Башкы
Гамамелис
Гамамелис
Гамамелис
Hamamelis virginiana

Гамамелис экстракты – териге камкордук көрүү үчүн өтө популярдуу ингредиент, ал өзүнүн куруштуруучу жана тонизирлей турган касиеттери үчүн бааланат. Түндүк Америкада өсүүчү жана Европада жана Азияда өстүрүлө турган гүлдөөчү бадал гамамелис илгертеден эле өзүнүн микробго каршы компоненттери менен бааланат, ал эми анын экстракты сергитүүчү жана тынчтандыруучу касиеттери бул өсүмдүктү майлуу жана комибинирленген териге камкордук көрүү учурунда өзгөчө пайдалуу. Гамамелисте маанилүү флавоноиддер камтылат, алар кандын микроциркуляциясын жакшыртууга жана силердин терини эркин радикалдар тарабынан бузулуусунан коргоого жардам берет.

Сулуулук жана пайдалары
  • Теринин тешикчелерин кичирейтүүгө көмөктөшө турган куруштуруучу касиетине ээ.
  • Гамамелис терини тынчтандырат жана терини эркин радикалдардан коргойт.
  • Флавоноиддерге жараша беттин өңүн калыбына келтирүүгө жана сергитүүгө жардам берет, алар кандын микроциркуляциясын жакшыртат.
Гамамелистеги таниндин байма-бай – адатта анын жалбырактарынын жалпы курамынан 3 пайыздан 10% чейин камтылышы – аны натыйжалуу куруштуруучу каражат кылат, ал терини тонизирлөөгө жана тешикчелерди кичирейтүүгө жардам берет.