Үй-бүлөлүк жаңы жыл: биздин идеялар

Алдыда көптөн бери күткөн майрамдар жана узун каникул келе жатат. Ар жыл сайын биз жаңы жылды өзгөчө тособуз деп өзүбүзгө сөз беребиз, а кийин бошко кеткен убакытыбыз үчүн өкүнүп калабыз: план жок болсо, анда дароо эле диван жана телешоу сиздин план болуп калат. Биз бир нече идеяларды чогулттук, аларды жалгыз эле же бүт үй-бүлө менен бирге ишке ашырууга болот: сен чынында эле зерикпейсиң!

Эстелик үчүн альбом жасаңыз

Мындан он жыл мурда эле биз бүт үй-бүлөбүз менен чогулуп алып мурдагы жакшы жылуу  учурларды эстеп, сүрөт альбомдорун барактап карап чыгуучу элек. Эми, биздин санариптик доордо сүрөттөр телефон аппаратынын эстутумунда сакталган бойдон калат, андан кийин алар унутулат. Эски салтты эстеп колдонууга убакыт келди окшойт. Жакшы түшкөн сүрөттөрдү сүрөт салонунан же кадимки эле принтерден басып чыгар жана картондон жасалган барактары менен альбомду ал жана өтүп кеткен жылдын күндөлүгүн түз. Бул процесске бүт үй-бүлөнү ишке тарт: балдар сүрөттөрдү тартышса болот, сүрөттөрдү кесип, аларды альбомго чапташса да болот. Альбомдун барактарын кооздоо үчун ар түрдүү декор: чаптамалар, мончоктор, ленталар жарай берет. А балким, сиз бир кезде  сейилдөөдө жүрүп алып келип китептин барактарынын арасына салып, кургатылган гүлдөр же күзгү жалбырактар бар болуп жүрбөсүн?  

Ар бир адам сурөттөрун карап туруп өзүнүн эскерүүлөрүн жазсын: бул күн кандай өттү жана сизди эмне бактылуу кылды, ошону баяндап жазыңыз. Сиздин жашоонун ушул бөлүгүн кийинки жашоону таза барактан баштоо үчүн бул баракты жап коюңуз. Ал дагы ушундай эле жаркын-жарык болсун!

Жаңы жылдык киномарафон уюштурунуз

Күнүмдүк жашоодогу чуулардан эс алууга жана жөн эле кино көрүү үчүн убакытты сейрек учурда  табууга болот. Ошондуктан эмне үчүн чыныгы кино көрсөтүүлөрдү уюштурууга болбосун! Абдан жайлуу жаңы жылдык комедияны тандап алыңыз, жууркандарды жана жаздыктарды камдап алыңыздар. Ппрограммага аз дегенде бир мультфильм киргизиңиз – ага балдар абдан ыраазы болушат. Жаңы жылдык азыктарды: морс, имбир пряниктерин, зефиркалар менен какао  даярдап алыңыз. Эми болсо бүт дүйнө жүзү күтүп турсун!

Үйгө кут киргизиңиз

Интерьерди бүт үй-бүлөбүз менен болгону бир нече саттын ичинде, шаңдуу жана арзан эле жаңылап коюга болот. Мейкиндикти кооздоо – жаңы жылдык маанай тузүүнүн эң жакшы ыкмасы. Жакынкы эле жерде жайгашкан эмерек дүкөнүнө барып, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнө эмне жакса, ошону тандап алсын. Жаңы жаздыктар, шамдар же жарык берүүчу гирлянды арзан эле турат, бирок батирдин көрүнүшүн кескин түрдө өзгөртүүгө болот. Өзгөчө майрамдык дасторкон сатып алыңыз. Аны жаңы жылдык дасторкон үчүн сактап койсо болот - же айрым учурда кечки тамактанууда аны салуу үчүн чыгарып колдонууга болот. Эми ар бир күн өзгөчө майрамдагыдай  болсун!

 

… бирок мындай жашоодон анда-санда чыгып туруңуз

Жаңы жылдык майрамда жеңил эле үйдө отуруп калууга болот. Активдүү бол! Шаардык муз тебүүчү жайга  жөнөңүз, кар ыргытып ойноңуз, , чана тебиңиз, кышкы спорттун түрлөрүн  үйрөнүүгө аракеттениңиз. Жылуу эле жерде болгуңуз келеби? Анда жергиликтүү музейлердин сайттарын ачыңыз: каникул күндөрү айрым экспозицияларга акысыз эле киргизишет. Дагы бир сонун вариант - балдардын спектакли же балатысы.

 

Башка өлкөнүн салттарынын күнүн уюштуруңуз
Эгерде сиз бул жаңы жылдык майрамдарда эч жакка барбай турган болсоңуз, үйдөн чыкпай туруп саякаттоонун эң сонун ыкмасы. Башка өлкөнүн, -  мисалы, Швециянын салттарынын күнүн уюштуруңуз.   Ушул өлкөнүн түстөрдүндөгү кийимдерди кийиниңиз, алардын фирмалык  тамактарын даярдаңыз, жергиликтүү аткаруучулардын аткаруусундагы ырларды угуңуз.  Өлкөнүн тарыхы тууралуу көбүрөөк билиңиз, алардын майрамдык салттарын билиңиз жана аларды колдонуп да көрүңүз, так ошол жерде болгон окуя тууралуу кино көрүңүз. Чындыгында эле башка элдин маданиятына чөмүлүп каласыз. 

SPA-процедуралар менен жыргалга батыңыздар

Иш күндөрү сүйүктүү бьюти-ритуалдарды басып баратып жасоого туура келет – ага карабастан майрам күндөрү эч жакка шашпайсың, ошонусу менен жагымдуу. Жыпар жыттуу жылуу ваннага түшүңүз, бетиңизге  сүйүктүү бет маскасын жасаңыз, - деги эле көптөн бери улам кийинкиге калтырып келгендердин баарын жасаңыз. Суу процедураларын жасагандан кийин жаркылдаган бөлүкчөлөр менен дене үчүн майды сүйкөңүз: Жаркылдаганга жараша жаркыраш керек! Ал эми мисалы, үй-бүлөнүн кичинекей мүчөлөрү болсо, алардын сүйүктүү каармандары менен жасалган самын жана көбүк сууга деле ыраазы болушат.  

Текст: Сүрөт: Oriflame