Чычырканак (Облепиха)
Hippophae rhamnoides
Чычырканак – Швециянын чыгыш жээгинде ал өзгөчө жакшы өсө турган чыдамкай тикенектүү бадал дарагы. Бул чакан бадалда кызыл түстөгү, жылмакай сфералык формадагы кичинекей мөмөлөрү бышып жетилет, алар байыртадан эле С витамининин гана эң жогорку санда камтылышы менен жогору бааланган жана Швецияда аны кылымдар бою тамак-ашка колдонуп келишет. Бүгүнкү күндө чычырканак мурдагыдай эле джем, шире, мөмөлөрдүн порошок кылып майдалангандары пайдаланылат. Косметология жагынан алганда чычырканак майлуу кислоталарга жана антиоксиданттарга бай, бул аны териге камкордук көрүү үчүн укмуштуудай сонун нымдаштыруучу каражаты катары камсыздайт.
Сулуулук жана пайдалары
Чычырканакта С витамининин эң жогорку деңгээлде камтылышына жараша ал териге эң жакшы камкордук көрөт жана анын сууланышып, нымдуу болуп турушуна көмөктөшөт.
Чычырканак антиоксиданттарга (Е витамини), флавоноиддерге жана каротиноиддерге бай.
Майлуу кислоталардын (Омега-3 жана Омега-6) жогорку санда камтылышы терини азыктандарууга жана анын чыңдыгын сактоого жардам берет.