Waunt’ту тосуп ал – макияж эффекти бар кам кɵрүүчү косметиканын жаңы бренди!

Сен болуп кɵрбɵгɵндɵй жаркырап, жаңы табигый образдарың менен бардыгын таң калтырууну каалайсыңбы? Анда бизде сен үчүн жакшы жаңылык бар! Таанышып ал, бул Waunt – макияж эффекти менен кам кɵрүүчү косметиканын жаңы бренди! Ар бир ɵнүмдүн негизинде – инновациялык технология жана териңди бактылуу кыла турган активдүү таасир берүүчү компоненттер. Кененирээк билгиң келеби? Тезирээк оку!

img-1.gif

«Макияж эффекти бар кам кɵрүү» деген эмне? 
Бул дал сен ойлогон нерсе: жеңил мейкап-эффекти бар кам кɵрүүчү косметика (кремдер, маскалар, мисттер ж.б.). Сен кам кɵрүүчү касиеттерге ээ, мисалы, бетти нымдандырган, макияж жасоочу ɵнүмдɵр болуп саналган  BB же CC-кремдерин колдонуп кɵрсɵң керек.  Waunt тескеринче иштейт! Биринчи кезекте ал териңе сонун кам кɵрүүнү тартуулап, андан кийин модалуу косметикалык эффекттерди: жаркыроону, майлуу жылтыратпоону, модалуу «макияжсыз макияжды» тартуулайт! 

Кемчиликтерди дароо жашыруу
Элестетип кɵрчү: сен эртең менен туруп, нымдандыруучу кремиңди, сывороткаңды бетиңе сүйкɵп алып… жумушка кете бересиң! Ал эми сенин териң абдан сонун болуп кɵрүнүп турат. Waunt’тун мейкап-касиеттери дал ушундай кɵрсɵтүлɵт. Эми сенин териң макияжсыз да кемчиликсиз болуп турат. Ал эми жеңил жаркыроо эффекти сенин бактылуу образыңды толуктайт.

Бирок, жаркыроодон тышкары, Waunt’тан күтүлгɵн эффекттердин тизмеси менен тɵмɵндɵн таанышсаң болот: 

  Прайминг – макияждын алдына идеалдуу база түзүү
  Блюрринг – кемчиликтерди жашыруу
  Түстү тегиздɵɵ – пигменттер жылмакай жабууну камсыздайт
  Жылмалоо – теринин текстурасын жакшыртуу
  Жылтылдоо эффекти – жылтылдаган бɵлүкчɵлɵрдүн жана упалардын аркасы менен
  Жаркыроо эффекти – нымдандыруунун, майлардын жана жаркыроочу бɵлүктɵрдүн эсебинен 
  Жылтыратпоочу эффект – теринин майлуулугун тɵмɵндɵтүүчү упалардын эсебинен

 

Нымдандыруунун жаңы деңгээли
Териге кам кɵрүү – бул ар дайым нымдандыруу жɵнүндɵ. Жана Waunt бул планда абдан жакшы жардам берет! 
Ар бир ɵнүмдүн негизинде ¬– Hydrosphere ɵзгɵчɵ технологиясы бар: ал теринин коргоочу функцияларын жогорулатып, нымды жоготууну ичинен алдын алып, сыртынан нымды жай бошотуп, 24 саатка клиникалык жактан тастыкталган нымдандырууну тартуулаган аква-плёнканы түзɵт. 

Эми сен макияж эффекти бар кам кɵрүү жɵнүндɵ билип алгандан кийин, эң кызыктуусуна ɵтɵлү: бул косметиканы кантип колдонуу керек? Жообу эң жɵнɵкɵй: сен  Waunt’ту каалагандай: ɵзүнчɵ, бирге же кайталангыс образдарды жаратуу үчүн ар кандай айкалыштарда каалагандай колдонсоң болот: 

Табигый жаркыроо 
Мисалы, эгерде сен нымданган теринин жана табигый жаркыроонун эффектин алгың келсе, «Калыбына келтирүү эффекти» түнкү маскасын, «Дароо нымдандыруу эффекти» бетке арналган крем-гелин жана «Тегиздɵɵчү эффект» макияждын алдына арналган базасын айкалыштырсаң болот. Бул ɵнүмдɵр биригип күчтүү нумдандыруу зарядын тартуулап, жаркыроочу бɵлүкчɵлɵрдүн аркасы менен жаркыроо кошот. Ал эми макияждын алдына колдонулуучу база териңе жаркыроо берип, бирок майлуу жалтыратпаган ɵзгɵчɵ майларды камтыйт!  

img-3.jpg 

Жалтырабаган тери
 Эгер териде кызаруу, тегизсиздиктер бар болсо, «Жаркыроо эффекти» тонер-мистин, Waunt «Сергек кɵз караш эффекти» кɵздүн айланасындагы териге арналган стикти жана «Дзен-эффект» күндүзгү кремин айкалыштыр. Алар биригип, териңди азыктандырып, теринин гидратациясын жакшыртып, жумшак жарым жалтыратпоочу фиништин эсебинен теринин түсүн тегиздеп, кызарууларды кыскартат. 

Толук табигыйлуулук
Эгер мейкап-эффекттерге маанайың жок болсо, териңдин кооздугун жɵн гана «Ɵзгɵрүү эффекти» бетке арналган тазадоочу бальзамынын, «Эффекттүү тазалоо» жылытуучу маскасынын жана «Жаркыроо эффекти» бетке арналган тонер-мистинин жардамы менен баса белгилеп койсоң болот. Бул ɵнүмдɵр терең тазалоону, азыктандырууну камсыздап, териңдин табигый жаркыроосун күчɵтүп, терини тынчтандырып, сергитет.  

Жыйынтыктарды чыгаралы: макияж эффекти менен кам кɵрүү – бул ыңгайлуу жана заманбап. Бул каражаттар кɵптɵгɵн мүмкүнчүлүктɵрдү ачат: сен аларды бир гана териге кам кɵрүү үчүн же модалуу «макияжсыз макияжды» жаратуу үчүн колдонсоң болот. Кайсынысын тандасаң да, бул баары бир териң үчүн пайдалуу болуп, ага эң азында мыкты нымданууну жана бактылуу кɵрүнүштү тартуулайт. 

Демек, Waunt шыктандырдыбы? Анда тезинен шопингге жɵнɵ!

Текст: