Туштун жардамы менен чаптама кирпиктердин эффектин жаратабыз

Сага чаптама кирпиктер жагат, бирок клей жана искекти колдонууну каалабайсыңбы? А эгерде сен тушту гана колдонуу менен сонун узун, ийилген, кɵлɵмдүү кирпиктерге ээ боло алсаңчы? Муну кантип жасоо керек экендиги жɵнүндɵ бир нече кеңештерди беребиз

1. Кирпиктериңди ий
Кыздар кээде жɵнɵкɵй эле кирпик ийгич кереметтүү нерселерди жасарын унутуп калышат! Бир аз ийилген табигый кирпиктериң чаптама кирпиктер менен ишенимдүү атаандаша алышат. Кирпик ийгичиңдин чаңын тазалап, же жаңысын сатып алып, эртең менен бул процедураны ɵткɵрүп жибербе.

Эң мыкты натыйжага жетишүү үчүн, кирпиктердин түбүнɵн баштап, ортосун жана учтарын бир жолудан ий. Ар жолу кирпик ийгичти 10 секундадан кем эмес карма. Натыйжаны тушь менен бекит. Андан кийин бир күн бою комплименттерден ырахат аларыңа ишен!

2. Ар бир кирпикке кɵңүл бур
Чаптама кирпиктердин максималдуу эффектин жаратуу үчүн ар бир кирпикти толугу менен боёо керек. THE ONE 360° чаптама кирпиктердин эффектин берүүчү тушу дал ушул үчүн иштелип чыккан. Уникалдуу ийкемдүү щетка клиникалык жактан далилденген чаптама кирпик эффекти үчүн ар бир кирпикти боёого жардам берет.*

3. Бурчтарды унутпа!
Туштун ИННОВАЦИЯЛЫК ИЙИЛЧЭЭК ЩЕТКАСЫ ар бир кирпикти боёо үчүн арналган учуна ээ. Мындай форма кɵздүн бурчундагы кирпиктерди боёого, ошондой эле зарыл болгон жерде кɵлɵм кошууга жардам берет. Каалаган эффектиңди алуу үчүн кирпиктериңди кɵтɵрүп, ийсең болот.  

4. Натыйжаны бекит!
Каалаган эффектке жеткенде, үстүнкү кирпиктериңди, кɵзүңдүн сырткы бурчтарындагы кирпиктерди же көзүңүздүн формасы жана кирпиктердин ортосундагы аралык талап кылынган жердин бардыгын бекемдеп боёңуз. Туштун формуласындагы FLEX-LITE ТЕХНОЛОГИЯСЫ кирпиктерди оорлоштурбай, жеңил боёо жана эффекттүү кɵз караш үчүн жогору ийкемдүү атайын момдорду камтыйт.

 

Эсиңде болсун! Күнү бою кирпигиң менен баарын таң калтыргандан кийин, уктаар алдында кɵздɵрүңдү макияждан кылдаттык менен тазалоо маанилүү. Туура кам көрүү кирпиктериңдин бекем болушуна жардам берип, күн сайын сени кубандырат!