Кызгылт көк макияжга 5 кадам

Жумушка дагы, кечеге дагы ылайыктуу, асыл, бирок, өзгөчө, ар кандай образдар менен айкалышат – романтикалуу образдан тайманбас образга чейин - кызгылт көк түстөгү макияж кадимки эле нюд сыяктуу универсалдуу болот. Муну өзүӊ болгону 5 кадам менен кайтала – визажисттикиндей болуп калат!

img-1.gif

1-кадам

Көз карашыӊ менен багындыргыӊ келеби? OnColour «Сирень & Фиалка» эки тараптуу көзгө арналган карандашынан башта: үстүнкү кирпиктериӊдин түбү менен чийин жаса. Бул макияж үчүн кызгылт көк тарабы эӊ сонун ылайык келет, анткени ал өӊдүн зарыл болгон тереӊдигин жаратат. Чийинди анча чоӊ эмес стрелкага чыгар да, ал идеалдуу болбой калса кабатырланба – биз кабакты толук тень менен боейбуз. 

 

2-кадам

«Пастель»  кабакка арналган теньдер палеткасына өтөлү: үстүӊкү кабагыӊа, суурмадан бир аз жогору, бирок кашка чейин эмес, толугу менен кызгылт түстөгү теньдериди кош. Чегин ак теньдер менен жылмалап, каштын алдын агарт. Кызгылт жана ак түстөрдүн ортосу билинбеши үчүн, жылмалап боеого арналган таза кисть менен бое. 

img-2.gif

3-кадам

Образды аяктоо үчүн, спонжго кызгылт көк теньден алып, астыӊкы кирпиктердин түбүн этияттык менен бое. Профессионалдуу визажист жасагандай макияж үчүн акыркы штрих – көз карашты жаркырата турган көздүн бурчтарындагы ак теньдер. 

img-3.jpg

4-кадам

Көз карашты ачууга убакыт келди! OnColour көлөмдүү тушун колдон: ал интенсивдүү көлөм берип, көз карашыӊ тереӊирээк болуп калганын дароо көрөсүӊ. 

img-4.png

5-кадам

Түстүү теньдер менен ачык түстүү эриндерди бир макияжда айкалыштыруудан коркпо. Эӊ башкысы – өӊдөрдүн гармониясы. «Кара өрүк шарабы» түсүндөгү OnColourкрем эрин помадасы бул образ үчүн идеалдуу болот: каныккан шарап түсү жана көздөрдүн сергитүүчү, жеӊил макияжы укмуштуудай контраст жаратып, көӊүлдү өзүнө бурат.

 

Макияжды кайталай алдыӊбы? Биз аны көрүүбүз үчүн, Instagram-га #ярекомендую хештеги менен чыгар!