Кургак жана майлуу тери үчүн мультимаскинг

Бетиңдин териси кургак, Т-аймагындагы тери майлуу болсо кандай маска керек? Экөөнүн бирин тандоонун ордуна, мультимаскинг техникасын үйрөнүп, териңе туура кам көр.

Биринчиден, беттин ар кандай бөлүктөрүндө теринин муктаждыктарын аныктап, аларды чечүүгө жардам бере турган каражаттарды тандаңыз

Пораларды ачып, терини даярдоо үчүнЖЫЛЫТУУЧУ ЭФФЕКТИ БАР МАСКАНЫ – колдонсо болот – ал болгону 20 мүнөттүн ичинде бетти тазалап, жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Чайка – эми сен кийинки процедураларга даярсың.

Кайсы өнүмдү тандоо керек?

МАЙЛУУ АЙМАКТАР ҮЧҮН
Адатынча, эӊ көйгөйлүү тери — бул Т-аймагы: дал ушул жерде көбүнчө поралар толуп, ашыкча жылтыроо жана кара чекиттер пайда болот. Себумду сиӊирип алып, поралардын кирин тартып чыккан чопо маскасын колдонуп көр. ЧОПО МАСКАСЫ  сезгенүүгө каршы каражат сыяктуу таасир берет: бетте безеткилердин жана кызаруунун пайда болуусунун алдын алат, ошондой эле өлгөн клеткалардан арылууга жардам берет.

Редакциянын тандоосу: OPTIMALS БАРДЫК ТЕРИ ТҮРЛӨРҮНӨ АРНАЛГАН ТАЗАЛООЧУ ЧОПО МАСКАСЫКаолин, көмүр, салицил кислотасы, нымдандыруучу ши майы, тынчтандыруучу тал кабыгы жана ак чалкандан алынган активдүү антиоксиданттык фито кошулмалары бар формула пораларды тартуучу касиетке ээ, себумду жоготуп, майлуу жылтыроодон арылтат.

Эгер сен чопону жактырбасаӊ, ал эми кара чекиттер такыр эле кетпей жатса, Т-аймагына (ушул жерге гана)  ) КӨМҮР КОШУЛГАН ПЛЕНКА-МАСКАСЫН. сүйкөп көрсөӊ болот. Бетиӊди буулап (кандай кылуу керек экенин жогорудан көр), сүйкөп, толук кургагыча күт. 20 мүнөт өтүп, маска толук кургагандан кийин, аны төмөн жагынан жогору карай тартып, териден кылдат чыгар. Бардык кирлер маскада калат.

Редакциянын тандоосу: салицил кислотасы, ананас экстракты жана көмүр упасы менен  оPURE SKIN КӨМҮР КОШУЛГАН ТАЗАЛООЧУ ПЛЕНКА-МАСКАСЫ.

Ананастын экстракты жумшак кабырчыктандыруучу эффектке ээ болгон альфагидроксикислоталарды (АНА), ошондой эле нымдандыруучу табигый кантты жана сезгенүүлөрдү азайтуучу күчтүү антиоксидант болуп саналган С витаминин камтыйт. Көмүр упасы ашыкча себумду мыкты сиӊирип алып, майлуу жылтыроодон арылууга жардам берет.

КУРГАК АЙМАКТАР ҮЧҮН
Кургак тери кайсы болбосун жерде пайда болушу мүмкүн, бирок, көбүнчө жаак аймагы жабыркайт. Терини тынчтандырып, аны азыктандыруу үчүн ТАБИГЫЙ КАНТТАРДЫ ЖОГОРУ КАМТЫГАН МАСКАЛАРДЫ,танда. Ошондой эле териге кирип, суу балансын колдоого жардам бере турган  гиалурон кислотасы кошулган каражаттарды изде. Эгер жеӊил текстуралуу каражаттарды жактырсаӊ, терини нымдандырган жана май камтыбаган гель маскаларды колдон. 

Редакциянын тандоосу: төмөн молекулалуу (демек, ал тереӊирээк кирет) гиалурон кислотасын жана мөмө канттарын камтыган ТЕРИНИН БАРДЫК ТҮРЛӨРҮНӨ АРНАЛГАН НЫМДАНДЫРУУЧУ МАСКА теринин табигый коргоочу барьерин калыбына келтирип, узакка чейин нымданууну камсыздайт. Муздатуучу гель текстурасы терини сергитет жана натыйжаны сен 10 мүнөттөн кийин эле көрө аласыӊ!

ЖАЛПЫ КАМ КӨРҮҮ
Аралаш териге, башка тери түрлөрү сыяктуу эле, өзгөчө көӊүл буруу керек жана бул учурда биз мультимаскинг марафонун  САПАТТУУ ТҮНКҮ КАМ КӨРҮҮ.

менен толуктоону сунуштайбыз. Түн  – бул биздин терибиз калыбына келип, бардык азыктандыруучу заттарды мыкты кабыл алган мезгил. Ашыкча себумду иштеп чыгуучу майлуу тери жөнүндө сөз болуп жатканда да, «азыктандыруучу» жана «нымдандыруучу» деген сөздөрдөн коркпой эле койсоӊ болот, себеби, ага нымдандыруу жана кам көрүү жетишсиз болот.

Редакциянын тандоосу: гиалурон кислотасы жана инка-инчи жана купуасу майлары кошулган NOVAGE ТЕРИНИ ИНТЕНСИВДҮҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ АРНАЛГАН ТҮНКҮ МАСКАСЫ Бардык жаш курактагы бардык тери түрлөрүнө ылайыктуу, түн ичинде теринин нымдануусун жогорулатат, бир колдонуудан кийин эле териге серпилгичтикти, чоюлчаактыкты жана саламат жаркыроону тартуулайт. Инка-инчи майы теринин чоюлчаактыгын жогорулатуучу жана табигый липиддик барьерди бекемдөөчү омега-3, омега-6 жана Е витаминин камтыйт. Купуасу майы моноканыкпаган олеин кислотасына жана саламат жаркыроо жана эпидермистин эӊ үстүӊкү катмарында суу-липиддик балансты жөнгө салуу үчүн фитостеролдорго бай. 

Текст: Сүрөт: Кросби / Джон Бадди