Күн ɵз күчүнɵ кирди: 2022-жылдын жай мезгилинде SPF жɵнүндɵ билгиң келе турган нерсенин бардыгы

SPF — жайында ɵзүңɵ кам кɵрүүнүн негизги фактору. Ашыкча ультрафиолет теринин абалына терс таасирин тийгизет, жана аны коргоо үчүн атайын күндɵн коргоочу каражаттар ишке кирет. SPF деген эмне жана күндɵн коргоочу каражаттарды кантип туура колдонуу керек экенин карап чыгалы.

SPF (Sun Protection Factor) – ультрафиолет нурларынан коргоо фактору (UV). SPF индекси күндɵн коргоочу каражаттарды колдонгондо, ашыкча күйүп калбаш үчүн, күндɵ канча жүрсɵң болорун кɵрсɵтɵт.

Ультрафиолет жарыгы адамга кɵрүнбɵйт, анткени анын толкунунун узундугу кɵрүнгɵн спектрге караганда кыскараак. UV-нурлануунун эки түрү бар, алар: UVA жана UVB. Алар ар кандай таасир берсе да, терини анын эки түрүнɵн тең коргоо маанилүү.

UVA нурлары теринин тɵмɵнкү катамрына – дермага кирет. Алар клеткалардын картаюусуна алып келиши мүмкүн, бараштардын пайда болуусуна ɵбɵлгɵ түзүп, клеткалардын ДНКсын бузат.

UVB нурлары теринин тышкы катмарына – эпидермиске таасир берип, күнгɵ күйүүнүн себеби болот. Адатынча бул түрдɵгү нурлардын таасиринен болгон эффект күнгɵ чыккандан бир нече саат ɵткɵндɵн кийин билине баштайт. SPF индекси негизинен UVB нурларынан коргоо даражасына тиешелүү болот, чындыгында, ɵндүрүүчүлɵр азыр күндɵн коргоочу каражаттардын курамындагы фильтрлердин эки түрүн тең бириктирүүгɵ аракет кылып жатышат.

ЭМНЕ ҮЧҮН SPF КОШУЛГАН КҮНДƟН КОРГООЧУ КРЕМ ТЕРИ ҮЧҮН УШУНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ?

Териге кам кɵрүүнү SPF кошулган күндɵн коргоочу кремден баштоого беш себеп:

- Күнгɵ күйүүдɵн коргоо

- Эрте картаюунун алдын алуу

- Пигменттик тактарды жана аллергиялык дерматитти басуу

Sun 360 линейкасы теринин бардык түрүнɵ ылайыктуу. Каражаттарды күнүгɵ колдонсо болотпляжда гана эмес, шаарда да, күн бүркɵк болсо да.SPF 30 кошулган Oriflame Sun 360 бетке жана денеге арналган күндɵн коргоочу лосьону шаарда күндɵ колдонууга ылайыктуу жана UVA/UVB-нурларынын кеңири спектринен мультиактивдүү коргоону камсыздайт. Жеңил майлуу эмес текстурага ээ, тез сиңет, нымга жана терге туруктуу.

SPF 30 кошулган Oriflame Sun 360 күндɵн коргоочу лосьону

SPF 30кошулган Oriflame Sun 360 бетке арналган күндɵн коргоочу агартуучу кремитегиз жаркыраган түстү камсыздап, гиперпигментациянын пайда болушунун алдын алат. Кеңири таасир берүү спектри менен UV-фильтрлери бар Multi-Rays технологиясы UVA/UVB-нурларынан коргойт, ал эми Е витамини — күндүн жана айлана-чɵйрɵнүн терс таасиринен келип чыккан кычкылдантуучу стресстен коргойт. Дароо сиңип, ак тактарды калтырбаган жеңил, жабышкак эмес текстурага ээ, пляжга жана шаарга ылайыктуу.

SPF 30 кошулган Oriflame Sun 360 бетке жана денеге арналган күндɵн коргоочу лосьону

Oriflame Sun 360 күнгɵ күйгɵндɵн кийин бетке жана денеге колдонулуучу желесикүн менен ысыган терини тез тынчтандырат. Cool’n Soothe уникалдуу формуласы узак муздатуучу эффект бере турган мɵңгү суусун жана морошканын нымдандыруучу экстрактын камтыйткүндүн астында ɵткɵн күндɵн кийин сонун сезимдерди тартуулайт! Желе тез сиңип, терини интенсивдүү нымдандырып, жагымдуу салкындык сезимин тартуулайт.

Oriflame Sun 360 күнгɵ күйгɵндɵн кийин бетке жана денеге колдонулуучу желеси

 

Эгер сенин териң күндүн таасиринен улам пигменттик тактардын пайда болушуна жакын болсо, теридеги ным балансын, тегиз түстү жана саламат жаркыроону сактоочу формуласы бар SPF 30 NovAge Brilliance Infinite Luminosity пигментацияга каршы күндүзгү кремине кɵңүл бур. UV-фильтрлердин жана SPF 30 коргоосунун аркасы менен крем терини анын түсүн ɵзгɵртүүгɵ алып келген айлана-чɵйрɵнүн таасиринен коргойт. Ыңгайлуу таңгак-тюбиктеги кремди жаныңа алып жүрсɵң болот.

Пигментацияга каршы күндүзгү кремине SPF 30 NovAge Brilliance Infinite Luminosity

 

КҮНДƟН КОРГООЧУ КАРАЖАТТАР КАНДАЙ ИШТЕЙТ?

Күндөн коргоочу ɵнүм UV-нурларын териге жеткенге чейин токтотуп, өтө жука “ок өткɵрбɵгɵн жилет” сыяктуу иштейт. Кремдер же спрейлер териге ультрафиолет нурларынын зыянын тийгизбɵɵ үчүн ар кандай ингредиенттерди бириктирет. SPF-фильтрлердин эки категориясы бар: физикалык жана химиялык.

Физикалык – титандын диоксиди (titanium dioxide) же цинк оксиди (zinci oxydum) – майда бөлүнгөн минералдарды элестетет. Алар ультрафиолет нурларын чагылдырат жана сезгич териге ылайыктуу. Химиялык (же органикалык, башкача айтканда, көмүртек камтыган) күндөн коргоочу ингредиенттер UV-нурларын сиңирип, анын териге өтүшүнө жол бербеген жука коргоочу пленканы түзөт.

Ультрафиолет нурлануунун кээ бир көлөмү күндөн коргоочу косметика аркылуу баары бир өтөт. SPF саны күнгɵ кооз күйүүнү камсыздаган оптималдуу ɵнүмдү тандоого мүмкүндүк берет. SPF 15 кошулган күндөн коргоочу крем күн астында өткөрө турган убактыңызды болжол менен 15 эсеге көбөйтөт. Мисалы, териңиз адатта 10 мүнөт күн тийгенден кийин кызарып баштаса, анда SPF 15 кошулган күндөн коргоочу крем бул убакытты 150 мүнөткө чейин узартат.

ЖОГОРКУ КОРГОО ДАРАЖАСЫН АЛУУ ҮЧҮН ЭКИ КАРАЖАТТЫ АРАЛАШТЫРСА БОЛОБУ?

Ар кандай даражадагы SPF-коргоосу бар күндɵн коргоочу каражаттарды аралаштыруу сунушталбайт. Ар кандай каражаттардын SPF кɵрсɵткүчтɵрү суммаланбарын эске алуу зарыл. Эгер SPF 15 кошулган күндɵн коргоочу каражатты колдонуп, анын үстүнɵ — SPF 30 кошулган тоналдык каражатты сүйкɵсɵң, натыйжада коргоо баары бир SPF 30 болот.

THE ONE Everlasting Sync SPF 30 адаптивдүү тоналдык негизи жашоонун бардык учурлары үчүн – жайында да, кышында да ылайыктуу. Каражат теринин керектɵɵлɵрүнɵ, айлана-чɵйрɵгɵ адаптацияланып, бир күн бою жаңы макияжды камсыздайт. Абанын нымдуулугу жогору болсо, акылдуу технология нымды сырттан сиңирип, анын ашыкчасын ɵзүнɵ топтойт. Ал эми аба кургак болсо, каражат терини кургатпай, нымдуулуктун зырал болгон деңгээлин сактоо менен, нымды териге берет.

THE ONE Everlasting Sync SPF 30 адаптивдүү тоналдык негизи

 

КҮНДƟН КОРГООЧУ КАРАЖАТТЫ КОЛДОНУУДА ЭМНЕНИ БИЛҮҮ ЗАРЫЛ?

Күндөн коргоочу косметиканы колдонууда терини UV-нурларынан мүмкүн болушунча эффективдүү коргоо үчүн билүү зарыл болгон өзгөчөлүктөрү бар. Төмөнкү сунуштарды аткарууну сунуштайбыз.

   • Күндɵн коргоочу каражат сиңип, тердегенде жуулуп калбашы үчүн, аны күнгɵ чыгардан болжол менен 30 мүнөт мурун сүйкө.

  • Сууда сүзгөндөн же интенсивдүү машыгуудан кийин күндөн коргоочу кремди кайра сүйкөп коюуну унутпаш керек.

   • Эгерде күн нурлары түз тийип турган ачык абада болсоң, ар бир 2-3 саат сайын күндөн коргоочу кремди сүйкөп тур.

   • Колуңду, бутуңдун үстүн, кулагыңды сөзсүз коргоп, баш кийим кийүүнү унутпа. Чачтар да баштын терисин күндүн нурларынан коргоого жардам берет, бирок алар, ɵзгɵчɵ жука болсо, кошумча коргоого муктаж.

   • 

•  Эриндерди коргоону унутпаSPF 15 THE ONE эриндерге арналган мультиактивдүү бальзамын сунуштайбызНымдандыруучу жана коргоочу касиеттери бар бул кам кɵрүүчү бальзам эриндерге кошумча кɵлɵм жана назик түс берет. Биздин линейкабызда бул жылда тренд болгон үч түс кɵрсɵтүлгɵн.

SPF 15 THE ONE эриндерге арналган мультиактивдүү бальзамы

 

   • Териң майлуу же акнеге жакын болсо, суунун негизиндеги күндɵн коргоочу каражаттарды колдон.

   •  Күндɵн коргоочу каражаттардын кээ бир ингредиенттери убакыт ɵткɵн сайын ɵз эффективдүүлүгүн жогото баштагандыктан, жарамдуулук мɵɵнɵтүн кɵзɵмɵлдɵп тур.

Лайфхак: эгер сен туруктуу макияжды жасап алган болсоң, сага SPF 50 кошулганOriflame Sun 360 бетке жана денеге арналган күндɵн коргоочу спрейи жардамга келет. Бул ыңгайлуу форматтагы каражат кремдин текстурасын жактырбагандар үчүн ылайыктуу. Кеңири таасир берүү спектринин UV-фильтрлерин жана күндɵн болушунча коргоо үчүн жогорку SPF 50 камтыйт.

SPF 50 кошулган Oriflame Sun 360 бетке жана денеге арналган күндɵн коргоочу спрейи

 

Oriflame менен бирге күндɵн тобокелсиз ырахат ал.