Тамак алмаштыруучулары жөнүндө 4 миф

Космос саякаттары тууралуу тасмалардын атрибуттарыбы же татаал жашоо ыргагына жооп бере турган толук кандуу тамактануубу? Салмак таштоонун тез жана узакка созулбаган ыкмасыбы же каалаган фигурага жетишип, натыйжаны сактообу? Сен тамак алмаштыруучулары жөнүндө угуп, колдонуп көрүүнү ойлонуп жатсаң керек. Кел, ар бир мифти ачыктоого аракет жасап көрөлү.

№1-миф: Алар такыр даамдуу эмес
Тамак алмаштыруучулар жөнүндө ойлонууда, оюбузга дароо паста сымал консистенциядагы даамы жок нерсе келет. Мындай өнүмдөр артта калды! Заманбап тамак алмаштыруучулар, адатынча, ар кандай даам варианттарына ээ (мисалы, ваниль же шоколад) жана табитти ачуучу коктейлдердин, тоюмдуу шорполордун же батончиктердин түрүндө чыгып, рационуңду ар түрдүү кылуу үчүн өзүңө жакканын тандоого мүмкүндүк берет.

№2-миф: Алар толук чектөөлөрдү жаратат
Көбүнчө адамдар тамак алмаштыруучулары менен үзгүлтүксүз тамактануу керек болгондуктан достор менен жагымдуу кече өткөрүү же өзүңө жаккан жаңы ресторанда тамактануу кыйынчылык туудурат деп ойлошот. Кабатырланба, бул мифти расмий түрдө ачыкталды десек болот! Заманбап өнүмдөр, анын ичинде салмакты көзөмөлдөөгө арналган азыктандыруучу коктейль сенин керектөөлөрүңдү жана тандоолоруңду эске алуу менен иштелип чыккан, жана албетте, ар бир тамактанууну алмаштырууга арналган эмес. 

Салмагыңды сактоого же таштоого жараша, аны менен бир же эки тамактанууңду алмаштыр. Каалаган натыйжага жетишүү үчүн рационуң баланстуу болуп, белокко жана азык булаларына бай болуп, колдонулган калориялардын саны боюнча чектелүүсү керек экенин эсиңен чыгарба.

№3-миф: Бул убактылуу гана чечим 
Биздин салмак көзөмөлдөөгө арналган Азыктандыруучу коктейлибиз сыяктуу тамак алмаштыруучулары сага салмакты узакка чейин төмөндөтүүнүн жана сактоонун коопсуз жана ыңгайлуу ыкмасын берүүгө арналган. Дагы эле ишенбей жатасыңбы? Obesity Reviews медициналык журналында жарыяланган изилдөөдө мындай деп жазылган: «Калорияларды чектөө менен тамак алмаштыруучуларын диетага кошуу салмак таштоодо узак мөөнөттүү ийгиликти камсыздарынын илимий далилдери бар. Тамак алмаштыруучулары, төмөн калориялуу диетаны так кармоонун аркасы менен өз алдынча арыктоого салыштырмалуу жакшыраак иштешет. Салмакты төмөндөтүү боюнча дагы таасирлентүүчү натыйжалар тамак алмаштыруучуларын жүрүм-турумдун өзгөрүүсү жана коомдоштуктун колдоосу менен айкалыштырууда байкалат.

Мында тамак алмаштыруучулары нутриенттердин саны боюнча балансталган, бирок кадимки түшкү же кечки тамакка салыштырмалуу, азыраак калория камтыйт. Аны даярдоо оңой, жана күн ичинде азыраак зыяндуу тамактануу үчүн, жаныңа алып жүрүүгө ыңгайлуу. Бардыгы саат сыяктуу иштеп жатканда, жаңы адат оңой эле жашоо образынын бир бөлүгү болуп калат. Тамак алмаштыруучуларынын ийгилик сыры мына ушунда: тамак жасоого көп убакыт жана күч жумшабастан, аларды кадимки күндүн иретине кошуу ыңгайлуу

№4-миф: Мен ар дайым ач болуп же аз тамак жеп турам – же экөө тең бирдей болот!
Маанилүү презентацияга же дем-алыш күндөргө болгон сонун пландарга көңүл коюунун ордуна, аш-казандын карышуусуна жана кийинки тамактанууну элестетүүгө алаксуудан жаман эч нерсе жок («сураныч, фри картөшкөсүнөн көбүрөөк»). Үзгүлтүксүз түрдө ачкалык сезиминде болуу үчүн жашоо абдан кыска. Бирок, ойлордун келишпестиктерине карабастан, туура тамак алмаштыруучу сөзсүз түрдө табитиңди канааттандырып, энергияңды толуктайт. Салмак көзөмөлдөөгө арналган азыктандыруучу коктейль – бул узакка чеийн токтук сезимин камсыздоо үчүн белокко жана клетчаткага, ошондой эле күн ичинде энергияны сактоо үчүн пайдалуу 23 витамин жана минералдарга бай толук кандуу тамактануу.

Зарыл болгон бардык нутриенттерди алуу менен сен өзүңдү жакшыраак сезип, салмак таштоо же сактоо боюнча өз максаттарыңа көңүл кое аласың.

 

Салмак көзөмөлдөө үчүн даамдуу коктейль жөнүндө көбүрөөк бил
Текст: