Түстөн кош: карандаш менен модалуу чийме стрелкалар

Классика — бул татаал жана көңүлсүз дегенге жатпайт! Мен, THE ONE брендинин визажисти Галина Ильина, кадимки эле карандаштын жардамы менен сени ачык стрелкаларды жеңил жана тез эле тартып чийип алууга үйрөтөм. Ушул статьяны оку жана мен эмнени жасасам, ошону кайталап жаса!

Туура тандалып алынган карандаш — бул макияждагы жарым ийгилик. Сага так сызыкты жана каныккан түстү көпкө чейин сактоочу, колдонууга ыңгайлуу, туруктуу, кремдей болгон түс керек. Мага жаңы THE ONE High Impact карандаш-подводка жагат: түстөрдү кеңири тандап алууга боло турганы так сенин көздөрүң үчүн сенин сулуулугуңду баса көрсөтүүгө жардам берет.

Эки сызыктагы стрелкалар сенин образыңа драмалыкты кошуп турат жана көз карашыңдын ачыктыгын камсыз кылат. Бул көбүнчө кечки вариант болуп саналат, ал эми өзгөчө учурларга – мисалы, ишердик жолугушууга токтоо образды тандап алуу керек. 

1-кадам - даярдык
Көздөрдүн ачык графикалык макияжы тегиз тонду, баса чийилген каштарды жана нюд эриндерди талап кылат. Бүт көңүлдү көз карашка бур! Капиллярларды жашыруу, тонду тегиздөө жана макияжга тыкан жыйнактуу түр берүү үчүн көздүн үстүнку кабактарына бекем жыш консилер сүйкө. Карандаш туруктуу болгондуктан биз тенди колдонбойбуз, праймерди колдонбой эле койсок да болот. Консилерди упа (пудра) менен бекемде, мына макияждын алдындагы база даяр.



2-кадам: көздүн үстүнкү кабактарында стрелкалар
Кара карандашты ал да көздүн үстүнкү кабактарынын кыры менен ичке сызыкты чийип ал – бул кийин стрелкаларды жасоо үчүн база болуп эсептелет. Андан кийин керектүү жерлерге сызыктын (линиянын) калыңдыгын көбөйт: ал көздүн тышкы жагынан ички бурчуна карай акырындык менен өткөндөй болушу керек. Стрелканы куйрук (хвостик) кылып чыгарып кой, аны адаттагыдан чоңураак кылып койгондон коркпой эле кой — бул анын натыйжалуулулугун гана берет.


3-кадам: көздүн астындагы стрелкалар
Азыр эң кызыктуусуна келдик. Эки катталган стрелкалардагы түстөрдү кандайын кааласаң, ошондой кылып аралаштырууга болот, бирок бул баарына туура келе турган уттургус вариант — бул кара жана каныккан ачык түстөрдүн айкалышы. Кошумча түс катары ал көздөрдү жакшы баса көрсөтө турган контрасттуу түстү тандап алууга болот.

Oriflameдин каталогунун барактарынан сен аны мурда көргөн, сезондун эң сонун тренддик түсү менен макияжды көрсөтөм. Көк түстү алабыз жана стрелканын негизинен тарта карекке чейин сызыкты (линия) тартабыз. Аны көздөрдүн сырткы бурчуна жакын жайгашкан каректин четине чейин чыгарба: көздүн алдындагы өтө узун сызык (линия) көздөрдү кичирейтип ичке кылып көрсөтүп коюшу мүмкүн жана көз караштын ачыктыгынын натыйжасын жокко чыгарып коюшу да толук мүмкүн.




4-кадам: кирпиктер
Макияжды жакшы көргөн тушуң менен аякта жана аны бир нече катмар кылып сүйкө: алар коюу жана үлпүлдөгөн жумшак түрдө болушу керек. Мен кирпиктер үчүн THE ONE 5-дөө-1 көп функционалдуу тушту тандап алдым. Щеточканын щетинкаларынын ар түрдүү узундукта болушу бул бекеринен эмес. Алгач кирпиктерди түбүнөн бери өйдөлөтүп көтөр жана кыска щетинкалары менен болгон жагы менен кирпиктердин көлөмүн түз, андан кийин узун щетинкалары менен болгон жагы менен оролуштуруу жана бөлүштүрүү аркылуу тушту бөлүштүр.

Мына макияж үчүн керектүү болгон бардык продуктулар ушулар. Образды түзүп колдонуп көр жана #ярекомендуюKG хештеги менен инстаграмга чыгар. Oriflameдин сулуулук мектебинен  мындан да көп пайдалуу сабактарды карап көр!

Текст: Сүрөт: Oriflame