Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Алар биздин продукциянын артында турган окумуштуулар

Биз эмне иш жасасак, ошолордун борборунда турган адамдар— Окумуштуулардын изилдөөлөргө жана жаңы ачылыштарга болгон ышкыбоздугу; ал сенин сүйүктүү продуктуларыңды жаратуучу кыймылдаткыч күчтөр, мына ушулар. Бизде көптөгөн илимий тармактарда, анын ичинде биотехнология, химия, теринин биологиясы, токсикология жана нутрицевтика тармактарындагы тажрыйбасы жана билимдери бар болгон адистер иштешет.
Алардын бир нечелери менен таанышып ал!

 

Айлиш Бурк
Илим жана инновациялар боюнча Улуу директор

Мен денеге жана чачка камкордук көрүү боюнча жаңы продуктулардын, ошондой эле жыпар жыттардын ийгиликтүү болушу үчүн жооп берем. Биз жыл сайын жүздөгөн каражаттарды түзөбүз жана өндүрүштүн үзгүлтүксүздүгүнө жана натыйжалуулугуна мен ишенимде болушум керек. Мындан тышкары, биз максималдуу өндүрүмдүү иштеп жатканыбызга ишеничте болушубуз үчүн мен бизнес-процесстерди жана сапатты контролдоону жүргүзүп турам.

Сен эмне менен сыймыктанасың?
Компанияда мени үлгү-өрнөк катары эсептешээрине мен сыймыктанам. Мен териге камкордук көрүү боюнча биздин каражаттардын биринчи сертификацияланган нукура табигый линиясын ишке киргизүү долбоорун башкарганыма сыймыктанам.

Сенин ишиңде эмнеси сага көбүрөөк жагат?
Изилдөөлөр жана Өнүктүрүү Борборлорундагы жана андан тышкаркы жерлердеги ар кандай адамдар менен өз ара иштешүү жагат. Бизде ар бир жаңы күн мурунку күнгө окшошпойт. Биз татаал чакырыктарды кабыл алабыз жана алар менен бирге көйгөйлөрдүн чечүүнүн жолун чогуу табабыз.

Сен үчүн сенин жашооңдо эң башкысы эмне?
Биздин балдарыбыз жана алардын балдары үчүн дүйнөнү кооз, жакшыраак кылуу, глобалдуу жылуулукка жана кирешелердин адилетсиз бөлүштүрүлүшүнө көңүл буруу болуп саналат. Ушунун баардыгына биз биргелешип таасир эте алабыз деп мен ишенем.

Сени эмне шыктандырат?
Жаратылыш — Күндүн чыгышынын жана батышынын сулуулугу, куштардын сайрашы, радуга, кар менен жабылган тоо чокулары, ар түрдүү ачык түстөгү гүлдөр... Бул тизмени чексиз уланта берүүгө болот.
 

 Капуцина Мартин-Фиппс

Илим жана инновациялар боюнча Улуу директор

Менин командам биз продуктулар жөнүндө кандай айтып берерибизди аныктайт. Биз Oriflameдин жана биздин каражаттардын илимий тарыхын эң түшүнүктүү жол менен айтып беребиз. Биздин продуктулар биздин убадалардын аткарылып жатканына ишеним алуу үчүн биз изилдөөлөр жана өнүктүрүү борборунун ар кандай бөлүмдөрү менен иштейбиз.

Сен эмне менен сыймыктанасың?
Мен ушул индустрияда иштеген бардык он жылдын ичинде ал өчпөгөн жаңы ачылыштарды самаганымдын жана узак кыйын иштин натыйжасында алынган экспертизам менен сыймыктанам.

Ушул ишиң сага эмнеси менен көбүрөөк жагат?
Күн сайын Oriflameдеги ар кандай командалар менен маектешүү— дегеле мен сыяктуу жаратылыштан эле ар нерсеге кызыккан адам үчүн жөн гана баа жеткис тажрыйба! Биз бардыгыбыз— ушундай кереметтүү сонун продуктуларды жараткан чоң команданын бир бөлүгүбүз деген сезим мени шыктандырат.

Сен эмне үчүн Oriflameде иштейсиң?
Мен косметиканы эң жакшы көрөм, жана Oriflameдеги менин кумарлануум консультанттарга жана керектөөчүлөргө пайда алып келе ала турганы үчүн иштейм.

Сен үчүн сенин жашооңдо эң башкысы эмне?
Баланс — бардыгынын ачкычы мына ушул. Мага мен жасап жаткан иштер, мен ал ишти бирге жасаган элдер менен эмоционалдуу байланышты сезип турушум керек. Ушундайча мен өзүмдүн жашоомдун маңызын толуктайм.

 

Доктор Кормак Бирн (илимдер кандидаты)
Илим жана инновациялар боюнча Улуу директор

Мен Wellness категориясындагы товарларды изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жетектейм. Менин башкы максатым— биздин керектөөчүлөрдүн жашоосун ден-соолукта жана бактылуу кылган жаңы продуктуларды ойлоп табуу, түзүү жана чыгаруу.

Ишиңде сага кайсынысы баарынан кызыктуураак деп ойлойсуң?
Мен 2017-2018-жылдары Wellness категориясындагы продуктуларды изилдөө жана иштеп чыгуу үчүн лабораториясын түзүү процессине катышканыма кубанычтамын.

Сенин ишиңде сага эмнеси көбүрөөк жагат?
Менин ишим ар түрдүү, ошондуктан ал кызыктуу! Продукциялар жана тапшырмалар бири-бирине окшошпойт. Oriflameде күн сайын бир нерселер өзгөрүп турат.

Сен эмне үчүн Oriflameде иштейсиң?
Мен Oriflameде укмуштуудай сонун адамдар иштешет деп эсептейм! Компаниянын кайсы бөлүмүнө— европалык, индиялык, кытайлык— бөлүмдөрүнө барсам да, мен ар дайым досчул, жогорку кесипкөй жана өздөрүнүн ишин сүйгөн жалындуу адистерди жолуктурам. Так ошолор биздин уникалдуу корпоративдик маданиятыбызды жаратышат.

Сени ким шыктандырат?
Мен парустук спортту жана хайкингди жакшы көрөм, ошондой эле жээк коргоочуларынын, суулардагы жана тоолордогу Куткаруу Королдук Коомунун волонтерлору— алар башкалардын өмүрүн сактоо үчүн өз өмүрүн тобокелге салган жөнөкөй эле адамдар мени шыктандырат.

Сириль Мессара

Ori-Derm тестирлөө борборунун Улуу илимий кызматкери

Биздин каражаттардын курамы канчалык деңгээлде натыйжалуу экендигин мен текшерип турам. Мындан тышкары, биздин продуктуларды бүткүл дүйнө жүзүндөгү керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына ылайыкташтыруу максатында ар кайсы улуттагы адамдардын терисинин өзгөчөлүктөрүн изилдейм.

Сен эмне менен сыймыктанасың?
Мен өзүмдүн иш тажрыйбамдын негизинде бир нече макала жаздым, аларды илимий коомчулук жогору баалады. Бул менин ишим үчүн болгон эң сонун сыйлык!

Сенин ишиң сага эмнеси менен көбүрөөк жагат?
Кытайдагы ири клиникалык тестирлөөлөрдү уюштуруу жана координациялоо жагат. Бул эң чоң көлөмдөгү жумуш, бирок аны аткаруу кызыктуу жана жагымдуу. Биз аларды талдоо жүргүзүү абдан кыйын жана ошол эле учурда кызыктуу да болгон көптөгөн маалыматтарды чогулттук.

Сен эмне үчүн Oriflameде иштейсиң?
Кызматкерлердин жыргалчылыгы— Oriflame компаниясынын негизги баалуулуктарынын бири болуп саналат. Мындан тышкары, ал бардыгыбыздын күнүмдүк жашообуздун бөлүгү болгон саналган косметиканы жасоодо мен өзүмдүн маанилүүлүгүмдү сезем.

Сени эмне шыктандырат?
Саякаттоо жана тааныш эмес маданияттар менен таанышуу. Бул мен эмне иш кылгым келсе, так ошону өзү экенин мен бала чагымдан эле билчүмүн жана Oriflame компаниясы мага ушундай мүмкүнчүлүктү берди.

 

 

Эмили Уилан
Илим жана инновациялар боюнча Улуу директор

Мен биздин декоративдүү косметиканын курамына илимий жаңылыктарды киргизем. Акыркы заманбап технологиялар менен иштөө жана келечектин продуктуларын түзүү— ушулардын өзү эле, таасирлүү эмес бекен?

Сен эмне менен сыймыктанасың?
Мен Oriflameде камкордук көрүү формуласы менен декоративдүү косметиканы түзгөн биринчи химик болдум. Биз муну жасагандардын биринчилеринен болуп калдык жана биздин The ONE Everlasting Foundation тоналдык негизибиз үчүн көптөгөн сыйлыктарды алдык.

Сен азыр эмненин үстүндө иштеп жатасың?
Биздин миссия— косметикага тиешелүү болгон бардык нерселерде илимдеги алдыңкы ордунда болуу. Азыр биз нейрокосметиканы— тери менен мээнин ортосундагы байланышты, алар биздин көптөгөн сезимдерге— сезүү жана жыт билүүдөн тартып көрүү жана даамды сезүүгө чейинки— сезимдерге таасирин тийгизе турган инновациялык технологияларды— изилдеп жатабыз.

Сенин ишиң сага эмнеси менен көбүрөөк жагат?
Биз декоративдик косметикада инновациялар боюнча воркшопторду үзгүлтүксүз өткөрүп турабыз жана мен үчүн бул жыл сайын жылдын жакшы окуясы болуп турат! Дал ушул иш-чарада команданын ар бир мүчөсүнүн чыгармачылыгы жана кумары жаңы деңгээлге көтөрүлүп турат.

Сен үчүн сенин жашооңдо эң башкысы эмне?
Мен баарыбыз өз кызыкчылыгыбыз үчүн гана эмес, ошондой эле бул дүйнөгө, табиятка жана башка адамдардын жашоосуна таасир берүү үчүн жашайбыз деп ишенем.

Габриэла Зуанацци
Илим жана инновациялар боюнча Улуу директор

Мен— териге амкордук көрүү боюнча каражаттар үчүн ал жаңы формулаларды түзүүчү, химикмин. Эффективдүү жана колдонууда жагымдуу каражаттарды— түзүү үчүн ингредиенттерди айкалыштыруу— бул абдан кызыктуу иш.

Сен азыр эмненин үстүндө иштеп жатасың?
Мен азыр максималдуу нукура табигый курамдагы каражаттарды— анын ичинде балдар үчүн жаңы линия түзүү үчүн каражаттарды жаратам.

Сенин ишиң сага эмнеси менен көбүрөөк жагат?
Биздин кардарлар эмнени каалаарын түшүнүү жана алардын муктаждыктарын алар канааттандыра турган жана дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдардын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү болгон продуктуларды түзүү.

Сен эмне үчүн Oriflameде иштейсиң?
Мага мультимаданияттуу чөйрөдө иштөө жана тажрыйбамды ар кандай кесиптеги адистер менен бөлүшүү жагат.

Сен үчүн сенин жашооңдо эң башкысы эмне?
Мен үчүн дениңдин сактыгы жана бактылуу жашоонун сыры— бардык нерседе тең салмактуулук (баланс).

 

Доктор Гаррет Морган ( илимдер кандидаты)
Илим жана инновациялар боюнча Улуу директор

Мен дүйнө жүзү боюнча Oriflame продуктуларынын коопсуздугу үчүн жооп берем жана алар ар кайсы өлкөлөрдүн талаптарына жана стандарттарына дал келээрин текшерем.

Сен эмне менен сыймыктанасың?
Мен коопсуздук жана мыйзамдык ченемдер боюнча эксперттердин толук энтузиазмында команданын мүчөсү болгонума сыймыктанам.

Сенин ишиң сага эмнеси менен көбүрөөк жагат?
Мен күн сайын бүткүл дүйнөдөгү элдер менен иштешкеним жана биздин продуктулар ар кандай рыноктордун коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсүн текшерип турганым үчүн бактылуумун.

Сен эмне үчүн Oriflameде иштейсиң?
Oriflame адамдарды биринчи орунга коёт жана мен үчүн бул абдан маанилүү— так ошонусу үчүн мен бул жерде 15 жылдан бери иштеп келем.

Сени эмне шыктандырат?
Өзүңдүн алдыңа бардык жаңыларды жана жаңы чакырыктарды коюу жана окууну, үйрөнүүнү эч качан токтотпоо. Ушинтүү аркылуу мен өзүмдү арзырлык нерсе жасап жаткандай сезем.

Жюстин Древет

Продуктулардын коопсуздугу боюнча башкы токсиколог

Мен биздин продуктулардын курамдарындагы бардык ингредиенттердин— өзгөчө териге камкордук көрүү боюнча продуктулардын коопсуздугун баалайм.

Сенин ишиң сага эмнеси менен көбүрөөк жагат?
Күн сайын сөзсүз түрдө жаңы бир нерсе болуп турат. Биз продуктуларды башынан аягына чейин иштеп чыгабыз, жана алар рынокко чыккандан кийин да, алардын сапатына жана коопсуздугуна биздин керектөөчүлөр канчалык канааттангандыгын текшерип турабыз.

Сен эмне үчүн Oriflameде иштейсиң?
Oriflame — компаниясы бул бүткүл дүйнө үчүн ачык компания жана мага ар кайсы өлкөлөрдүн жана маданияттардын элдери менен иштөө абдан жагат. Эң негизгиси, дүйнөнүн башка бурчундагы кесиптештерим менен жолугушууну мен абдан жакшы көрөм. Мисалы, 2019-жылдын январында мен Кытайга бардым, бул абдан кызыктуу окуя болду.

Сен үчүн сенин жашооңдо эң башкысы эмне?
Мен ишенимди, достукту жана жакшы эмгекти баалайм. Мен спорттун жаңы түрлөрү менен көнүгүү жасаганды жакшы көрөм— бул мага өзүмдүн күчүмдү сынап текшерүүгө жардам берет.

Сени ким шыктандырат?
Эсиме дароо эле Симона Вейль түшөт; ал коомдук ишмер, саясатчы жана Франциядан чыккан аялдардын укуктарын коргоо боюнча күрөшүүчүсү.

Доктор Иа Хмаладзе (илимдер кандидаты)
Илим жана инновациялар боюнча Улуу директор

Мен Терини Изилдөө Борборунда иштейм жана жаңы активдүү ингредиенттерди изилдөө менен иш жүргүзөм. Мен теринин кандайча улгаярын жакшы түшүнөм жана бул мага теринин коргоочу функцияларын алар стимулдай турган жана карылык процесстерин басаңдата турган абдан эффективдүү табигый ингредиенттерди табууга мага жардам берет.

Сен эмне менен сыймыктанасың?
Мен микробиоманы изилдөө боюнча долбоорун жетектегендигиме сыймыктанам, анын башкы максаты— бардык жаш курактагы теринин сулуулугу жана жаштыгы үчүн уникалдуу продуктуларды иштеп чыгуу!

Сен эмне үчүн Oriflameде иштейсиң?
Менин экспертизам жана өзүмдүн жакшы көргөн ишиме болгон кызыгуум теринин карылыгына каршы уламдан-улам таң калыштуу жана натыйжалуу продуктуларды түзүүгө жардам берээрине ишенем.

Сен үчүн сенин жашооңдо эң башкысы эмне?
Адамдардын жашоосун өзгөртүү мен үчүн абдан маанилүү, жана биздин карылыкка каршы продуктулар так ушунун өзүн жасайт.

Сени эмне шыктандырат?
Менин шыктануумдун, эргүүмдүн башкы булагы— табият.

Доктор Наташа Уильямс О'Хэнлон (илимдер кандидаты)
Чийки заттын сапаты боюнча директор

Биздин продуктулардын курамы Oriflameдин стандарттарына жана бардык талаптарына жооп бере турганына мен байкоо жүргүзөм. Менин эмгегимдин жардамы менен биз пластикалык бөлүкчөлөрдү колдонууну токтоттук жана Love Nature каражаттарын биоажырай тургандай кылууга жетиштик.

Сен эмне менен сыймыктанасың?
Менин жактаган докторлук даражам, ошондой эле этикалык жана экологиялык жоопкерчилик принциптерине толук шайкеш келген каражаттардын линиясын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү— Oriflameде да, бүткүл дүйнө жүзү боюнча да биринчи болуп калды. Орифлэймде жана дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп саналат.

Сен Oriflameге кантип келип калганыңды айтып берчи.
Мен кандидаттык диссертациямды жазып жатканда, мен университетте иштечүмүн, бирок мен окуу жайдын имаратынан тышкары да көбүрөөк тажрыйба алууну кааладым. Ошентип мен Швециянын косметикалык компаниясынан вакансияны таптым, анын баалуулуктары толугу менен меникине туура келди жана жаратылышка, илимге жана баарлашууга болгон сүйүүмдү практика жүзүндө ишке ашырууга мүмкүндүк берди.

Эмненин үстүндө иштөө сага көбүрөөк кызыктуураак эле?
Дүйнөдөгү биринчи FairtradeTM сертификацияланган косметикалык каражаттардын эл аралык линиясын иштеп чыгуунун үстүндө иштөө. Мындан тышкары, биз алар бизге чийки заттарды камсыздап турган коомчулуктарда социалдык жана экологиялык долбоорлор менен иштешкен, дүйнөдөгү биринчи Косметиканын Калыс Соодасын өнүктүрүү Фондун түздүк.

Сен үчүн сенин жашооңдо эң башкысы эмне?
Oriflame жооптуу жана этикалык компаниянын принциптерин сактагандыгына күнүгө байкоо жүргүзүү. Эки боорукер, чынчыл жана күчтүү кыздарды тарбиялап өстүрүү. 

Доктор Сюзанна Фабр (илимдер кандидаты)
Терини Изилдөө Борборунун директору

Мен Терини Изилдөө Борборун жетектейм жана менин максатым— алар терини айлана-чөйрөнүн агрессивдүү таасиринен коргой турган, карылык процесстерин басаңдатуучу жана табигый сулуулугун баса көрсөтө турган нукура табигый активдүү ингредиенттерди табуу.

Сен Oriflameге кантип келип калганыңды айтып берчи.
Мен адамдын табиятын түшүнүүгө, ага өтө кызыккан биологмун. Өзүмдүн кызыкчылыктарымды жана өзүм үчүн жаңы чөйрөдө өзүмдүн лидерлик сапаттарымды колдонууга карата шансты алганымда, ушундай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргым келген жок.

Сен эмне үчүн Oriflameде иштейсиң?
Алар өзүнүн убадаларын аткара турган сапаттуу продуктуларды жаратуучу компанияда иштөө мен үчүн маанилүү. Мындан тышкары, мен Oriflame ишмердиги элдердин ден-соолугуна жана жыргалчылыгына оң таасирин тийгизип жаткандыгы менен сыймыктанам.

Сени эмне шыктандырат?
Бардык жаңы нерселерге ачык жана дүйнөнү өзгөртүүгө даяр, чыгармачыл жана өзүнүн ишине кызыккан элдер.

Сени ким шыктандырат?
Менин кесиптештерим жана биздин консультанттар.

Биздин илимий жетишкендиктер менен биз сыймыктанабыз




Oriflameдин башкы технологиялары жана инновациялары тууралуу көбүрөөк бил