Маскнесиз таза териге карай 5 кадам

Коргоочу масканы үзгүлтүксүз тагынууда безетки чыгып жатканын байкадыңбы? Сен бул көйгөй менен жалгыз беттешкен жоксуң. Бул жагымсыз кубулуш, бирок муну оңдосо болот!

Маска тагынуу – бул организмди коргоо үчүн зарыл болгон биздин жаңы реалдуулугубуз, бирок кээде ал ыңгайсыздык жаратып, себумдун ашыкча бөлүнүп чыгышына, толгон пораларга жана башка теринин кемчиликтерине алып келиши мүмкүн. Эгер сен биз сыяктуу эле ден-соолугуңа кам көрүп, териң үчүн терс кесепеттерден алыс болууну кааласаң, бул көйгөйдү чечүүнүн сырларын билүү үчүн биз менен кал.

Алдын алуу ар дайым дарылануудан жакшы! Эгер безеткилерге кабылсаң, териң ар дайым саламат болуп туруусун кааласаң, бул кеңештерди аткарып көр!

Эки катар тазалоону колдонуп көр

Коргоочу масканы тагынууда күнүнө эки жолу бет жуу зарыл. Маска теринин клеткаларынын табигый кабырчыктануусун оорлоштурушу мүмкүн, жана анын себебинен маскне («акне» жана «маска» сөздөрүн кошуу жолу менен аталган кубулуш) пайда болушу мүмкүн. Кылдат тазалоо үчүн бетиңди эки этапта жуу:

Териңдин кургоосуна жол бербе 

Тери суусузданганда клеткалардын жаңылануу процесси жайлап калышы мүмкүн. Тери майы жана булганычтар менен өлгөн клеткалар пораларды толтуруп, анын натыйжасында безетки жана кара чекиттер пайда болот. Тери масканын алдында да саламат жана нымдуу бойдон калышы үчүн, биз төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

  • Бетиңди жуугандан кийин NovAge нымдандыруучу эссенциясын колдон. Ал терини калыбына келтирип, анын табигый коргоочу барьерин бекемдетип, бетке саламат көрүнүш тартуулайт.

Териңдин майлуулугун көзөмөлдө

Күнүмдүк маска тагынуу теринин коргооч барьерин алсыздантуусу мүмкүн. Ал нымды жоготот, поралары толот, майлуу жалтыроо жана безеткилер пайда болот. Көбүрөөк жуунгуң келиши мүмкүн, бирок бул териңе зыян келтирет. Биздин чечим:

Кемчиликтерден арыл

Жогорудагы пункттардагы кеңештер көбүнчө маскненин пайда болушунун алдын алууга жардам берет. Бирок сезгенүүлөр пайда болсо эмне кылыш керек? Сулуу жана саламат тери үчүн күрөшүүдө бетке арналган салицил кислотасы кошулган эмульсиясын ал:

  • Каражатты бетти тазалоодон кийин колдон. Ал сезгенүүлөр, толгон поралар жана постакне менен күрөшүүгө жана ошондой эле жаңы кемчиликердин пайда болушун алдын алууга жардам берет. Териң таза жана жаркырак болот!
  • Салицил кислотасынан тышкары, эмульсиянын курамында азия центелласынын экстракты бар, ал терини тынчтандырып, анын регенерациясына өбөлгө түзөт.

Ыкчам чара кара

Эгер сезгенүү болорун сезип жатсаң, тез арада чара көр:

  • Жабыркаган жерге NovAge 24 саат таасир берүүчү сезгенүүгө каршы гелин сүйкө. Ал дароо иштеп баштап, сезгенүүнүн өлчөмүн жана кызарууну күн ичинде кыскартат – клиникалык жактан далилденген.
  • Эгер безеткилер пайда болсо, алардын өлчөмүн жана ыңгайсыздык сезимин азайтуу үчүн, каражатты чекиттүү да колдонсоң болот.
Текст: