Жээктеги сулуу: «Суу пери» вирустук образын жаратабыз

Mermaidcore суу периси — сулуулук дүйнөсүн багындырган акыркы жайкы тренд (ага чөмүлүүгө убакыт келди!). Укмуштуудай сулуулук жана океан менен шыктандырылган акценттер: биздин бьюти-көрсөтмөлөрүбүз сени чыныгы деӊиз перисине айландырат.

Барби стилиндеги маникюрдан «софт гранж» стилиндеги жеӊил макияжга чейин — соцтармактар биздин бьюти-тандоолорубузга чоӊ таасирин тийгизери эч ким үчүн сыр эмес. Көӊүл борборунда эмне турат? #Mermaidcore — «Суу пери» тасмасы чыккандан кийин чыныгы фурорду жараткан тренд. Жайкы жээк толкундарынын, тунук теринин жана кубулган жылтыроонун симфониясында – суу перилердин сулуулугу экрандан тышкары жанданды. Көӊүл бур, чөмүлөбүз!

1-кадам: Тунук тери

Mermaidcore — бул теринин жаркырашына мүмкүндүк берген айнек сымал жаркыроо. Териңдин өңүн тегиздөө үчүн тыгыз негиздин ордуна жеңил нымдоочу тоналдык кремди же ВВ-кремди танда; Бет сөөктөрүңө нымдуу жаркыроо берүү үчүн хайлайтерди колдон. Суу перинин образын, суу ичиндеги окуяларга катышуу үчүн, сууга туруктуу тушь жана нымдуу эриндердин эффектин жараткан нымдандыруучу эрин майы менен толукта.

 

2-кадам: Жылтыраган эриндер жана жаркыраган көздөр

Жылтырак, жаркыраган эстетика - бул жайдын эң чоң тренди! Тырмактарыңды металл хром түсү же жалтырак глазурь эффекти бар пастель түстүү лак менен боё; Деңиз көбүгүн имитациялаган лак менен эксперимент жасасаң болот. Кереметтүү көз караш үчүн, көзүңө суу астындагы кооздукту тартуулоо үчүн океандай көк түстү, деңиз көбүгүнүн же балыктын сыя түстүү кабыгындай өӊдөрдү танда.

3-кадам: «Вирустук» суу пери толкундары

Чачтарыӊда океандын тынч эмес толкундарын элестеткен тармалды жасагыӊ келсе, чачыӊа деӊиз тузу кошулган чачка арналганспрейди сээп, колуӊ менен туш келди жасалгалап, абага кургат. Тилекке каршы, деңиз тузу баш териңизди абдан кургатышы мүмкүн, андыктан DUOLOGI баштын терисине арналган скрабын колдонууну унутпа. Толкундардын тик көтөрүлүшүн каалайсыӊбы? Чачты түздөөчү үтүктү колдон! Термокоргоочу спрейди сүйкөп, чачтарыӊды бөлүп, ар бир зулпту бетиӊден тышка карай буруп, тармалдат. Тармалдардын багытын кезектештирип, үтүктү ар кайсы тарапка буруп, чач жасалгасын жеңил чач лагы менен бекит.

 

4-кадам: Деӊиз менен шыктандырылган акватикалык жыпар жыттар

Туура тандалган жайкы жыпар жыт идеалдуу жээк маанайын тартуулоодо роль ойношу мүмкүн. Суу ноталары, деӊиз тузунун аккорду, кокос же цитрус нюанстары менен сергитүүчү парфюмдарды, денеге арналган спрейлерди жана чачка арналган спрейлерди изде. Nordic Waters жана Wake Up Feel Good, сыяктуу жыпар жыттар сени деӊиз жээгине алып кетип, сенин суу перидей сүйкүмүӊдү күчөтөт. 

5-кадам: SPF кошулган каражаттар

Mermaidcore — бул сонун, бирок ар дайым күндөн коргонуу керек. Териӊди зыяндуу ультрафиолет нурларынан коргоо үчүн, териӊе кам көрүүӊө  SPF КОШУЛГАН КАРАЖАТТАРДЫ

кошууну унутпа. SPF 30дан кем эмес кеӊири спектрде таасир берүүчү күндөн коргоочу кремдерди издеп, аны териӊдин бардык ачык жерлерине жакшы сүйкө. Эриндериӊди, бетиӊди жана  суу периникиндей тармалдатылган чачтарыӊды коргоо үчүн SPF кошулган каражаттарды (эринге арналган бальзамдарды, нымдандыруучу каражаттарды жана чачка арналган лактарды) колдон.

Текст: