NovAge ProCeuticals деген эмне

Кээде териге кам көрүү үчүн бир гана өнүм анын абалын жана тышкы көрүнүшүн толугу менен өзгөртүп коюшу мүмкүн. NovAge ProCeuticals – бул теринин белгилүү бир көйгөйлөрүн чечүүгө жана көз көрүнөө натыйжаларга жетүүгө багытталган эффективдүү каражаттардын бүтүндөй сериясы. Алардын кандай иштээри жөнүндө кененирээк билип ал!

H2: ProCeuticals линейкасынан өз каражатыңды танда!
Териң менен болгон көйгөйлөрдүн кеңири спектрин чечүүгө жардам берүү үчүн, линейканын ар бир өнүмү күчтүү активдүү ингредиенттин таасирине негизделген. Жагымдуу жаңылык: каалаган ProCeuticals каражатыңды кадимки кам көрүүңө убактылуу кошуп, зарылчылыгы боюнча колдонсоң болот. Сенин териңдин керектөөлөрүнө кайсы өнүм жооп берээрин билүүнү чыдамсыздык  менен күтүп жатасыңбы? Анда кел, алар менен жакыныраак таанышып чыгалы! 

10% С витамини кошулган сыворотка

Эгер сенде:  
Гиперпигментация же тегиз эмес түстүн башка белгилери болсо 

Биздин чечим
Интенсивный 4-недельный курс с витамином С витамини (10%) жана суу негизиндеги тынчтандыруучу гель кошулган интенсивдүү 4 жумалык курс. С витамини теринин түсүн тегиз жана жаркырак кылуу үчүн, ашыкча меланиндин иштелип чыгышын басаңдатып, терини УФ-нурлануу жана кычкылдантуучу стресс менен чакырылган бузулуулардан коргойт. Инновациялык таңгагынын аркасы менен ал транспорттоочу гель менен банкасынан эле аралашып, териге болушунча жаңы, концентрацияланган жана активдүү болуп сиңет.

Кантип колдонуу керек
Каражатты күнүнө 1 жолу кечинде тазалоодон кийин сүйкө. Бир таңгактын ичинде 4 флакон сыворотка камтылган жана ал 4 жумалык колдонууга эсептелген. Колдонуу  учурунда ретинол жана кислоталар кошулган каражаттарды колдонуудан баш тарт.

Артыкчылыктары

  • Меланиндин ашыкча иштелип чыгышын басаңдатат
  • Гиперпигментацияны жана тегиз эмес түстүн башка белгилерин кыскартат
  • Теринин түсүн тегиздеп, ага жаркыроо тартуулайт

Ниацинамид жана центелла экстракты кошулган бетке арналган жаңылоочу маскасы

Эгер сенин
Териң күңүрт жана коргоочу барьериң алсызданган болсо 

Биздин чечим: 
Ниацинамид (2%) жана табигый азия центелласынын экстракты кошулган биоцеллюлозадан жасалган тынчтандыруучу жана интенсивдүү нымдандыруучу маска. Айыктыруучу касиеттери менен белгилүү болгон азия центелласы коллагендин синтезин өбөлгөлөп, терини тынчтандырып, калыбына келтирүү үчүн, клеткалык активдүүлүктү жогорулатат. Ниацинамид коргоочу функцияларды жакшыртып, териге саламат жаркыроо тартуулайт.

Кантип колдонуу керек? 
Териге кошумча калыбына келтирүү зарыл болгондо, каалаган убакта тазалоодон кийин 15-20 мүнөткө сүйкө.

Артыкчылыктары:
•Күңүрт жана суусузданган териге дароо жаркыроону кайтарып берет 
•Терини дароо калыбына келтирет
•Тынчтандырып, жумшартат

Ретинол кошулган карылыкка каршы таасир берүүчү сыворотка-концентрат

Эгер сенин: 
Мимикалык жана терең бырыштарың болсо 

Биздин чечим: 
Ретинол (1,1%) кошулган карылыкка каршы кам көрүү, ал көптөгөн маселелерди, анын ичинде бырыштарга каршы күрөшүү жана теринин текстурасын тегиздөө көйгөйүн чечүүгө жөндөмдүү. Ал коллагендин синтезин жана теринин жаңылануусун өбөлгөлөйт да, ошону менен бирге мимикалык жана терең бырыштарды жазат. Биздин сывороткадагы ретинол инкапсуляцияланган: ал териге коргоочу полимердик кабыгы менен кирип, болушунча натыйжаны камсыздайт. 

Кантип колдонуу керек? 
Каражатты күнүнө бир жолу эртең менен же кечинде, тазалоодон кийин сүйкө. Мыкты натыйжага жетишүү үчүн аны 4-8 жумалык курсу менен колдон. Колдонуу мезгилинде күндүз SPF кошулган каражаттарды колдонуп, күнгө чыгууну чектеп, кислоталар жана С витамини кошулган каражаттардан баш тарт.  

Артыкчылыктары: 
•Бырыштарды азайтып, клетка деңгээлинде таасир берет
•Терини серпилгич кылып, дермадагы нымдануу деңгээлин жогорулатат 
•Теринин жаңылануусуна өбөлгө түзөт – ал салыштырмалуу саламат көрүнөт  

AHA-кислоталар кошулган терини жаңылоого арналган сыворотка-пилинг

Эгер сенин: 
Териңдин текстурасы тегиз болбой, пораларың билинип турса
Биздин чечим: 
Сүт (3%) жана гликоль (3%) альфа-гидрокислоталарынын (АНА)негизиндеги эксфолиант, ал териге үстүртөн жасалган химиялык пилинг сыяктуу таасир берет. AHA-кислоталар – бул өлгөн клеткаларды кабырчыктандырып, табигый жаңыланууга өбөлгө түзгөн табигый заттар. Бул процесс териге жаркыроону кайтарып берип, бырыштардын, кеңейген поралардын, пигментациянын жана башка кемчиликтердин көзгө көрүнүшүн азайтат.
Кантип колдонуу керек? 
Каражатты жумасына 1-2 жолу кечинде, тазалоодон кийин сүйкө. Мыкты натыйжа алуу үчүн, 4-6 жумалык курсу менен колдон. Колдонуу мезгилинде күндүз SPF кошулган каражаттарды колдонуп, күнгө чыгууну чекте.
Артыкчылыктары: 
•Пораларды көз көрүнөө ичкертет, терини күңүрт түсүн жоготот
•Теринин бетин тегиздеп, текстурасын жакшыртат 
•Терини клеткалык деңгээлде жаңылап, бетке саламат жаркыроону тартуулайт 

Пептиддер кошулган серпилгичтикти жогорулатууга арналган сыворотка-концентрат

Эгер сенин: 
Териңдин тонусу жоголуп, ал былбырак болуп калса 

Биздин чечим: 
Терини тартуу жана бекемдөө үчүн өсүмдүк пептиддер (0,5%) жана Tensor Mesh Active (4%) комплекси кошулган 7 күндүк интенсивдүү курс. Өсүмдүк пептиддер былбыроо жана бырыштар сыяктуу картаюунун белгилерине каршы күрөшүп, коллагендин иштелип чыгышын колдойт, ал эми тензорлордун комплекси дароо лифтинг-эффектин тартуулайт.  

Кантип колдонуу керект? 
Тазалоодон кийин ампуланын жарымын эртең менен, экинчи жарымын – кечинде сүйкөп, күндө эки маал колдон. Бир таңгакта 7 ампула сыворотка бар жана ал 1 жума колдонууга эсептелген. Колдонуу учурунда ретинол жана кислоталар кошулган каражаттарды колдонуудан баш тарт.  
Артыкчылыктары: 
•Дароо жана 7 күндүн ичинде терини бекемдеп, тартат
•Коллагендин иштелип чыгышына өбөлгө түзөт
•Бырыштар салыштырмалуу байкалбай калат 

Өзүң үчүн активдүү ингредиенттердин күчүн ачууга даярсыңбыNovAge ProCeuticals жаңы линейкасы жөнүндө кененирээк маалымат ал. «Навстречу переменам» бьюти-марафонуна кошулуп, алдыңкы эксперттер менен бирге өзүң жана териң жөнүндө көбүрөөк билип ал.

Текст: