Эч кандай көйгөй жок: териңизди 4 жайкы жагымсыздыктан кантип арылтса болот

Табиятта узак сейилдөө, кумдуу пляждарда күнгө күйүү жана деңизде сүзүү – күн чыгаары менен үйдөн качып кетебиз. Бирок жайдын териңе зыян тийгизерин билесиӊби? Бул макалада биз 4 жайкы тери көйгөйлөрүн жана алардын ар бирин кантип чечүү керектигин талкуулайбыз.

Майлуу тери

Жай айларындагы ысык менен нымдуулуктун айкалышы май бездерин активдүүрөөк иштетип, көбүрөөк себум өндүрүп чыгышы мүмкүн. Бул теринин – өзгөчө май бездери көп жайгашкан беттин терисинин майлуу болушуна алып келет. Териӊ бузулбашы үчүн, биздин кеӊештерибизди сакта.

Кантип беттин майлуулугунун алдын алса болот: бетиӊди күнүнө эки жолу тазалап, жеӊил нымдандыруучу крем сүйкө.  LOVE NATURE ОРГАНИКАЛЫК ӨРҮК ЖАНА АПЕЛЬСИН КОШУЛГАН БЕТКЕ АРНАЛГАН СЕРГИТҮҮЧҮ ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТЫНжана OPTIMALS HYDRA RADIANCE АЙКАЛЫШКАН ТЕРИГЕ АРНАЛГАН КҮНДҮЗГҮ НЫМДАНДЫРУУЧУ КРЕМИН колдонуп көрүүнү сунуштайбыз.

Сезгенүүлөр

Безеткилер адатынча жайында пайда болорун билесиӊби? Мунун баары температуранын жогорулашынан болот! Сыртта ысык болгондо, тер менен кир аралашып, пораларды толтурууга алып келип, безеткилердин санын көбөйтөт.

Кантип бзеткилердин алдын алса болот: курамына безеткилерге каршы күрөшүү үчүн негизги ингрдеиент болгон салицил кислотасы кирген тазалоочу каражатты танда. Ал теринин бетин жана толгон пораларды тереӊ тазалап, өлгөн клеткалардан арылтат. Микробго каршы касиеттеринин аркасы менен ал чыккан безеткилерге чекиттүү таасир берип, жаӊыларынын пайда болуусунун алдын алат. Буларды колдонуп көрүүнү сунуштайбыз: PURE SKIN БЕТ ЖУУГА АРНАЛГАН КАРАЖАТЫ жана PURE SKIN ЧОПО КОШУЛГАН БЕТКЕ АРНАЛГАН МАСКАСЫН.

 

Күнгө күйүп калуу

Сен бул жөнүндө көп уксаӊ керек, бирок бул абдан маанилүү, андыктан бул жөнүндө сүйлөшөлү: сураныч, күндөн коргоочу кремди колдонуп, аны күн ичинде жаӊыртып тур! Канча крем сүйкөө керек экенин билбейсиӊби? Бет жана моюн үчүн жаттап алуу зарыл болгон эреже бар. Сөөмөйүӊ менен ортонуӊду жанаша коюп, алардын ортосуна манжаларыӊдын толук узундугу боюнча күндөн коргоочу кремди сыгып ал. Дене үчүн теринин бир чарчы сантиметрине 2 миллиграмм күндөн коргоочу каражатты колдонуу сунушталат (визуалдуу түрдө 1 чыны эспрессого туурала). 2 саат сайын кремди кайрадан сүйкөп турууну унутпа!

Күнгө күйүп калууга кантип жол бербөө керек: эгер териӊди күнгө күйгүзүп алуудан, пигментациянын бузулууларынан жана коллагендин бузулуусунан коргогуӊ келсе, SPF 30 жана андан жогору фактору менен күндөн коргоочу кремди танда. Андан тышкары, күндөн коргоочу крем максималдуу коргоо үчүн UVA жана UVB  эки спектрдин нурларын теӊ блокторуна ынан. Буларды колдонуп көрүүнү сунуштайбыз: ORIFLAME SUN 360 SPF 50+ КОШУЛГАН БЕТТИН ЖАНА ДЕНЕНИН СЕЗГИЧ ТЕРИСИНЕ АРНАЛГАН КҮНДӨН КОРГООЧУ КРЕМИ  жана ORIFLAME SUN 360 SPF 50 КОШУЛГАН БЕТКЕ ЖАНА ДЕНЕГЕ АРНАЛГАН КҮНДӨН КОРГООЧУ СПРЕЙИ.

Кургак жана дүүлүккөн тери

Сен күн алдында көп убакыт өткөргөндө, деӊиз суусуна түшкөндө жана кондиционерди толук кубаттуулугуна иштеткенде, териӊ кургап, дүүлүгүүсү мүмкүн.

Теринин кургоосунун жана дүүлүгүүсүнүн кантип алдын алуу керек: душка арналган жумшак гелди колдонуп, душтан кийин териӊди дароо нымдандыр. Буларды колдонууну сунуштайбыз: BEAUTANICALS ДУШКА АРНАЛГАН ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТЫ  жана BEAUTANICALS ДЕНЕГЕ АРНАЛГАН АЗЫКТАНДЫРУУЧУ ЛОСЬОНУ..