СТАТУСТУ ЖОГОРУЛАТУУ, ТӨМӨНДӨТҮҮ ЖАНА КАЙРА КАТТОО САЯСАТЫ
КАТЫШУУЧУ
1. Катышуучунун каттоо жазуусу катталган/деӊгээли төмөндөгөн (жагдайларга жараша) же акыркы буйрутма (кайсысы кийинчерээк болсо) жайгаштырылган күндөн тартып 3 календардык жыл бою Oriflame тутумдары активдүү бойдон калат.
2. Катышуучу 6 ай аракетсиз болгондон кийин же эч кандай буйрутмаларды жайгаштырбаса, алкаттоо жазуунун номери жана буйрутмалардын тарыхы сыяктуу каттоо жазуу менен байланышкан маалыматтарды сактоо менен, ошол эле атты, электрондук почта дарегин жана уюлдук телефонун колдонуп, жаӊы Демөөрчүнүн алдына кайра катталса болот.
3. Бул учурда, эски каттоо жазуу (жогоруда 1-пунктта сүрөттөлгөндөй дагы эле активдүү болгон) жабылат жана бардык төмөн турган түзүм баштапкы демөөрчүлүк линиясында кала берет.
4. Катышуучу каалаган убакта Орифлэймдин сайтында көрсөтүлгөн административдик төлөмдү төлөө менен Бренд өнөктөшү болот.
5. Бренд өнөктөшүнүн статусуна сурам боюнча административдик жыйымдар сиздин сатып алуу себетиӊизге кошулат, ал эми статусту жогорулатуу административдик жыйым толугу менен төлөнгөндөн кийин гана күчүнө кирет. Бренд өнөктөшүнүн келишими менен байланышкан бардык артыкчылыктар ошол эле буйрутмада жеткиликтү.
БРЕНД ӨНӨКТӨШҮ
1. Жылдык административдик жыйым Орифлэймдин сайтында көрсөтүлгөн суммада алынат (каттоо учурунда жана жыл сайын). Бул чыгымдар биринчи сатып алууда эсепке кошулат.
2. Бренд Өнөктөшүнүн мүчөлүгү автоматтык түрдө токтотулат: (i) Бренд Өнөктөшүнүн Жоболоруна жана Шарттарына ылайык узартылбаса, катталган күндөн тартып бир жылдан кийин; же (ii) эгерде Бренд өнөктөшү 12 ай катары менен буйрутма жайгаштырбаса.
3. Бренд өнөктөшү мүчөлүгүн узартпаса, анын Бренд өнөктөшү менен келишими автоматтык түрдө токтотулат, бирок ал Онлайн-кардарлардын жана катышуучулардын Жоболоруна жана шарттарына жана Орифлэймдин өнүмдөрүн сатып алууну улантууга мүмкүндүк берген Онлайн-кардарлар жана Катышуучулар үчүн Купуялык саясатка ылайык катталган бойдон калат. Мындан тышкары, анын төмөн турган түзүмү баштапкы демөөрчүлүк линиясында калат.