Картаюунун биринчи белгилери: аныктоо жана алдын алуу!

Жаш өткөн сайын терибиз өзгөрөт, демек, анын керектөөлөрү да өзгөрөт. Ошондуктан кам көрүү үчүн туура карражаттарды тандоо абдан маанилүү – ошентип, сен картаюунун биринчи белгилери менен эффективдүү күрөшүп, алардын пайда болуусун алдын алсаң болот.

КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: СУУСУЗДАНУУ
 
Эмне болот 
20 жаштан бир аз ашканда териң жылмакай, серпилгич, жана жаш болуп, жаркырап турат. Бирок убакыттын өтүшү менен ал жаңы клеткаларды азыраак өндүрүп, жукарып, суусузданып калат. Бара-бара май бездеринин иштешинин басаңдашына байланыштуу кургоо күчөйт. Гормоналдык өтүү менопауза мезгилинде да болот - эстрогендин деңгээли төмөндөп, андрогендердин саны, тескерисинче, көбөйөт. Ошондуктан тери көбүрөөк "суу" жоготот.
 
Чечим
Суусуздануу – бул картаюунун көп кездешкен белгилеринин бири, бирок териге көбүрөөк нымдуулук берүүгө эч убакта кеч эмес! Туура нымдоо тери үчүн саламат барьер жаратуу үчүн абдан маанилүү. Жаш курагыңа ылайыктуу КҮНДҮЗГҮ жана түнкү крем тандап, аларды күн сайын колдон. Курамында аминокислоталар, антиоксиданттар, минералдар жана витаминдер бар нымдоочу каражаттар терини нымдап, карылыктын алгачкы белгилери менен күрөшөт
 
КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: БЫРЫШТАР
 
Эмне болот
Күн, убакыт, генетика – булардын бардыгы карылыктын факторлору болуп саналат. 40 жашта тери коллагенди 20 жашка караганда азыраак чыгарат, ошондуктан ал жукарып, серпилгичтигин жана чоюлчаактыгын жоготот. Бирок маселе анда гана эмес - жашоо образың да абдан маанилүү! Уйкунун жетишсиздиги, тамеки тартуу, ашыкча таттуу тамактарды колдонуу жана туура эмес тамактануу теринин абалын начарлатат, бырыштын пайда болушун жана тонусту жоготууну шарттайт. Туура тамактануу жана пайдалуу адаттар териге туура кам көрүү сыяктуу эле маанилүү.
 
Чечим
Бардыгына белгилүү болгондой, туура тамактануу өзүңдү жакшы сезүүгө жана жакшы көрүнүүгө жардам берет. Терини дагы зарыл болгон заттар менен азыктандырып туруу керек – ошондуктан кам көрүүнүн курамы чоң мааниге ээ. Антиоксиданттар, витаминдер, минералдар, аминокислоталар – күнүмдүк кам көрүүң канчалык көп пайдалуу компоненттерди камтыса, натыйжасы ошончолук жакшы болот!. Түнкү кремди тандоодо натыйжалуу азыктандырып, калыбына келтирген каражаттарга көңүл бур. Мындай өнүмдөрдө алмашкыс май кислоталары бар (мисалы, Омега-3 жана Омега-6) — алар тери барьерин калыбына келтирип, серпилгичтикти жогорулатып, теринин түзүлүшүн жакшыртат.
 
КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: КӨЗДҮН АЛДЫНДАГЫ КАРА ТЕГЕРЕКТЕР 
 
Эмне болот
Эгер сен аз уктасаң, туздуу тамактарды жакшы көрсөң, сууну жетиштүү ичпесең, компьютер менен көп иштесең – көздүн алдындагы кара тегеректер жана шишиктер сени көпкө күттүрбөйт. Алар теринин жукаруусунан, капиллярлардын алсыздануусунан пайда болот да, көздөрүбүз чарчагандай көрүнөт.
 
Чечим
Албетте, көбүрөөк суу ичип, жок дегенде 8 саат уктоо керек – бирок, мындан тышкары, картаюунун белгилерин азайтууга жардам берген жана назик терини бузулуулардан коргогон көзгө арналган крем тандап алуу керек. Курамындагы кофеин терини тартып, шишикти азайтат. Ал эми эсцин микроциркуляцияны күчөтөт, капиллярлардын беттерин бекемдейт жана көздүн айланасындагы аймакты агартат. Ат каштанынан алынган эсцин кошулган Optimals Age Revive КӨЗДҮН АЙЛАНАСЫНА АРНАЛГАН карылыкка каршы кремин колдонуп көр. Ал териге тийгенде муздап, дароо жаңылоо жана жаркыроо эффектин берет!


 
КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: КҮҢҮРТ ТЕРИ

Эмне болот:
Жаш өткөн сайын теринин текстурасы өзгөрөт, анын  бетине өлгөн клеткалар чогулуп, беттин териси күңүрт болуп калат. Кабырчыктандыруу боюнча процедураларга көңүл бөлүүгө убакыт келди!

 
Чечим
Жумасына бир жолу кабырчыктандыруу үчүн маскаларды жана скрабдарды колдон – алар булганычты тазалоого жана теринин текстурасын жакшыртууга жардам берет. Ал эми жаркыроо үчүн  сыворотканы күн сайын колдонуу күңүрт түстөн арылууга жардам берет. С витаминдери, AHA-кислоталары (мисалы, сүт жана гликоль) кошулган каражаттар клеткалардагы калыбына келтирүүчү процесстерди өбөлгөлөп, кемчиликтерден арылууга жардам берет. Колдонуунун алдында көрсөтмөсүн көңүл коюп окуп чыгууну унутпа! Күнгө чыгуудан мурда, терини коргоо үчүн, сөзсүз түрдө күндөн коргоочу кремди колдон.
  
КАРТАЮУ БЕЛГИСИ: ГИПЕРПИГМЕНТАЦИЯ  

Эмне болот
Гиперпигментация териде меланиндин ашыкча иштелип чыгышынан улам пайда болот. Бул нерсе бардык жаш курактагы бардык тери түсүндө пайда болушу мүмкүн. Бирок, убакыт өткөн сайын терибиз жукарып, анын калыбына келүүсү начарлагандыктан, биз аны менен көбүрөөк беттешебиз

Чечим
гиперпигментациянын алдын алуу үчүн мыкты каражат – күндөн коргоо, ошондуктан сөзсүз түрдө  SPF кошулган каражаттарды колдон. Ал эми учурдагы көйгөйлөрдөн арылуу үчүн, эффективдүү ингредиенттер талап кылынат. Кайрадан антиоксиданттарды эске салууга убакыт келди – алардын териге кам көрүү жаатындагы жөндөмдөрү супер баатырлардыкындай! Антиоксиданттар эркин радикалдардын таасири менен күрөшүүгө жардам берип, серпилгичтикти жакшыртып, коллагенди иштеп чыгуу процессин калыбына келтирет.
Алар эч убакта ашыкча көп болбойт! Өз косметика салгычыңды текшер – эң популярдуу антиоксиданттарга С витамини, ниацинамид (
B3 витамини), ретинол (А витамини), полифенол жана флавоноиддер кирет. Кээ бир флавоноиддер С жана Е витаминдерине салыштырмалуу натыйжалуураак таасир бериши мүмкүн!
 

 

Картаюу белгилерин жоготуу жана алардын пайда болуусун алдын алуу үчүн, Optimals Age карылыкка каршы сериясын колдонуп көр!