Бул жаздын топ-5 образы

Гардеробуңду алмаштырбастан бул жаздын модалуу айымы болгуң келеби? Биз бул мезгилдин 5 эң актуалдуу макияжын чогултуп койдук. Көңүлдүн чордонунда: 90-жылдардын гранжы, неон түстөр жана көп-көп жалтырактар.

1-образ: жумшак гранж

Подиумдагы образдар бизге алдын ала айтып тургандай эле, 90-жылдардын козголоӊчу макияжы кайрадан модада. Смоки-айзкүрөӊ же күӊүрт гаммадагы  ЖЫЛТЫРАТПООЧУ ПОМАДА 

майлуу жылтырабаган тери – жана мунун баары атайын жасалбагандай болушу керек. Өнүмдөрдү көп аракет кылбастан, манжаларыӊ менен сүйкө, гранж менен баарын жасасаӊ болот.

2-образ: жылтыраган эриндер

Бул тренд дагы эле популярдуу. Азр ал азыктандыруучу ЭРИНГЕ АРНАЛГАН БАЛЬЗАМДАРЫН, «айнек сымал» жылтырактар жана ТЕРЕӉ НЫМДАНДЫРУУ ЭФФЕКТИ БАР МАЙЛАРЫ 

менен жасалат. Ошондо эриндер нымданып, бир аз ачык түскө ээ болушат.

 

3-образ: неон жана пастель

Ачык түстү каалайсыӊбы? Убагы келди! Бул жаз түс жөнүндө: ачык неон түстөрүнөн кооз пастель түстөрүнө чейин. Муздак же жылуу  КЫЗГЫЛТ-КАРА ӨРҮК ТҮСТӨРҮНӨ 

же ачык жашыл же көк түстөргө көӊүл бур. Жан дүйнөдөгү жаз жөнүндө ачык түстүү макияждан башка эмне мыкты айтып бере алат?

4-образ: эндик менен дрейпинг

Бет сөөгүнө  ЭНДИК 

сүйкөп, аны жогору карай «тарткан» 70-жылдардын винтаждык ыкмасы ушундай деп аталат. Азыр бул өтө популярдуу! Бир сыр айталы: мындай назик жарым ай оптикалык түрдө бетти тартат.

5-образ: жылтырактар

Макияждын жылтыраган бөлүкчөлөрү – бул мезгилдеги кечелерде хит болуп саналат. Глиттерди кашка, фольганы кабакка жана стразаларды бет сөөгүнө сүйкө. Сенин эмне тандаганыӊа жараша, бул сени бардыгынан өзгөчөлөнтө турган макияж. Сен буга даярсыӊбы?

Ушуну менен болду! Эндикти винтаждык техникада сүйкөөдөн баштап, диско-каштарга чейин – бул жаздын тренддеринде бардыгы үчүн ылайыктуу нерсе табылат. Жаӊы нерсеге даярсыӊбы?