө бир жолу же аптасына эки жолу нымдандырсаӊ болот.

Тарак жөнүндө унутпа

Манжалар – жакшы курал, бирок тармал чачты жасалгалоого келгенде, тарак өтө зарыл нерсе. Кадимки тарактан да жакшы эмне бар, билесиӊби? Албетте, эки тараптуу тарак! Бактыбызга жараша, бизде  МЫНДАЙ тарак бар. Калыӊ сейрек тиштери бар тарабы чачты кылдат жазып, чач жасалгалоочу каражаттарды бирдей сүйкөөгө мүмкүндүк берет, ал эми экинчи тиштери жыш тарабы менен чачты жасалгалап, сыласа болот. Тармал чачтар үчүн идеалдуу дизайн!